Ирандагы нааразылык акцияларында 2 миңден ашуун адам каза болду, Трамп "жардам жолдо" экенин билдирди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Иранда коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларын күч менен басуу учурунда 2 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын Адам укуктарын коргоо боюнча уюм маалымдады. Дональд Трамп болсо ирандыктарга кайрылып, аларга "жардам бара жатканын" билдирди.
Американын адам укуктары боюнча маалымат агенттиги HRANA интернет өчүрүлгөнүнө карабастан, соңку 17 күн ичинде кеминде 1 850 нааразылыкка чыккан адам, өкмөт менен байланышкан 135 адам, нааразылык акцияларына тиешеси жок тогуз жайкын тургун жана тогуз бала каза болгонун тастыктаганын билдирди.
Иран расмийлери да Reuters агенттигине маек берип, каза болгондордун саны 2 миңге жеткенин айтып, ага "террористтерди" күнөөлөдү.
Трамп шейшемби күнү кечинде Иран маселеси боюнча жыйынга катышарын айтып, каза болгондордун так санын аныктоону убада кылды.
"Өтө көп адам өмүрү кыйылганы көрүнүп турат, бирок азырынча так билбейбиз",- деди Трамп Ак үйгө кайтып келе жатып журналисттерге.
Анын айтымында, так маалыматтар алынгандан кийин, "тиешелүү чаралар көрүлөт".
Буга чейин, шейшемби күнү, Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына нааразылык акцияларында адамдардын өлүмү үчүн Иран бийлигинин "куну чоң боло турганын" жазып, элди "каршылыкты улантууга" чакырган.
"Нааразылыкка чыккан адамдардын өлтүрүлүшү токтогонго чейин ирандык расмий өкүлдөр менен бардык жолугушууларды токтоттум. ЖАРДАМ ЖОЛДО. МИГА",- деп жазган ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул жерде Трамп "Иранды кайрадан улуу кылабыз" (Make Iran Great Again) деген, АКШдагы оппозиция ураанынын аббревиатурсын пайдаланган.
Трамп нааразылык акцияларын күч менен басууга жооп иретинде аскерий жана башка чараларды карап жатат. Ал буга чейин эле Иран менен соода кылган ар бир өлкөгө 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган.
Нааразылык акциялары Ирандын бардык 31 провинциясындагы 180 шаар жана калктуу конуштарды камтып, улуттук валютанын кескин арзандашына жана жашоонун кымбатташына болгон элдин нааразычылыгынан улам башталган.
Кийинчерээк бул акциялар саясий өзгөрүүлөрдү талап кылууга айланып, 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери диний бийлик үчүн эң олуттуу сыноолордун бири болуп калды.
Өткөн жуманын бейшемби күнү нааразылык акциялары өзгөчө күчөп, интернет жана байланыш кызматтары өчүрүлүп, бийлик тарабынан өлүмгө алып келген күч колдонуу менен коштолгон.
HRANA шейшемби күнү түштөн кийин берген билдирүүсүндө, башаламандык маалында кеминде 2003 адамдын өлүмү тастыкталганын, мындан тышкары дагы 779 адамдын өлүмү тууралуу маалыматтар текшерилип жатканын билдирди.
"Биз катуу коркуп турабыз, бирок азырынча бул сан да чыныгы көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн деп эсептейбиз",- деди уюмдун директорунун орун басары Скайлар Томпсон Associated Press агенттигине.
Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) уюму кеминде 734 нааразылыкка чыккан адамдын өлүмүн тастыктаганын маалымдады.
Уюмдун жетекчиси Махмуд Амири-Могаддам AFP агенттигине берген маегинде бул сандар "өлкө провинцияларынын жарымынын азынан жана Ирандагы ооруканалардын 10 пайызынан да азынан алынган маалыматтарга негизделгенин" айтып, "чындыгында каза болгондордун саны миңдеп саналышы мүмкүн" экенин кошумчалады.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны болжол менен 2000 деп билдирген аты аталбаган ирандык расмий өкүл чоо-жайын ачыктаган эмес. Бирок, агенттик кошумчалагандай, ал демонстранттардын да, коопсуздук күчтөрүнүн да өлүмүнүн артында "террористтер" турат деп ырастаган.








