№13 шайлоо округу: депутаттык шайлоого катышуу үчүн 3 адам арыз берди

Сүрөттүн булагы, Official
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусундагы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууда. 13-январга карата үч адам арыз тапшырган:
-Арстанбеков Акылбек Советбекович (02.04.1965) – «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы.
-Маматаев Эркинбек Садирбекович (23.01.1972) – Убактылуу иштебейт.
-Асанов Уланбек Жалалович (30.11.1970) – «Эмитент виртуальных активов» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы.
Борбордук шайлоо комиссиясы эскерткендей, талапкерликке арыздар 29-январга чейин кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына белгиледи.
Эске салсак, былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №13 округдун 35 добушканасында талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө байкоочу камералар орнотулганы аныкталган. БШК бул аракеттерди "добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу" деп таап, 3-декабрдагы жыйынында округдагы жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул округдан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыгышкан. Мыйзам бузуулар боюнча негизги айыптоолор Бактыбек Сыдыковго багытталган. Бирок ал бул дооматтарды "атаандаштарынын каралоосу" деп четке каккан.
Бир катар талапкерлер БШКнын жыйынтыктарды жокко чыгаруу боюнча чечимине нааразы болуп сотко кайрылышкан. Бирок соттук инстанциялар БШКнын позициясын колдоп, талапкерлердин өтүнүчүн канааттандырган эмес.
30-ноябрдагы шайлоого катышкан талапкерлер бул жолку кайра шайлоого катыша алышпайт.
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган 87 депутаты 17-декабрда ант берип, өз иштерине киришкен. Кыргызстандагы жалпы 30 шайлоо округ бар жана ар биринен үчтөн депутат шайланат.












