Ак илбирстер жөнүндө кызыктуу фактылар

Он эки өлкөнүн өкүлдөрү Бишкекте чогулуп, ак илбирстин тукумун сактап калуунун чараларын талкуулоодо. Дүйнөдө бир нече миң гана баш ак илбирс калганы айтылат. Бул сейрек жаныбар туурасында кызыктуу фактылар:

- Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.

- Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт.

- Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.

- Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын. Окумуштуулар али күнгө талашып келишет, ак илбирстер кичи мышыктар классына киреби же ири мышыктарга киреби?

- Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.

- Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.

- Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай дакое алат.

- Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.

- Ак илбирс түрк элдери эле эмес башка элдерде да ыйыктык катары саналып, тотемдик, символикалык белгилерге айланган. Маселен Тибетте ыйык адамдар ак илбирске айланып кетишет деп ишенишет.

- Ак илбирстин сөлөкөтү бир катар өлкөлөрдүн монета, герб, мамлекеттик белгилерине түшүрүлгөн. Маселен Бишкек шаарынын гербинде да ак илбирс тартылган.