"Үйүбүздү бузса кайда барабыз". Анар-Бак конушундагы үйлөрдү бузуу убактылуу токтотулду

Анар-Бак

Сүрөттүн булагы, social media

23-январда эртең менен Бишкек шаарындагы Анар-Бак конушундагы мыйзамсыз салынган үйлөрдү бузууга муниципалдык органдар жана милиция кызматкерлери барды. Чогулган эл үйлөрдү бузууга нааразылык билдирди. Октябрь акимиатынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айтканына караганда, алар төрт үйдү бузуу үчүн келген.

"Мен 2024-жылдын мартынан бери бул жерлерге мыйзамсыз курулуш курууга тыюу салынарын эскертип келем. Бирок сиздер мени укпай, бул жерлерди саткан адамдарды уктуңуздар. Ал тургай мэриядан тактап да койгон жоксуздар", - деп белгиледи акимиаттын өкүлү.

Жолугушууда чогулган тургундар каршылык билдирип, айрыкча, кыш чилдеде үйлөрдү бузуп жатышканына нааразылыктарын айтып жатышты. Алардын билдиришинче, үйлөрдү бузуу тууралуу чечим бир күн мурда гана белгилүү болгон.

"Эмне үчүн бир күндө эле мындай чечимге келдиңиздер", - деди тургундардын бири.

Маалыматтарда 22-январда төрт үйдүн ээсине бир күн ичинде жер тилкесин бошотуу керектигин билдирген.

Жергиликтүү тургундар жерди мыйзамдуу сатып алышканын билдирип келишет. Алар атайын комиссия ишин жыйынтыктаганга чейин, тагыраагы, март айына чейин үйлөргө тийбөөнү суранышууда.

"Жолдошум каза болуп калган, үйүбүздү талкаласа кайда барабыз. Мага окшогон балалуу үй-бүлөлөр толтура. Кызыл китеби барлар камырабай отургула деп жатышат. Калгандарыбыз эмне болобуз? Биз жерди ошолор менен чогуу эле алганбыз", - деди Анар-Бак конушунун тургуну.

Октябрь районуну акими Жаныбек Орозалиев өткөн аптада Анар-Бак конушуна барып, эл менен жолугушкан. Анда жер тилкесинин мыйзамдуу экенин тастыктаган мамлекеттик актысы жок үйлөрдүн бар экени аныкталган. Райондун башчысы бул маселе боюнча - мыйзамсыз жерлерди кароо үчүн кайрадан, экинчи ирет мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Бийликтин чечими жана түшүндүрмөсү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал арада бийлик үйлөрдү бузууну жазга калтырганы маалым болду. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун айтымында, Анар-Бактагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим бар, бирок аны аткаруу мөөнөтү жылды.

"Кыштын чилдесинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулат экен деген маалыматтар Садыр Нургожоевичке жеткен. Мамлекет башчысы бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин ичинде киши бар үйлөрдү бузбоо тапшырмасын берди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да расмий билдирүү жасады: адамдар жашаган үйлөр бузулбайт. Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок бүтө элек жана эч ким жашабаган курулуштар гана алынат", — деди Орунбеков.

Октябрь районунун акиминин орун басары Марат Турсунов жана №406 МАБдын башчысы Нурсултан Нурлан уулунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын күзүндө конуштагы курулуштар эсепке алынган. Бирок 20-январда дрон менен текшерүү учурунда дагы 6 жаңы үй курулганы аныкталган. Бийлик өкүлдөрү муну мыйзам бузуу катары баалап, үйлөрдү түрттүрүү үчүн "Тазалыктын" техникасын жана милиция кызматкерлерин алып барышкан.

Анар-Бак конушунда 600 жер тилкеси бар болсо, анын 400үнө үй салынып, 200гө чукулу мунапыстын алкагында кызыл китеп алганы айтылууда.

Өлкө башчыга кат

Сүрөттүн булагы, social media

Жакында эле Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Анар-Бак конушунун тургундарынын кайрылуусу деген маалымат жарыяланган. Анда айтылганга караганда, колдорунда кызыл китеби бар жана былтыр аталган конуш "Жеке турак жай куруучу аймак" болуп саналса, быйылкы жылдын 12-январында кайра "Функционалдык зонасы белгиленбеген аймак" болуп эсептелинип калган.