Ала-Букада бир үй-бүлөдөн төрт киши иске ууланып кайтыш болду: арасында эки ымыркай бар

апап

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда көмүр исине уулануудан бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү кайтыш болду. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Окуя бүгүн, 26-январда Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде катталган. Саат 12:20 чамасында "102" кызматына үй тургундары көмүрдөн чыккан иске уулангандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен төрт адам, анын ичинде эки ымыркай кайтыш болгон:

1994-жылы туулган эркек киши (А.Д.);

2002-жылы туулган аял киши (И. кызы З.);

2024-жылы туулган кыз (С.Д.);

2025-жылы туулган кыз (С.М.).

Учурда окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тактоо жана териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кырсыктын келип чыгуу себептери экспертизанын жыйынтыгынан кийин толук белгилүү болору маалымдалды.

Декабрь айында да Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында үч наристе иске ууланып чарчап калган. Балдардын эң кичүүсү бир жашта болсо, ортончусу үч, ал эми андан чоңу алты жашта болгон. 27 жаштагы балдардын энеси менен сегиз жаштагы кызы ооруканага түшкөн.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар да көбүрөөк катталат.

Адистер кыш мезгилинде меш жагууда жана көмүр колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоо, морлорду тазалап туруу өтө маанилүү экенин эскертип келет.