"Кемсинткен билдирүү": Британия жана НАТОдогу өнөктөштөр Трамптын Ооганстанга байланыштуу сөзүнө нааразы

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Ооганстандагы британ аскерлери тууралуу Дональд Трамптын сөздөрүн "кемсинтерлик жана түз айтканда, кыжырды келтирерлик" деп баалады.
Fox News каналына берген маегинде Трамп НАТОнун союздаш күчтөрү Ооганстандагы согуштун алдыңкы катарынан алыс болууга аракет кылышканын айтты.
Трамп ошондой эле АКШ 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдан кийин Жамааттык коргонуу жөнүндө Түндүк Атлантика келишиминин 5-беренесин ("бирөө бардыгы үчүн жана бардыгы бирөө үчүн") колдонгон альянстын жалгыз мүчө мамлекети болгонуна карабастан, НАТОдогу өнөктөштөрүнө "эч качан муктаж болгон эмес" деп билдирди.
"Биз эч качан НАТОго муктаж болгон эмеспиз. Биз алардан эч качан эч нерсе сураган эмеспиз, - деди АКШнын президенти. – Алар Ооганстанга аскерин жибергенин бетке кармашы мүмкүн, бул чындык, бирок алар согуш жүрүп жаткан сызыктан алысыраак, оорукта жүрүшкөн".
Трамптын бул сөздөрү Британиядагы бардык ири саясатчылардын сынына кабылды.
"Биринчи кезекте мен Ооганстанда курман болгон 457 жоокерибизге таазим кылгым келет", - деп билдирди Даунинг-стриттен жасаган видео-кайрылуусунда Стармер.
"Көптөр жарадар болушту, айрымдары ушунчалык оор жараат алгандыктан, алардын жашоосу түп-тамырынан өзгөрдү, ошондуктан мен президент Трамптын сөздөрүн кемсинтерлик жана түз айтсам, кыжырды келтирерлик деп баалайм. Трамптын айткандары каза тапкандардын жана жарадар болгондордун жакындарына өтө оор тийгенине таң калбайм", - деди премьер-министр.
"АКШнын лидеринен кечирим суроону талап кыласызбы?" деген суроого Стармер: "Эгерде мен ушинтип тилден жаңылсам, ушундай сөздөрдү айтсам, албетте кечирим сурамакмын", - деп жооп берди.

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence handout
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ооганстанда кызмат өтөгөн ханзаада Гарри да Трамптын айткандарына жооп кайтарып, билдирүү таратты.
"Мен ошол жакта кызмат өтөдүм. Ал жакта өмүрлүк досторду таптым, ошол эле маалда жолдошторумду да жоготтум, - деди ханзаада Гарри. – Миңдеген адамдардын өмүрү түбөлүккө өзгөрдү. Ата-энелер уул-кыздарын жерге берүүгө мажбур болушту. Балдар жетим калышты. Ушул кезге чейин бул жоготуулардын орду толбой келатат".
"Бул курмандыктарды сый-урмат менен эскерип, ак сүйлөш керек, алар ошого татыктуу. Биз бардыгыбыз мурдагыдай эле ынтымактуубуз жана дипломатия менен тынчтыкты коргоого умтулабыз", - деп кошумчалады ал.
Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили "каза болгон британ жоокерлери элибизге кызмат кылып жатып жанын берген баатырлар" деп жазды X платформасына.
Оппозициянын лидери Кеми Баденок Трамптын билдирүүсүн "маскаралоо" деп атады. Анын айтымында, НАТО боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда "бекем мамилелерди буза турган, мындай ойлонулбай айтылган сөздөр болбошу керек".
Британиянын либерал-демократтарынын лидери Эд Дэйви Трамп өз убагында Вьетнамдагы согуш маалында аскерге чакыруудан качканын кыйытып: "Трамп беш жолу аскер кызматын өтөөдөн качкан экен. Ушундан кийин Трамп жоокерлердин курмандыгына шек келтиргенге кантип батынды?", - деди.
Атүгүл оңчул популисттик Reform UK партиясынын лидери жана Трамптын көптөн берки тарапкери Найжел Фараж да америкалык лидерди сынга алды.
"Дональд Трамптын айткандары туура эмес, - деп жазды ал. – Биздин куралдуу күчтөрүбүз 20 жыл бою Ооганстанда АКШ менен ийиндеш, эрдик менен салгылашып келишти... Бул эркектер менен аялдар биздин чексиз урмат-сыйыбызга татыктуу".
Ардагерлер: "Биз баарыңарды көрүп турабыз"
Ооганстанда кызмат өтөп жүргөндө капрал Энди Рид колго жасалган жардыруучу затты басып алып, эки бутунан жана оң колунан ажырап калган.
Ал миңдеген жарадарлар "бул курмандыктын азабын күн сайын көрүп келатканын" Би-Би-Сиге айтты.
"Бул согушту эстегенде дене-боюбуз да, жүрөгүбүз да күн сайын ооруйт, - деди ардагер. – Бизди алдыңкы катарда согушкан жок деп айтуу – бул сыйлабастык".
"Менимче, Дональд Трампка аскерий форманы кийгизип, аны алдыңкы катарга жөнөтүш керек эле. Калемди кармагандын ордуна ошол жакка барып, өзү согушуп көрбөйбү", - деди Моника Кершоу. Анын уулу Кристофер Ооганстандагы согушта набыт болгон.
Кристофер Кершоу – Гилменд провинциясында брондолгон унаада баратып, колго жасалган жардыруучу заттын жарылуусунан мүрт кеткен алты британ аскеринин бири.
"Кээде "балам азыр эмне менен алектенер эле? Канча балалуу болмок? Ким болуп иштемек?" деген ойлор келет. Мен аны дайыма сагынам. Уктайын деп көзүмдү жумаар замат көз алдыма анын элеси келет", - деди Моника.
Майкл Акпата Ооганстанда кызмат өтөгөн 40 миңден ашуун канадалык жоокердин катарында болгон. Майкл Дональд Трамптын сөздөрү Канаданын бул согушка кошкон салымын жокко чыгарууда деп эсептейт.
"Мен кызмат өтөп жүргөндө канадалык 22 жоокерди жоготтук, - деп эскерет ал. – Өзү эч качан форма кийбеген, кызмат өтөбөгөн Кошмо Штаттарынын президенти союздашы үчүн жанын берген жаш канадалыктар жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жатканын угуп абдан кейидим".
Ирактын жээктеринде кызмат өтөп, учурда Afghan EVAC уюмун жетектеп келаткан АКШнын аскер-деңиз флотунун ардагери Шон ВанДайвер: "Биз баарыңарды көрүп турабыз. Силер жаныбызда, биз жүргөн жерде кошо жүргөнүңөрдү билебиз", - деп айтты.
"Кызмат өтөп жатканда британ аскерлери менен бирге иштеген көптөгөн учурлар эсимде жана президент алардын салымын жокко чыгарып жатканы мени кыжырдантууда", - деди ардагер.
НАТОнун башка өлкөлөрүндөгү реакция
Трамптын билдирүүсү европалык өнөктөштөр менен ансыз да чыңалган мамилеге доо кетиргени талашсыз.
Нидерланддын тышкы иштер министри Давид ван Веел да Трамптын Ооганстан тууралуу айткандарын айыптап, "бул сөздөр чындыкка дал келбейт жана бизди сыйлабастык" деп билдирди.
Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк Камыш Польшанын Ооганстандагы согуштагы курмандыктары "эч качан унутулбайт жана аларды азайтып айтууга жол берилбей" турганын айтты.
"Польша коопсуздукка коркунуч жаралган учурда ар дайым жардамга умтулган жооптуу жана ишенимдүү союздаш болгон, азыр да ушундай жана ушул бойдон кала берет, - деп жазды X платформасына. – Жоокерлерибизди жоготкон азаптуу учурлар эл аралык коопсуздукту, Польшанын коопсуздугун коргоо үчүн эң кымбат бааны төлөөгө да даяр экенибиздин далили".
НАТОнун мурдагы жогорку колбашчысы Жеймс Ставридис 2009-2013-жылдар аралыгында "Ооганстандагы согуштун алдыңкы катарында жүздөгөн союздаш аскерлер курман болгонун" айтты.
Даниянын оппозициялык консервативдик партиясынан парламенттин депутаты Расмус Ярлов Трамптын билдирүүсүн "түркөйлүк" деп баалады.
11-сентябрдагы кол салууга тиешеси бар Усама бен Ладенди жана "ал-Каиданын" башка лидерлерин калкалап жүргөн "Талибанды" жок кылуу үчүн АКШ 2001-жылы октябрда Ооганстанга басып кирген. НАТОнун союздаштары жоокерлерди жана аскердик техниканы жөнөтүү менен америкалык өнөктүктү колдоп беришкен.
АКШ өз аскерлерин Ооганстандан 2021-жылы чыгарып кеткен. Ошол маалга карата эсеп боюнча, коалицияга кирген өлкөлөрдүн курман болгон жоокерлеринин саны 3500дөн ашкан, алардын үчтөн экисине жакынын америкалыктар түзөт.
Ооганстандагы согушта АКШ 2 465, Улуу Британия 457 жана Канада 158 жоокерин жоготкон.
Президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүндө Трамп НАТОну бир нече жолу сынга алды. Трамп адатта НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргонуу тармагын жетишсиз каржылайт деп айыптайт.
Акыркы жумаларда Трамп НАТОнун мүчөсү болгон Даниянын автономдуу аймагы Гренландияны АКШга кошуп алуу тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады.
Трамптын НАТО боюнча союздаштарын сындаганы, Гренландия тууралуу талаптары жана "макул болбогон өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга тарифтерди көтөрөм" деген коркутуусу трансатлантикалык мамилелерге олуттуу зыян келтирип жатат.
Жума күнү кечинде Ак үй АКШ президентинин НАТО боюнча көз карашын колдогон билдирүү таратты.
"Президент Трамп туура айтты – Американын НАТОго кошкон салымы башка мамлекеттердин салымынан алда канча ашып түшөт. Трамптын НАТОдогу өнөктөштөрүнүн чыгымдар боюнча 5 пайыздык милдеттенмесин аткартууда жетишкен ийгилиги Европага өзүнүн коргонуусу үчүн чоң жоопкерчиликти алууга жардам берип жатат, - деп билдирди Ак үй. – АКШ Гренландияны коргой ала турган НАТОнун жападан жалгыз өнөктөшү жана президент ушул багытта аракет жасоо менен НАТОнун кызыкчылыктарын кошо сүрөп жатат". (ZMa)








