Депутаттын мурдагы аялына коргоо ордери берилди. Эл өкүлү айыптоолорду четке какты

ваи

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оңдо депутат Элдар Сулайманов, солдо эл өкүлүнүн мурдагы жубайы Асел Азаматова

Тредс социалдык түйүнүндө өзүн Асел Азаматова деп тааныштырган келин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы экенин айтып, узак убакыттан бери андан зомбулук көрүп келе жатканын билдирди.

Аялдын айтымында, алар 2016-жылы баш кошкон. Алгачкы жылдары үй-бүлөлүк жашоо салыштырмалуу тынч өтсө да, эки жылдан кийин жолдошу кол көтөрө баштаган. Асел Азаматова зомбулукка чыдап келгенин балдарын атасыз калтырбоо аракети менен түшүндүргөн.

Анын жазганына караганда, 2022-жылы кош бойлуу кезде катуу сабалып, кан кетип ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер түйүлдүктү сактап калууга мүмкүнчүлүк аз экенин билдиришкен. Ошол учурда укук коргоо органдарына арыз жазган.

Кийинчерээк аял жолдошун кечирген. Бирок зомбулук уланып, натыйжада ал үч баласы менен ажырашууга аргасыз болгон. Ошол учурда кенже баласы үч айлык болгон.

Келин жаңжал учурунда мурдагы күйөөсү балдарды багууга каражат бербей, күнүмдүк тиричилик маселелерин кыйла татаалдаштырып жатканын жазууда.

"2023-жылдын 28-июлунда ал эч кандай эскертүүсүз келип, улуу балдарымды алып кетүүгө аракет кылды. Ал учурда биз дагы деле анын үйүндө жашачубуз. Мен балдарды берүүдөн баш тарттым, анткени аларды кайра алып келбей коёт деп корктум. Ошол үчүн ал мени урду, мен дароо жерге куладым. Таарынычтан улам көчөгө чуркап чыгып, анын унаасынын айнектерин сындырып салдым. Ал көчөгө чыгып, милиция чакырды. Андан кийин эң кызыгы башталды. Мени беш айлык балам менен анын мүлкүнө зыян келтирген деген негизде күч менен үч суткага изоляторго алып кетүүгө аракет кылышты. Кийинчерээк Ленин райондук сотунда бир нече сот отуруму болуп, мен соттолдум", -деп жазган Асел Азаматова.

Асел Азаматова 2024-жылдын 6-апрелинде мурдагы жолдошу аны үч баласынын көзүнчө сабаганын билдирип, кайрадан милицияга кайрылганын жазган.

Келин бул кайрылуу - зомбулук көрсөткөн адамдар жоопкерчиликсиз калып жатканына көңүл бурдуруу аракети экенин билдирген.

Бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов азырынча үн ката элек. Би-Би-Си депутатка бир нече жолу телефон чалып, байланыша алган жок. Ага сөз берүүгө даяр экенибизди эскерте кетебиз.

ыкпмв

Сүрөттүн булагы, скриншот

Бул арада социалдык тармактарда депутат Элдар Сулаймановдун расмий билдирүүсү делген кайрылуу жарыяланды. Анда депутат бул жеке мүнөздөгү, узак убакыттан бери уланып келе жаткан жаңжал экенин билдирди.

"Коомдук мейкиндикте айтылып жаткан дооматтар бир тараптуу мүнөзгө ээ болуп, укуктук баа берүүнү талап кылат. Бүгүнкү күнгө карата менин күнөөмдү тастыктаган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими жок. Күнөөсүздүк презумпциясы принцибине ылайык, бардык айыптоолор мыйзамдын алкагында гана каралышы керек. Мен жагдайларды объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө ачыкмын жана компетенттүү органдардын чечимдери чыкканга чейин коомчулукту жана жалпыга маалымдоо каражаттарын алдын ала жыйынтык чыгарбоого чакырам", - деп жазылган билдирүүдө.

"Коргоо ордери берилди". Укук коргоо органдарынын реакциясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул арада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы А.А. аттуу жаран милицияга жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылганын ырастады. Шаардык милициянын билдиргенине караганда, келин Жогорку Кеңешинин учурдагы депутаты Э.С. тарабынан узак убакыттан бери психологиялык кысымга кабылганын айтып, буга чейин физикалык зомбулук фактылары орун алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

"Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Көрүлгөн чаралардын алкагында коргоо ордери чыгарылды. Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. Белгилей кетсек, бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп айтылат Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Мурдараак Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов социалдык тармакта жарыяланган бул кайрылуу боюнча текшерүү иштери башталганын кабарлаган.

"Материалдарды алып чыгып, текшерип жатабыз. Каякка кайрылган, эмне себептен кайрылган, баарын аныктайбыз. Бул боюнча кошумча маалымат беребиз. Ал (Асел Азаматова) түштөн кийин келем деди. Биринчи кезекте аялы менен байланышып, сүйлөшүп, анан депутатка чалабыз. Кошумча маалымат беребиз", - деген Султан Макилов.

Бул окуя боюнча Би-би-Си Башкы прокуратурага да кайрылган.

"Бизге мурда-кийин бул келин кайрылган эмес экен. Сиздердин сурооңуздарды жана социалдык тармактарда чыккан билдирүүлөрдү тиешелүү башкармалыкка жолдодук. Көзөмөлгө алынды. Ички иштер министрлиги кандай чечим кабыл аларын көрөбүз. Ошого жараша өзүбүздүн ыйгарым укуктарга ылайык көзөмөл жүрөт", - деген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Алтынбек Жээнбеков.

вкпуе

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов 40 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн. Ал мурдагы депутат, транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу.

Элдар Сулайманов "Электр станциялар" ишканасында, Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген.

2021-жылы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал былтыр 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №5 округдан кайра депутат болуп шайланган.

Депутат зомбулукка айыпталса, жоопкерчиликке тартылабы?

Баш мыйзамдын 78-беренесине ылайык, кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, эл өкүлүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

Депутат Дастан Бекешов эл өкүлдөрүндө моралдык жоопкерчилик жогору болушу керектигин эске салууда:

"Кылмыш-жаза кодексинин негизинде болсо, кайсы берене болбосун кол тийбестик бар. Эгер административдик негизде айып пул салынса, кол тийбестик жок. Ошол эле маалда депутат болгон соң моралдык жоопкерчилик жогору болуш керек. Өзүмдү мисал кылсам, Жогорку Кеңешке келген соң бир топ иштерди кыла албайм. Себеби өз кыймыл-аракетим менен башкаларга үлгү болушум керек да. Мен бирөөнү сабасам, урсам, бул жаман, туура эмес да. Моралдык жоопкерчилик болуш керек".

2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги ресторандардын бириндеги мушташка катышканы ачыкка чыккандан кийин өз ыктыяры менен мандатын тапшырууга аргасыз болгон.

Жаныбек Абиров соңку парламенттик шайлоого кайрадан катышып, 21-округдан депутат болуп шайланып келди.

Быйыл январдын башында интернетте өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин "мыйзамдуу жубайымын" деп тааныштырган Батма Ормонованын видео кайрылуусу жасаган. Ал 38 жылдан бери чогуу жашап келаткан күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, үй-жайсыз калуу коркунучуна кептелгенин айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Батма Ормонова Бердиев өзүнүн үстүнө он жолу аял алганын да билдирген.

Мындан соң 11-январда 60 жаштагы мурдагы депутат Аккулу Бердиев камакка алынган. Ички иштер министрлиги 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганын, анын аялынан да үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн билдирген.