Соловьёвдин талкууга түшкөн билдирүүсү: Борбор Азияда кандай реакция болду?

Кремлдин башкы пропагандисти Владимир Соловьёв түз ободо Борбор Азияны "биздин аймак" деп атады.

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кремлдин башкы пропагандисти Борбор Азияны "биздин аймак" деп атады

Кремлдин башкы пропагандисти саналган Владимир Соловьёвдун түз ободо Борбор Азияны "биздин аймак" деп атап, Орусия "атайын операцияны" Украинадан башка деле жерлерде жүргүзсө болорун айтканы талкууга түштү. Анда ал расмий Москва үчүн Венесуэла же Сириядагы окуялар эмес, анын Армениядан кол жууп, Борбор Азияда таасиринин кетип жатышы оор тийип жатканын айткан. Армения бул билдирүүгө катуу реакция жасап, Еревандагы орус элчисин чакырып, нааразылык нотасын карматты.

Кремлдин башкы пропагандисти катары таанылган Владимир Соловьёв дипломатиялык чырга себеп болгон сөздөрдү "Владимир Соловьёв менен кеч" аттуу автордук программасы учурунда АКШнын Венесуэлага каршы аскердик операциясы жана Ирандагы нааразылык акциялары боюнча комментарий берип жатып айтты.

"Биз азыр Сирия же Венесуэла менен гана алек болбошубуз керек. Биз позицияларыбызды жоготпошубуз зарыл, бирок биз үчүн эң негизгиси — биздин жакынкы чет өлкөлөр. Биз үчүн Венесуэладагы окуяларга караганда, Арменияда болуп жаткан окуялар алда канча оор тиет. Арменияны жоготуу — бул өтө чоң көйгөй. Биздин Азиядагы, Орто Азиядагы, Борбор Азиядагы, алар кандай атайт, көйгөйлөр — мына ушул биз үчүн эбегейсиз маселе болушу мүмкүн",- деп билдирди Соловьёв.

Орус пропагандисти эгер "улуттук коопсуздук" маселеси турса, эл аралык укукту этибарга албай койсо болот деген. Ошондой эле ал Орусиянын "таасир этүү аймагын" так ажыратыш керек, муну менен башкаларга "оюн бүттү" деген ишараны беребиз деди.

"Биз максаттарыбызды жана милдеттерибизди абдан так аныктап алышыбыз керек. Биз: «Оюн бүттү» деп түшүндүрүүгө тийишпиз. Эл аралык укукка да, эл аралык тартипке да түкүрдүк. Эгерде улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны (СВО) баштоо зарыл болсо, анда эмне үчүн ошол эле жүйөлөргө таянып, өзүбүздүн таасир этүү чөйрөбүздөгү башка жерлерге да атайын аскердик операция баштай албайбыз?", - деди журналист.

Армения бул билдирүүгө биринчилерден болуп реакция жасап, 12-январда Еревандагы орус элчиси Сергей Копыркинди чакырып, нааразылык нотасын карматты.

"Ага мамлекеттик телеканалдын программасынын эфиринде жасалган билдирүүлөргө карата терең нааразычылыкты билдирген протесттик нота тапшырылды. Бул билдирүүлөр Армения Республикасынын эгемендигине кабыл алынгыс кол салуу, кастыктын көрүнүшү экени жана Армения менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелердин негизги принциптерин одоно буза тургандыгы баса белгиленди", - деп билдирди Армения ТИМинин басма сөз катчысы Ани Бадалян.

Борбор Азия мамлекеттери азырынча Соловьёвдун билдирүүсүнө ак да, көк да дей элек.

"Орусиялык журналист Соловьёв айткан сөздөр боюнча негизи биздин ТИМ реакция кылышы керек. Керек болсо, аны "персона нон-грата" деп жарыялаш керек. Анткени, бул жеке менчик канал эмес, ал федералдык каналда ошо сөздөрдү айтып жатат. Биздин Тышкы иштер министрлиги элчини чакырып, ага нота бериши керек. Тышкы саясат бул президенттин да ыйгарым укуктарына кирет, президент өзү дагы бул маселени карашы керек",- деди Би-Би-Сиге Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов.

Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок ошол эле маалда "Соловьёвдун соңку билдирүүлөрүнө түз реакция кылуу, ага протест же башка бир аракет жасоо - маанисиз нерсе" деген да пикир бар.

Кыргызстандык саясат талдоочу Эмилбек Жороев орус пропагандисти күн сайын эле "тантырап" жаткандыктан, ага Кыргызстандын, Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин саясый майданында убакыт бөлүп, талкуулоо, сындоо - болбогон иш деген пикирде.

"Бирок ал кечээ айткан сөздөрү - ал айтпаса деле түшүнүктүү, актуалдуу болуп келаткан дүйнө саясатындагы кубулуш - күчтүүлөр күчү жеткен, колу жеткен мамлекеттерге басымын күчөтүүдө. Бул кырдаалда биз өзүбүздүн орус мамлекети менен мамилебизди сергек түшүнүп, талдап, таразалап алуубуз зарыл. Соловьёвдун биздин дарекке айткан сөздөрү жалаң ал кишинин оюнан чыккан жок, алар үзгүлтүксүз ар кайсы ооздон айтылып келет. Биз ошого жараша өзүбүздүн коопсуздук, эгемендик, стабилдүүлүк кепилдиктерибизди көбөйтүп, бекемдөөдө орус мамлекетин да сөзсүз коркунуч, кооптуу жак катары карашыбыз абзел", - деди Жороев.

Белгилүү казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаевдин баамында, Соловьёвдун сүйлөгөн сөздөрү — бул Кремлдин геосаясий жеңилүүлөрүнүн чагылышы. Ал жакында эле Путинден сыйлык алганын белгилеген эксперт, пропагандачынын оозу менен Орусия Сирия менен Венесуэладан кийин Ирандагы таасирин да жоготуп жатканына ичи ачышууда. Сатпаев Борбор Азия аймагын бүгүнкү эл аралык саясий кырдаалда сергек болууга чакырды:

"Кандай гана болбосун... Борбор Азия өлкөлөрү магдырабашы керек. Азыр эл аралык укук кризиске кептелип жаткан чагы. Өзөктүк куралы жок бир да мамлекет өзүн коопсуз сезе албайт. Муну Украинанын мисалы көрсөттү. Венесуэладан кийин, эми Гренландия Трамптын кийинки максаты болгону жатат. Геосаясатка бөрү менен чөөлөрдүн убактысы кайтып келди. Дүйнөдө мурдатан болуп келгендей эле, тышкы саясатта "күч атасын тааныбайт" башкы куралга айланды. Мында таң калуунун кереги жок. Тарых кайталанып турат", - деп жазды казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев.

Соловьёвдин бул билдирүүсү Армения жана Борбор Азиядагы кандай саясий окуяларга туш келди?

Декабрда Евробиримдик Арменияга сырттан таасир этүүгө каршы аракеттенүү үчүн 15 миллион доллар бөлүүнү убадалаган. 2-декабрда Армения менен Евробиримдик эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жаңы документ кабыл алган эле. Ал расмий Еревандын альянстагы 27 өлкө менен мамилесин тереңдетүүнү карайт. 2024-жылдан тарта Ереван Евробиримдикке кирүүгө умтулуп, буга Кремлдин ичи чыкпай келет.

Борбор Азия дагы соңку кезде АКШ менен алакасын кызытып, 2025-жылдын ноябрында Трамп аймактагы бардык лидерлерди кабыл алып, региондун баалуу минералдарына кызыгып жатканын жашырган эмес.

Жыл жаңырары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакын арада АКШ президенти Дональд Трамп менен кайрадан жолугары белгилүү болду. Бул тууралуу ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде АКШнын Казакстандагы жаңы элчиси Жули Стаффт ачыктады.

Казак президенти АКШ жана Болгария элчилери Жули Стаффт менен Георги Воденски кабыл алып аткан учур

Сүрөттүн булагы, Akorda

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казак президенти АКШ жана Болгария элчилери Жули Стаффт менен Георги Воденски кабыл алып аткан учур

Борбор Азиядагы лидерлердин дээрлик бардыгы көп багыттуу тышкы саясат алып барышарын айтып келишет. Ошентсе да, аймактагы мамлекет башчылары баары эле Кремлге кылчактап иш алып барарын серепчилер белгилешет. Бир жагынан Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүн СССРде чогуу болгон 70 жылдык тарых, маданият бириктирет.

2025-жылы окябрда Душанбеде "Борбор Азия-Орусия" саммити өтүп, Владимир Путин ага орус өкмөтүнүн жарым курамы менен келип катышкан. Путин саммитте Москва Борбор Азия менен "стратегиялык өнөктөштүктү жана шериктештикти" дагы чыңдоого бел байлап турганын айткан эле.

Бирок талдоочулар Соловьёвдун оозу менен айтылып жаткан мындай чулгандуу билдирүүлөр, тескерисинче, чөлкөмдөгү Москванын таасирин ого бетер азайтышы мүмкүн дешет.

Өзбекстанда "Миллий Тикланиш" саясий партиясынын лидери Алишер Кадыров Соловьёвду "орус шовинисти" деп, мындай билдирүүлөр стратегиялык өнөктөшүк, союздук мамилелерге доо кетирерин эскертти.