"Сандырак сөздөр". Президенттин маалымат катчысы Владимир Соловьёвдун айткандарына пикирин билдирди

Аскат Алагозов жана Владимир Соловьев.

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист жана алып баруучу Владимир Соловьёвдун талаштуу билдирүүлөрүнө карата пикирин айтты. Ал бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынан суроолор болуп жаткандыктан бул тууралуу айтып коюуну туура көргөнүн 14-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Аскат Алагозов Соловьёвдун айткандарын олуттуу кабыл алуунун кажети жоктугун белгилеп, аларды эфир учурундагы "сандырак сөздөр" деп атады.

"Муну орусиялык журналист – алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара чолодо айтылган сандырак сөздөрдүн бири деп эле кабыл алыш керек. Ал эми жооп берүү маселеси боюнча Соловьёв журналист же алып баруучу болгондуктан, ага өз деңгээлинде журналисттер же башкалар жооп берип атышат. Эгер мындай ойду депутаты же министри айта турган болсо бир жөн. Ошого жараша биздин депутаттар же министрлер жооп бермек. Депутаттарыбыздын бири Соловьёвду "Персона нон грата" жарыялайлы дегенин окудум. Эми анын өзүнүн тийиштүү жол-жобосу бар. Карап көрүшөөр", - деди маалымат катчы.

Мындан сырткары, Алагозов Орусиянын Кыргызстан, ошондой эле жалпы Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде жолго коюлганын кошумчалаган. Анын айтымында, КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы мамилелер бекем, андыктан журналисттин божомолдору "суу кечпейт".

Президенттин маалымат катчысы Владимир Соловьёв мамлекеттик телеканалда иштээрин эскертип, аны тартипке чакырышат деген үмүтүн билдирген.

"Бирок, Владимир Соловьёв мамлекеттик телеканалда эмгектенгендигин жана анын элдер ортосундагы мамилени козутуучу түшүнүксүз билдирүүлөрү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандарында кеминде түшүнбөстүктөрдү, айрым учурда ага карата кескин чараларды көрүүнү талап кылып жатканын эске алуу менен, Соловьёвдун жетекчилиги аны тартипке салат деп ишенебиз", - деди Алагозов.

Соловьёвдун чыр жараткан билдирүүсү

Орусиялык белгилүү алып баруучу жана Кремлдин негизги пропагандисттеринин бири катары таанылган Владимир Соловьёвдун соңку билдирүүлөрү постсоветтик мейкиндикте чоң талкууну жана дипломатиялык нааразычылыктарды жаратты. Түз эфир учурунда Борбор Азияны "биздин аймак" деп атап, Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясын башка өлкөлөргө да жайылтуу мүмкүнчүлүгүн кыйыткан журналисттин сөздөрү кооптуу риторика катары бааланууда.

Соловьёв "Владимир Соловьёв менен кеч" аттуу автордук программасында дүйнөлүк саясаттагы АКШнын Иранга жана Венесуэлага карата аракеттерине комментарий берип жатып, ал Москва үчүн Сирия же Венесуэла эмес, "жакынкы чет өлкөлөр" — өзгөчө Армения менен Борбор Азия негизги артыкчылык экенин белгилеген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Соловьёв Орусия өзүнүн "улуттук коопсуздугу" үчүн эл аралык укуктарды этибарга албай коюуга укуктуу экенин ачык айтып, төмөнкүдөй чуулгандуу суроо салган:

"Биз «Оюн бүттү» деп түшүндүрүүгө тийишпиз. Эгерде улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны баштоо зарыл болсо, анда эмне үчүн өзүбүздүн таасир этүү чөйрөбүздөгү башка жерлерде да мындай операцияны баштай албайбыз?"

Соловьёвдун айткандарына биринчилерден болуп Армения реакция жасады. 12-январда Ереван Орусиянын элчиси Сергей Копыркинди чакырып, расмий нааразылык нотасын тапшырды. Армениянын Тышкы иштер министрлиги Соловьёвдун сөздөрүн "мамлекеттин эгемендигине кабыл алынгыс кол салуу жана кастыктын көрүнүшү" деп атап, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук принциптерин одоно буза турганын баса белгилеген.

Борбор Азия мамлекеттеринин расмий бийликтери бул билдирүүгө карата реакция кылышпай турганы менен, саясий чөйрөдө кескин сын-пикирлер айтылып жаткан.

Кыргызстандык депутат Дастан Бекешов Соловьёвду "персона нон-грата" деп жарыялоо сунушун көтөргөн.

Борбор Азиядагы саясат талдоочулар да бул окуяга пикирлерин билдирүүдө. Кыргызстандык саясат таануучу Эмилбек Жороев мындай риторикалар кокустук эмес экенин жана Орусияны коопсуздукка коркунуч келтире турган тарап катары сергек талдап, эгемендикти бекемдөө зарылдыгын белгилейт.

Ал эми казакстандык талдоочу Досым Сатпаев Соловьёвдун сөздөрүн Кремлдин геосаясий жеңилүүлөрүнүн чагылышы катары баалайт. Анын пикиринде, азыркы тапта эл аралык укук кризиске кептелип, "күч атасын тааныбайт" деген заман кайтып келгендиктен, Борбор Азия өлкөлөрү магдырабашы керек.

Борбор Азиядагы мамлекеттер Орусияны "стратегиялык өнөктөштү" катары санашат. Талдоочулар мындай опузалар Орусиянын чөлкөмдөгү имиджине доо кетирип, коңшу өлкөлөрдүн Кремлден алыстоосуна түрткү болушу мүмкүн экенин айтышат. Өзбекстандык саясатчы, Өзбекстандагы "Миллий Тикланиш" саясий партиясынын лидери Алишер Кадыров белгилегендей, мындай "шовинисттик" билдирүүлөр союздук мамилелердин тамырына балта чабат.