"Дарыгерлерди эч ким медицинадан кет деп айткан жок". Эки дарыгер жумуштан алынды

Сүрөттүн булагы, Courtesy
12-январда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Самидин Шабыралиев кызматтарынан алынды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев алардын кызматтан алынышы боюнча Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, алар жетекчилик кызматтан бошотулганына карабастан, дарыгер катары ишин уланта алышат.
"Биздин урматтуу дарыгерлерибизди эч ким медицинадан кет деп айткан жок. Өз тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берип, жанында кеңешчи болуп, иштей берсе болот. Бул дүйнөлүк практикада бар нерсе. Талантбек Сооронбаевге пульмонологияны жакшы билгенден кийин өпкө менен иш алып баруу талабы коюлду. Кардиохирургия боюнча агайдын скальпелин эч ким колунан алып салган жок. Ошол институтта эле калып, иштесе болот. Бирок бул жерде бир нерсени так айтыш керек. Жакшы хирург дайыма эле жакшы уюштуруучу боло бербейт. Ремонт жүрүп жаткан имаратта көп кемчиликтер аныкталды. Анын баарынын жоопкерчилиги директорлордун мойнунда. Биз эч кандай системадан кууган жокпуз. Дарыгер катары иштей беришсе болот, бирок жетекчилик кызматта эмес. Кечээки комиссия көрсөткөн жыйынтык жакшы эмес, абал мышык ыйлагыдай экен",-деди Бакытбек Кадыралиев.
Ошол эле учурда министрдин орун басары бул абал саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтердин дагы көрсөткүчүнүн бири экенин моюнга алды.
"Бул системалык проблема. Биз тараптан да ушундай жагдай болуп жатат. Мамлекет тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине колдоолор көрсөтүлүп жатат. Жабдыктар алынууда, бирок алар бирөөнүн кабинетинде жабык турбашы керек, бейтапка иштеши зарыл. Учурда коюлган талаптар боюнча борборлордун директорлору толук жоопкерчилик алышы шарт. Бул жерде маселе - дарылоодо эмес, уюштуруу, кадр маселелеринде",- деди ал.
Ал илим багытындагы абалга да токтолуп, соңку он жыл ичинде медицина илимдеринин доктору даярдалбаганын белгиледи. Анын айтымында, бул жаңы технологиялардын киргизилбегенин жана илимий иштердин солгундаганын көрсөтөт. Ошондой эле акыркы 15 жылда заманбап даярдалган кадрларды өстүрүү маселеси көңүл сыртында калганын, отуз жылга жакын убакыттан бери эле 3-4 профессор жетекчилик кызматтарды ээлеп келгенин кошумчалады.
"Заманбап көз караштагы илимий мектеп түзүлгөн эмес. Ушул жагдайларды, илим, кадр жана заманбап дарылоо ыкмаларынын абалын эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алынды. Кадр маселеси коллапс болуп калган",- деди ал.
Саламаттык сактоо министрлиги 12-январда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Самидин Шабыралиев кызматтарынан алынганын маалымдаган. Бул эки медициналык мекемеде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында көптөгөн эреже бузуу фактылары аныкталганын билдирген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында жана өлүм көрсөткүчүнүн жогору болушуна байланыштуу республикадагы эки Улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери кызматтан бошотулду" деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Министрлик ошондой эле министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев аталган мекемелерди текшерип барган учурдагы 10 мүнөттүк видеону да жарыялаган.
Кызматтан алынышы боюнча Талантбек Сооронбаев комментарий берүүдөн баш тартты.
Самидин Шабыралиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми ал жетектеген Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун айрым кызматкерлери мекеменин бүгүнкү жыйынында жетекчиси негизсиз иштен алынганын, министрге туура эмес маалымат берилгенин белгилешкен.
Социалдык тармактарда Сооронбаев менен Шабыралиевди мыкты жана таланттуу дарыгерлер катары сыпаттап жатышат. Ошол эле кезде министрликтин батыл чараларын колдоп, муну тармактагы реформанын башталышы деп үмүттөнгөндөр да бар.
Төмөндө министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жазылган айрым комментарийлерди келтиребиз:
- Врачтар, хирургтар иштеп эле жатышат жакшынакай, болгону мамлекеттен толук кандуу жардам көрсөтүлбөйт. Акча чындыгында толук бөлүнүп берилбейт, берсе да аз-аздан берет, ошого апараттар кеч келет. Эч кимде күнөө жок, болгону мамлекет бардык жагына системдуу кириш керек, жаңы методторду колдонуш керек. Болгону система өтө аксап жатат.
- Публикага кыйын болгон модага айланды. Өтө өкүнүчтүү, адамкерчилик деген кайда? Жабык эшик артында күнөө койсо деле туура болмок.
- Бул шалаакылык эмес, бул атайын түзүлгөн схема. Мамлекеттик медициналык мекемени медициналык кызматкерлер (врачтар) атайын эле жамандап, аппарат жок, аспап жок, керектүү материал жок деп оорулууну ынандырып, аны өздөрүнүн жеке менчик (частный) клиникасына жиберишет.
Бир ай мурда президент Садыр Жапаров 46 жаштагы Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кылып дайындаган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жооптуу кызматтарды аркалап, Жалал-Абад облустук башкармалыгын да жетектеген. Атайын кызматтын өкүлүн саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоо бул тармак үчүн сейрек көрүнүш. Бул дайындоо медицина кызматкерлери арасында кызуу талкууланган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 3-декабрда Каныбек Досмамбетовду жамаатка тааныштырган.
"Эдил Байсалов Каныбек Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы Президент Садыр Жапаровдун жогорку талаптарына жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы этабында Кыргызстан элинин өсүп жаткан үмүтүнө ылайык саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди" деп айтылган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.
Жаңы министр кызматка киришкен бир ай аралыгында анын орун басарлары да алмашты.











