Иран өзүнүн аба мейкиндигин, ал эми Британия Тегерандагы элчилигин жапты

Иран

Сүрөттүн булагы, Reuters

Иран жарандык учактар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жабуу боюнча расмий билдирүү — NOTAM чыгарды. Ошол эле кезде атайын уруксаты бар эл аралык каттамдарга өзгөчө тартипте уруксат берилмекчи.

NOTAM (A Notice to Air Missions), жөнөкөй тил менен айтканда, бул — учкучтарга, диспетчерлерге жана авиация адистерине учуунун коопсуздугуна таасир этүүчү маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу алдын ала берилүүчү эскертүү.

Мындан тышкары, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрү жана Абадан коргонуу күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилгени кабарланууда.

АКШ президенти Дональд Трамп антиөкмөттүк протесттерди аёосуз басканы үчүн Иранга каршы аскердик аракеттерди көрүү маселесин карап жаткан маалда, Пентагон Катардагы Аль-Удейд авиабазасындагы кызматкерлеринин санын кыскартууда. Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү - CBS каналына расмий өкүлдөр билдиргендей, америкалык аскерлерди жарым-жартылай алып чыгуу — бул алдын алуу чарасы болуп саналат.

Аль-Удейд — Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү америкалык аскердик базалардын бири, ал жерде туруктуу негизде 10 миңге жакын аскер кызматкерлери жана жарандык адистер жайгашкан. Иран бийлиги, эгер АКШ тараптан чабуул жасалса, аймактагы америкалык аскердик базаларга сокку ура турганын айтып коркутту.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча, Аль-Удейд авиабазасынан британ аскер кызматкерлеринин бир бөлүгү да чыгарылууда. Британия ошондой эле Тегерандагы элчилигин убактылуу жапты, ал аралыктан иштей баштайт. Улуу Британиянын элчиси жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн бардык кызматкерлери кырдаалды баалоонун жана кызматкерлердин коопсуздугуна артыкчылык берген чечимдин негизинде эвакуацияланганын британ өкмөтүнүн өкүлү билдирди.

Укук коргоочу топтордун маалыматы боюнча, иран бийлигинин аёосуз куугунтуктоолорунун натыйжасында 2400дөн ашуун антиөкмөттүк демонстранттар өлгөн. Ушул аптада Дональд Трамп, эгер бийлик нааразылыкка чыккандарды өлүм жазасына тартса, АКШ Иранга каршы «өтө катуу чараларды» көрөрүн эскерткен.

Шаршемби күнү ал өзүнүн администрациясынын маалыматына таянып: "Ирандагы өлтүрүүлөр токтоп жатат, өлүм жазасына тартуу пландары жок", — деп билдирди. Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Трамп бул маалымат "аркы өйүздөгү өтө маанилүү булактардан» келгенин жана бул кабарлар чындык деп үмүттөнөрүн айтты. АКШ президентинен аскердик аракеттердин ыктымалдыгы жокко чыгарылдыбы деп сурашканда: "Биз кырдаалдын кандай өнүгөөрүнө байкоо салып турабыз", — деп жооп берди.

Иран АКШ тараптан боло турган чабуулга жооп кайтарарын билдирди. Шаршемби күнү Fox News телеканалында сүйлөп жатып, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Дональд Трамп өткөн жылдын июнь айында Иранды бомбалоого буйрук берип, ката кетиргенин айтты: "Билип койгула, эгер ийгиликсиз тажрыйбаны кайталоого аракет кылсаңар, ошол эле жыйынтыкка туш болосуңар".

АКШда жайгашкан Ирандын HRANA укук коргоо уюму учурда 2403 демонстранттын өлүмү тастыкталганын, анын ичинде 12 бала бар экенин кабарлады. Алардын маалыматы боюнча, башаламандыктар учурунда кеминде 18 434 адам камакка алынган.

Amnesty International уюму Ирандагы күбөлөрдүн ишенимдүү маалыматтарына жана текшерилген видеоматериалдарга таянуу менен "мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы массалык өлтүрүүлөр" тууралуу билдирүүдө. Уюм БУУга мүчө мамлекеттерди протест учурунда "коопсуздук күчтөрү тарабынан жасалган кылмыштарды таанууга" чакырды.