Кайырчылыкты “бизнеске” айланткан шылуундар

Сүрөттүн булагы, Ош ШИИБ
Ушул жылдын август айында омуртка булчуңдарынын атрофиясына чалдыккан кичинекей Аруузат Ташматова көптөн бери күтүп жаткан “Золгенсма” уколун алды. Бир дозадан турган бул дарынын баасы 2 млн 300 миң доллар. Аруузатты сактап калуу үчүн каражат чогултуу дээрлик бир жарым жылга созулган. Бирок акча чогултуунун жүрүшүндө Аруузаттын атын сатып, акча жасаган шылуундар дагы көп болду.
Заманасы курулуп, зарыгып тургандардын атына жамынып "пайда" табуу боюнча бул жалгыз эле мисал эмес. Борбор калаадагы айдоочулар дагы так кесилиштерге туруп алып кайыр сураганадар тоскоолдук кылып жатат? муктаждар чындап эле көбөйүп кеттиби же бул жерде бир сыр барбы деп калышат.
Аруузаттын атасы Бакай Ташматов акча чогултуудагы кыйынчылыктар жана алдамчылардын торуна кантип илингени тууралуу айтып берди. Анын айтымында, акча чогулта баштаганда “баары бир чогулта албайсыңар, эмне эле болуп жатасыңар” дегендер да болгон.
“Башында акча чогултуу процесси оңой көрүнгөн, анан күндөн күнгө кыйындай баштады. Инстаграмдан дагы кандай сүрөт киргизиш керек, кандай текст жазыш керек анын барын үйрөнүш керек экен. Бир жыл үч ай дегенде акча чогулуп бүттү, - деди Аруузаттын атасы. - Ал аралыкта кызымдын атынан акча жасагандар дагы көп болду. Андай шылуундар бир-эки адам эмес топ болуп жүрүшөт экен. Эми биздин милициялардын кандай иштей турганын билесиз да?! Ушундай алдамчыларды кармаганда милиция “бул анча көп сумма эмес, андан көрө башка иштерим бар” дегендей жооп айтышат. Анткени 100 миң сомго чейинки акча болсо, андай шылуундарды камай алышпайт экен, ошон үчүн муну майда иш катары кабыл алышат”.
*Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренсинде (“Алдамчылык”) олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык үчүн “2 айдан 1 жылга чейин түзөтүү жумуштары, же 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул, же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.”

Сүрөттүн булагы, save aruuzat
Укук коргоо органдарынын мындай сөзүнөн кийин Аруузаттын атасы ыктыярчылардын көмөгү менен алдамчыларды өздөрү кармаганга аракет кыла баштаган.
“Биз эки-үч алдамчыны кармап милицияга өзүбүз алып барсак, аларды 1-2 сааттан кийин эле коё берип салышат экен. Ошондуктан биз өзүбүз көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жаттык. Бирок көчөдөгү адамдарды колго түшүрүш кыйын экен, анткени алар качып кетишет. Анан Инстаграмдагы алдамчыларды кармаш оңой эле болуп жатты. Жада калса эки-үчөөсүн кармап, акчаларын кайтартканга туура келген. Чынында мындай нерселер көп болду”, - деди Ташматов.
“Бир күндө 6 миң сомго чейин тапкан учурларыбыз болот”
Кыргызстандын район, шаарларында көчөгө отуруп алып кайыр сураган адамдарды, ал тургай түрдүү плакаттарды көтөрүп, жардам сурагандарды да көп кезиктиресиң. Ал эми соцтүйүндөрдө да кайрымдуулукка жардам сурап жарыялаган посттор да көп. Тилекке каршы мындайлардын арасында жардамга муктаждардын атынан акча чогулткандардын ниети таза эместер дагы четтен чыгат.
Буга чейин “Биринчи балдар хосписинин” директору Ольга Труханова алдамчылар оорукананын документтерди жасалмалап, баланын көз оорусун дарылоо үчүн акча чогултуп жатканы тууралуу Фейсбук баракчасына пост жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Труханованын айтымында, ал постто күмөн жараткан жагдайлар пайда болгон. Анткени баланын операциясы үчүн жазылган маалыматта операция үчүн 600 миң сом керек деп жүргөн. Бирок Кыргызстанда мындай операция үчүн 35 миң сомдон 60 миң сомго чейин гана жасалат. Мындан улам, ал бул маалыматты текшерүүнү туура көргөн.
“Мен бул операциянын баасын жакында эле билдим, анткени атам жасаш керек болчу. Биздин операция 35 000 сомдон 60 000 сомго чейин. Экинчи жагдай, документ мөөрсүз жана дарыгердин кызыктай сүрөтү менен болгон. Мен бул документтерди мен 100% ишенген офтальмологго жөнөттүм, ал жазуу түшүнүксүз экенин айтты. Анан мен клиникага кайрылып, мындай жооп алдым: “Ольга, бул жалган маалымат, бизде формалар жана колдор такыр башка”. Анан мен ал адам менен кат жазышууга аракет кылдым, ал кагаздардын аныктыгы тууралуу суроого көңүл бурбай, WhatsAppта мени блоктоп коюшту окшойт”, - деп жазган ал.
Биз шаар аралап, бир нече кайырчылык кылгандарды кепке тартканга аракет кылдык. Бирок алардын көпчүлүгү биз суроо узатканыбызда ачууланып, ордуларынан басып кетип, маек алууга мүмкүн болгон жок. Алардын бири анонимдүү гана маек берүүгө макул болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Мен кайырчылык кылып жүргөнүм үч жылдан ашты. Бала-чакам бар, алар мен мынтип акча таап жүргөнүмдү билбейт. Кичинекей кызым эле билет. Там алайын деп акча чогултуп жатам. Чоңдору билбейт, билсе мени асып коёт. Бир күндө 3 миңден 6 миң сомго чейин тапкан учурларыбыз болот”, — деди ал.
Бизге жашыруун маалымат берүүгө макул болгон каарманыбыз кайырчылыкты кесипке айланткандар көп экенин белгиледи. Ал айрым адамдар акча үчүн кээде майып адамдардын дагы ролун ойноп коёт деп белгилеп, мындан аркы суроолорубузго жооп берүүдөн баш тартты.
“Исламда кайырчылык деген нерсе жок”
Мындан улам өлкөдө элдин кайырчыларга болгон ишеничи кетиши мүмкүн. Муну Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров дагы ырастады. Ал кээ бир тилемчилер жаш өспүрүмдөрдү дагы кайрычылык кылууга үндөп жатканын билдирди. Бирок алардын арасында шылуундар да көп экенин баса белгилеп өттү.
“Айрыкча Бишкек шаарында ар бир эле көчөнүн кесилишинде ар кандай коробкаларга сүрөттөрдү илип алып тургандарды көп байкайбыз. Бул жакшы көрүнүш эмес. Эгер чындап эле жардамга муктаж болуп атса анда бул башка кеп. Анда кесип кылып алса анда чоң жаңылыштык болуп эсептелет. Исламда бул каралган маселе. Каралган деген бул “караланган” маселе болуп айтылат. Пайгамбарыбыз буга тыюу салган. Мен өзүм деле кызыгып сураштыргам. Аларга күнүнө сандыгына канча акча түшсө, ошонун 10 пайын акча чыгарып берет экен. Булар үчүн ушул кызыктуу болуп атса керек. Алар топ болуп, месталарды бөлүштүрүп иштешет экен. Айрыкча жума күнү көп болот. Мечиттердин алдында дагы кайырчылар абдан көп. Бирок аларды көзөмөлдөп тартип ке келтирүү муфтияттын биздин функциябызга кирбейт.”, — деди ал.
Милициянын колун байлаган мыйзам

Сүрөттүн булагы, Ош ШИИБ
Дарыланууга муктаж адамдардын сүрөтүн көтөрүп, алардын атын сатып, элден акча чогулкан учурда дээлдик аз катталат. Быйылкы жылы мындай учурдан эки гана факты катталган. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Адинай Шаршееванын айтымында, мындай учурда эки гана факты катталган.
“Муктаждардын атын жамынып, акча жасаган шылуундар Бишкек шаарынын аймагындагы базарында катталган. Сүрөттөгү баланын энеси көрүп калып, милицияга кабар берген. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери кайрымдуулукту жамынып алып, элди алдап акча чогулткан адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коё беришет. Биз мындайларга арыз түшкөн учурда гана каралат. Өз алдыбызча барып иш жүргүзүп, аныктаганга мыйзам жол бербейт. Эгер катталса деле “Алдамчылык” беренеси менен иш козголот. Атайын өзгөчө болуп бөлүнүп каралбайт. Жеңил гана жазалары бар”, — деди ал.
Дилде Шатанова, журналист.











