№19 округ: БШК бошогон мандатты Улан Сариевге берди

пакп

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 14-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Абдылдабек Эгембердиев арыз жазып кеткенден кийин бошогон Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Улан Сариевге берди.

№19 Сокулук округунан шайланган депутат Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшыргандан кийин, анын ордуна тизме боюнча кийинки турган талапкер Рамис Жунусалиев келиши керек эле. Бирок, "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, кармалган Жунусалиев өз каалоосу менен мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазган. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, Жунусалиев 9-апрелде конвойдун коштоосунда келип, арызын тапшырган жана БШК аны канааттандырган. Акыркы маалыматтарга караганда, Жунусалиев 10-апрелде үй камагына чыгарылды.

Жаңыдан мандат алган Улан Сариев коомчулукка Бишкек шаардык кеңешинин "Ынтымак" фракциясынын мурдагы депутаты катары белгилүү. Мындан тышкары, Сариев "Кереге-Таш Тревел" туристтик компаниясын жетектейт. 2023-жылы Ленин округу боюнча өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан. Ага "шайлоочуларды сатып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Ошол эле учурда коомчулукта №21 округдан келе турган Чыңгыз Айдарбековго эмне үчүн мандат берилбей жатат деген суроо актуалдуу бойдон калууда. БШК буга чейин ИИМден анын соттуулугу боюнча тактоо күтүп жатканын билдирген.

13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз менен кайрылды. Ал №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бош калган депутаттык мандатты ага өткөрүп берүү процесси негизсиз создуктурулуп жатканын билдирди.

Айдарбеков БШКнын Ички иштер министрлигинен жана Тышкы иштер министрлигинен "кошумча маалыматтарды күтүп жатабыз" деген жүйөсүн мыйзамсыз деп эсептейт.

"Колдонуудагы мыйзамдарда жана КР БШКнын Жоболорунда текшерүүдөн өткөн жана тизмеде расмий катталган талапкерге карата «маалыматты тактоо үчүн мандат берүүнү токтото туруу же создуктуруу» сыяктуу процессуалдык аракет каралган эмес. Бардык текшерүү иш-чаралары талапкерлердин тизмесин каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда так көрсөтүлгөн гана ыйгарым укуктарга ээ. КР БШКда тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен тастыкталган мыйзамдуу негиздер жок туруп, мандатты өзүм билемдик менен кармап туруу укугу жок" деген Айдарбеков БШКга жазган арызында.

10-мартта талган округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мыйзамга ылайык жана тизмедеги кезекке ылайык, бул мандат кийинки талапкер - Чыңгыз Айдарбековго берилиши керек. Бирок, БШК бүгүнкү күнгө чейин расмий чечим чыгара элек жана мандат берүү процессин токтотуп турат.