Уурулук, аткезчилик, контрчалгын. Телефондорду каттоонун кандай максаты бар?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жүрүп жатат. Уюлдук телефон менен кошо андагы сим карта, аны колдонгон адамдын да аты-жөнү да кошо катталууга тийиш. Бул маалыматтар баары мамлекеттик санарип же коопсуздук органдарынын көзөмөлүндө болот деген сөз.
Мобилдүү телефондорду милдеттүү каттоо чечимин өкмөт эки жыл мурда эле кабыл алган. Тийиштүү расмий органдар бул керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, тармактык коопсуздук чараларын сактоо жана телефон уурулук менен күрөшүү үчүн керек деп түшүндүрүүдө.
Ошол эле учурда бул ишке мурда кийин тиешеси бар адистер дагы бир максаты – аткезчиликке каршы күрөш экенин айтууда.

Азамат Буржуев, санарип технология боюнча эксперт:
“Эки жыл мурун Бажы кызматынын кирешелерди көтөрүү маселесин талкуулаганда, Кыргызстанда бажыдан чоң реэкспорт бар экенин биз тапканбыз. Телефон абдан көп экенин аныктаганбыз. Мисалы, жети млн калкка, он млн уюлдук телефон бар экен. Биз аны уюлдук компаниялардан тактап чыкканбыз. Бирок, Бажы кызматынан өткөн телефондордун аздыгын дагы биз көргөнбүз. Демек, телефондордун көбү Бажы кызматына катталбай, телефондун баасы миң доллар болсо, аны жууркан деп каттап кирген болушу мүмкүн”.
Буга чейин колдонууда болуп келген телефондор автоматтык түрдө катталганы кабарланды.
Каттоо үчүн телефондун IMEI жана сим-карта номери, жарандын толук аты-жөнү жана ПИН номери жазылып алынат. Мындан улам, жеке маалыматын бергенден чочулап тургандар дагы бар.
Кыргызстанда буга чейин телефонду, андагы сим картанын номурларын каттаган бирдиктүү маалыматтык система болгон эмес. Буга чейин сим-карта тууралуу маалыматтар бир гана уюлдук операторлордо болуп келсе, эми бул УКМКнын дагы көзөмөлүндө болот. Анын мааниси эмнеде экендигин түшүнүү кыйын деле эмес.
“Эмнеге мунун баары Улуттук коопсуздук комитетинде сакталып жатат? Анткени, бул абдан жашыруун маалымат. Ошол үчүн УКМК бул маалыматты эч жакка чыгып кетпегендей сактап, жашыруун системалар менен коргойт. Жарандардын сүрөт, видео, бир-бири менен алышкан кат жазышууларын көрүүгө мүмкүн болбойт. Бул андай деле кооптуу маселе эмес”,-дейт Азамат Буржуев.

Атайын кызмат телефон жана анын колдонуучунун маалыматтарын коопсуздук максатында, кылмыштуулукка каршы иштерде жана контрчалгын иштеринде да пайдаланышы мүмкүн деген да божомол болууда.
Чет элдик үлүшү бар компания
Каттоону чет элдик катышуучусу бар “Инмобайлс” компаниясы жүргүзөт дагы, ар бир телефонго салыктан тышкары 528 сомдон алат. Дал ушул жерде олуттуу суроо бар. Кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын чогултканга эмне үчүн чет элдик үлүшү бар компания тандалып алынганына так жооп жок.

Сүрөттүн булагы, 24.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ачык маалымат булактарында “Инмобайлс” компаниясынын негиздөөчүлөрү болуп Шарбель Эл Литани жана Татьяна Козырская жазылган. Компания телефон каттоого лицензияны 2021-жылы эле алган.
Бул суроого жоопту Санарип министрлиги алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы да бере албайт.
Ал эми компания “Инмобайлс” башка өлкөлөрдө да ушундай иштерди аткарып келатканын жүйө тартууда.
“Компания жарандардын персоналдуу маалыматын албайт жана жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт. IMEI код аппараттын техникалык мүнөздөмөсүн гана бере алат. Биз санарип өнүктүрүү министрлигинин лицензиясынын негизинде иш алып барабыз. Ошондой эле Жакынкы Чыгышта, Африкада, Перс булуңунда жана Евразияда ушул сыяктуу системаны ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбабыз бар”, - деп жазылат компаниянын жообунда.
Кыргыз жарандары колунда кармаган телефон, андагы сим картанын номуру, өзүнүн аты-жөнү каттоого берилип жатса, бул жеке маалымат катары эсептелбейби? “Инмобайлс” компаниясы жеке маалымат дегенди башкача түшүнөт окшойт.
Экинчи суроо каттоого төлөнгөн акча тууралуу. Компания ар бир телефондон каттоо учурунда 528 сом төлөнүп жатканына так түшүндүрмө бере алган жок. "Жеке маселе жок, бул жөн гана бизнеспи?"

“Инмобайлстын” ишин жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөөрүн айтууда.
“Агенттик мыйзамга ылайык, көзөмөл аткара алат. Башкача айтканда, маалыматтар Салык кызматы же башка жактан сыртка агып кетсе, биз ошол органга тиешелүү чараларды көрөбүз. Ал биздин мыйзамга ылайык, маалымат базаны кармоочу болуп эсептелет. Биз агенттик, операторлор тарабынан купуялуулук кандай сакталып жатканын көзөмөлдөйбүз. Бирок, эл аралык практикага ылайык, маалымат эч жакка чыкпайт деп эч ким жүз пайыз кепилдик бере албайт”, - дейт жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков.
Жакында эле жарым миллион кыргыз жаранынын маалыматына Team Insane Pakistan хакердик топ тарабынан сырттан чабуул болуп, ачыкка чыгып кеткени маалым. Ушундай окуядан кийин адамдардын жеке маалыматтарынын сакталышына мамлекеттик органдардын көзөмөлү жеткиликтүү болоруна ишеним азайып турган убак.












