Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан алынды. Ордуна Дамирбек Осмонов дайындалды

Сүрөттүн булагы, oficcial
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Досмамбетовдун ордуна Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
44 жаштагы Дамирбек Осмонов дарыгер-кардиолог, Түркиянын Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. Ачык булактарда эмгек жолун Стамбулдагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы госпиталында баштаганы айтылат. 2016-жылдан бери "Бикард" кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери.
"Ал Кыргызстандагы белгилүү кардиолог катары таанымал. Жогорку окуу жайын Түркиянын Анкара шаарында окуп бүтүргөн. Кийин билимин Стамбулда улантып, тажрыйба топтогон. 2016-жылы Кыргызстанга келип "Бикард" клиникасын негиздеген. Аталган клиника Кыргызстандагы эң белгилүү клиникалардын бири болуп эсептелет. Кыргыз, англис, орус жана түрк тилинде эркин сүйлөйт. Дүйнөлүк журналдарда көптөгөн илимий макалалары бар" деп билдирди Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков.
23-февралда социалдык тармактарга кызматынан алынган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана экс-депутат Эркин Жолдошалиевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиодо Досмамбетовдун ысымы да аталган. Досмамбетов өзү бул боюнча комментарий бере элек.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кылып эки ай мурун дайындаган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жооптуу кызматтарды аркалап, Жалал-Абад облустук башкармалыгын да жетектеген. Атайын кызматтын өкүлүн саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоо бул тармак үчүн сейрек көрүнүш. Бул дайындоо медицина кызматкерлери арасында кызуу талкууланган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулгандан бери бир катар мамлекеттик кызматкер да иштен алынды же өз эрки менен отставкага кетти.
































