Бакыт Төрөбаев кызматтан кетип, ордуна Эрлист Акунбеков дайындалды

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кызматынан кетти. Бул маалыматты Президенттик администрациядан Би-Би-Сиге билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
43 жаштагы Эрлист Акунбеков коомчулукта агрардык тармактын өкүлү катары белгилүү. Ал эмгек жолун банктарда иштөөдөн баштаган.
2011-жылдан баштап жеке секторго өтүп, "Ремстроймост" жана "ATS-Group" компанияларында аткаруучу директорлук кызматтарды ээлеген.
2014-жылдан тарта "ATS-Group" компаниясынын башкы директору жана "Кыргызстандын жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын" төрагасы катары агрардык тармакта жигердүү иш алып барган. Бул мезгилде ал заманбап башкаруу ыкмаларын жайылтуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча тажрыйбалуу адис катары тааныла алганы айтылат.
52 жаштагы Бакыт Төрөбаев 2022-жылы 28-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2023-жылы өкмөттүн орун басары кызматы менен катар суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматын да чогуу аткара баштаган.
Төрөбаев - президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевди 10-февралда иштен бошоткондон берки кызматтан кетип жаткан жогорку даражалуу жетекчи. Буга чейин бир катар министрлер отставкага кеткен.
Бир күн мурда, 23-февралда Бакыт Төрөбаевдин иниси Эркин Жолдошалиев (Эркин Төрөбаев) менен сүйлөшкөн аудиосу интернетке тарап кеткен. Бүгүн түшкө жакын Төрөбаев ал аудио боюнча түшүндүрмө берген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Интернетте тарап жаткан аудио боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. Анткени ар кандай божомолдор айтылып, саясатташып бара жатат окшойт.Биздин сүйлөшүүдөгү Эркин Торобаев — менин бир тууган агам Жолдошалинин уулу болот.Окуянын чоо-жайы төмөнкүдөй. Мурда Камчыбек Кыдыршаевич мага жолугуп калып: «Барселонанын жанында иниңдин жер тилкеси бар экен, сатып алалы деп жатабыз. Арзаныраак сүйлөшүп берчи», — деп кайрылган. Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан, бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама: "Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу", — деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем. Аудио жазуудан да угууга болот — сүйлөшүү туугандык деңгээлде гана болгон. Эч кандай мыйзамга каршы келген сөздөр айтылган эмес. Ошондуктан, тарап жаткан аудио жазууга байланыштуу менин атымды саясий максатта пайдаланбоону өтүнөм" деп айтылат Бакыт Төрөбаевдин Би-Би-Сиге жазуу түрүндө берген комментарийинде.
23-февралда тараган видеодо Жолдошалиев делген адам Таймурас Ташиев анын жерин сатып алганын, бирок ал жердеги заводдун шаймандарын, темир-тезектерин алып кетүүгө мүмкүндүк бербей койгонун айтып жатканын угууга болот.
"Мен бош жерди берем деп саткам. Заводду алып койбодубу. Жерди сатып, бирок заводду саткан эмесмин да. Бузуп алып кетем деп айткам. Заводду Таймурас алып койду", - дегенин угууга болот Эркин Жолдошалиев делген адамдын. Ошондой эле ал бир жылдан бери АКШда жүргөнүн айтат. Кыргызстанда ага кылмыш ишин козгойбуз дегендер бар экенин да билдирген.
Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы ишканаларды "рейдерлик жол менен басып алды" деген айыптоолорго байланыштуу комментарий берди. Таймурас Ташиев "Регион" телеканалына маек берип, "айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатат" деп билдирди.
"Ал жакта эч кандай завод жок эле. СССР кулагандан кийин эч нерсе калган эмес. Алар жөн гана элди адаштырып жатышат. Адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алган эмесмин, мен сатып алганмын. Жаңылбасам, 470 миң долларга алсам керек эле. Ал жакта темирлер, трубалар бар болчу, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ал жерде өрттөнүп кеткен бир имарат бар болчу, биз ал жерге мектеп куралы деп жатканбыз. Бизге Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, себеби сатуучу ага тууган болчу. Төрөбаев баасын түшүргөнгө жардам берген. Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат, Орозо учурунда биз аларды кечирдик", - деди Таймурас Ташиев.
Бакыт Төрөбаев ким?
Бакыт Төрөбаев тажрыйбалуу жетекчи, өндүрүшчү жана партия лидери катары белгилүү. Ал 2000-жылдан 2007-жылга чейин "Мариям" ун заводун башкарган.
Төрөбаевдин саясий карьерасы 2007-жылы "Ак жол" партиясы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу менен башталган. 2009-жылы ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. 2010-жылы апрель окуясынан кийин кызматынан бошотулган. Ушул эле жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо ал "Республика" партиясы менен парламентке келген.
Төрөбаев 2012-жылы өзүнүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясын негиздеген. Анын жетекчилиги астында партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ийгиликке жетип, Жогорку Кеңешке келген.
Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.
2022-жылы ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2023-жылы өкмөттүн орун басары кызматы менен катар суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматын аткарып келе жаткан.
Бакыт Төрөбаев - ардагер энергетик, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эргеш Төрөбаевдин уулу.
































