Орозо: курма менен ооз ачуунун пайдасы

Две девушки в хиджабах сидят рядом друг с другом и улыбаются. Девушка слева, чьи хиджаб светло-лилового цвета с блестками, передает миску с финиками девушке справа, которая носит черный хиджаб и ест финик.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курмада орозо кармагандарга керектүү болгон көптөгөн азык болчу заттар бар
    • Author, Кейт Боуи
    • Role, Би-би-си
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Дүйнө жүзү боюнча орозо кармаган миллиондогон мусулмандар Рамазанда күн батканда оозун курма менен ачышат.

Бул ыйык Орозо айында дени сак мусулмандар күн чыккандан батканга чейин оозун бекитип, тамак да жебейт, тамчы суу да ичпейт. Орозо – Ислам дининде беш парздын бири.

Оозду курма менен ачууну Мухаммед пайгамбар сунуш кылган экен жана курма тууралуу ыйык Куран китебинде да бир нече жеринде айтылат.

Бул данектүү мөмөнүн ден-соолукка пайдасы көп, ошол себептен орозо кармагандар үчүн эң зарыл азыктардын бири болуп саналат.

Курманын кайталангыс азык касиеттери

Курманын курамы аш болумдуу, ошондуктан ал орозо маалында кынтыксыз азык болуп эсептелет.

"Бир күн бою орозо кармап, оозду ачып жатканда денеңиз глюкозаны өндүрүүгө аракет кылат, себеби, глюкоза ага күч-кубаттын булагы катары керек", - дейт өзү да орозо кармаган британ диетологу Шенназ Башир.

Курмада канттын өлчөмү кыйла жогору, ошол себептен ал башка азыктарга караганда кандагы канттын деңгээлин тезирээк көтөрүүгө жардам берет.

"Курмада жөнөкөй канттар гана эмес, ошону менен бирге татаал углеводдор да бар – ошондуктан, курма уникалдуу азык", - деп кошумчалайт Башир.

Курма энергияны акырындап, этияттык менен бошотот, ошол себептен бир күн бою эч нерсе жебей жүргөндөр үчүн курма абдан пайдалуу болот. Курма В6, А жана К витаминдерине, ошондой эле темирге бай келет, бул болсо организмге бардык керектүү азыктарды кыска убакыттын ичинде алууга шарт түзөт.

Суунун балансы үчүн да зарыл

Курма кургатылган мөмө болгону менен, ал суунун балансын сактоого да жардам берет.

Курмада суюктукту организмдин клеткаларына тартуу менен, суу үчүн магнит болуп берген калий электролити бар.

"Көптөгөн адамдар курма жана суу менен ооз ачышат, бул күч-кубат алуу үчүн да, суунун балансын сактоо үчүн да мыкты вариант, - дейт Башир. – Ошондуктан, курма жегенде адатта кошумча электрлиттерди ичүүнүн зарылчылыгы деле болбойт".

Диетолог Шенназ Башир сидит на улице и улыбается в камеру. На ней белая блузка, вышитая цветами.

Сүрөттүн булагы, Shehnaz Bashir

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курма ооз ачып жатканда ашыкча тоюп албоого да жардам берет, дейт диетолог Шенназ Башир

Ашыра тоюп алуунун кесепеттери

Рамазан айында кээ бир адамдар салмак ташташат. Ошол эле маалда ооз ачарда ашыра жеп алып, тескерисинче, бир айда жакшы эле салмак кошкондор да аз эмес.

Салт боюнча мусулмандар так санда курма менен ооз ачып, намазга жыгылгандан кийин гана шашпай отуруп тамак ичишет.

Организм булалуу курманы сиңире баштаганда, адам өзүн ток сезип, ашыкча сугалактабай калат.

"Бул организмге "керектүү азыктар алынды жана тамак сиңирүү процесси башталды" деген белгини бергендей болот", - дейт Башир.

Крупный план горсти сушеных фиников.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курма Рамазан айында организмге оор тамактарды сиңирүүгө жардам берет

Курманын тамак сиңирүүдөгү ролу

Ич катып, көөп чыгышы орозо кармаган мусулмандардын арасында кеңири жайылган көйгөй. Себеби бир күнү бою тамак жеп, суу ичип жүргөндө адамдын ичегиси тынымыз иштей берет, бирок узакка созулган орозодо мындай болбой калат.

Курма клетчатканын мыкты булагы болуп саналат, ал заңдын ичегилерден оңой өтүшүнө жардам берет.

Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы адамга күнүнө 30 грамм клетчатка керектигин эскертет.

"Рамазан айында биз кээде таттууну адаттан тыш каалайбыз, бирок бул ыйык айда тамактанууңузду пландап, алдын ала даярдап алсаңыз, организмди клетчатка менен камсыздай аласыз", - дейт Башир.

Жеген тамагыбызда клетчатканы көбөйтүүнүн дагы бир жеңил жолу – тамактарга жаңгактарды жана чемичкени кошсоңуз болот.

Курманы жактырбагандар эмне кылышы керек?

Маал-маалы менен тамактан баш тартып, "алкымды тыюу" диний себептерден гана эмес, ошону менен бирге ден соолукка пайдасы үчүн да популярдуу болуп жатат.

Эгерде сиз курманы жактырбасаңыз, анын ордуна жесе боло турган дагы жүздөгөн азыктар бар.

"Алардын ар биринин курамы ар башкача болот: кээ бирлери илээшчээк, айрымдары абдан жумшак, дагы биринин кабыгы калың, башкалардыкы ичке болот", - дейт Башир.

Эгерде буга да көнбөсөңүз, анда курмадан смузи жасап ичиңиз.

"Курма менен сүттү аралаштырыңыз, бир аз йогурт менен жаңгак кошуп, жакшылап чайкап алып иче берсеңиз болот, - деген кеңешин берди диетолог. – Бул көптөгөн маселени чечүүгө жардам берген чындап пайдалуу азыктар". (ZMa)