Москвада Савелово вокзалында жанкечти өзүн жардырып, полициячы каза болду

Сүрөттүн булагы, Pavel Seleznev/TASS
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
24-февралга караган түнү Москвадагы Савелово вокзалында жардыруу болуп, бир полиция кызматкери каза тапты, дагы экөө жаракат алды. Жардырууну уюштурган адам да окуя болгон жерде мерт болду, деп билдиришти тергөө органдары. Ушуга окшош жардыруу эки ай мурда да болгон, анда үч адам, анын ичинде Жол Күзөт кызматынын эки кызматкери каза тапкан. Ушул күндөрү мындай окуялар Украинада да катталууда.
Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренконун айтымында, түн ичинде Савелово вокзалынын аянтында нөөмөттө турган үч жол кайгуул кызматынын кызматкерине бир эркек киши жакындап келип, "өзүн өзү жардырган".
"Жол патрул кызматынын бир кызматкери жана кылмышкер окуя болгон жерде каза болду", - деди Петренко. Калган эки полиция кызматкери ооруканага жеткирилген.
Жанкечтинин өздүгү азырынча аныктала элек.
Окуя болгон жерден алынган кадрларда полициянын кызматтык унаасы катуу жабыркаганы көрүүгө болот. Унаанын кузову ичинен сыртка карай ийилип кеткен, бирок өрт чыккан эмес, деп жеринен ТАСС агенттигинин кабарчысы билдирди.

Сүрөттүн булагы, Pavel Seleznev/TASS
Буга чейин Орусиянын ИИМи жардыруу вокзалда болжол менен саат 00:05 чамасында орун алганын билдирген. "Кызматтык унаада отурган полиция кызматкерлерине бир адам жакындап келген, андан кийин белгисиз жардыруучу каражат жарылган", - деп айтылат бул тууралуу расмий билдирүүдө.
Окуя болгон жерге Ички иштер министри Владимир Колокольцев барганын РИА Новости агенттиги кабарлады.
Каза болгон 34 жаштагы полициянын улук лейтенанты Денис Братущенко экени такталды, ал Жол Кайгуул кызматынын өзүнчө батальонунун инспектору болгонун ИИМдин өкүлү Ирина Волк билдирди.

Сүрөттүн булагы, Pavel Seleznev/TASS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул - соңку эки айдагы Москвадагы ушундай экинчи жардыруу болуп атат.
24-декабрга караган түнү Москвадагы Елецкая көчөсүндө болгон жардырууда үч адам, анын ичинде Жол Кайгуул кызматынын эки кызматкери каза тапканын Тергөө комитети маалымдаган.
Тергөө версиясы боюнча, анда полиция кызматкерлери шектүү делген адамды кармоого аракет кылышканда жанкечти жардыргыч каражатын ишке киргизген. Окуяда полициянын лейтенанттары Илья Климанов жана Максим Горбунов каза болушкан Үчүнчү адамдын аты-жөнү расмий айтылган эмес.
Baza жана башка телеграм-каналдар декабрдагы жардыруу турак үйдүн жанында болгонун жазып чыгышукан. Ушул эле аймактан буга чейин автоунаанын жарылуусунан Орусиянын Башкы штабынын оперативдик даярдык башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болгон.
22-февралга караган түнү Украинанын Львов шаарында да соода борборунун жанында полиция кызматкерлери чакырылып, айтылган жерге келгенден кийин жардыруу болгон. Анда 23 жаштагы полиция кызматкери Виктория Шпилька каза болуп, 25 адам жаракат алган. Шектүү катары Ровно облусунун тургуну Ирина Саветина кармалган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Львов шаарынын мэри Андрей Садовой бул окуяны теракт деп аташкан. "Аткаруучулар телеграм аркылуу жалданган. Терактты уюштуруу - орус тарапка таандык", - деген Зеленский. Орусия анда бул билдирүүгө комментарий берген эмес.
23-декабрда дагы эки жардыруу украин полициясынын жанында - Николаев жана Днепр шаарларында болгон.
Николаевде кечки саат 18:10 чамасында май куюучу жайда нөөмөт алмашууга келген патрулдук полиция кызматкерлери турган учурда жардыруучу каражат жарылган. Жети полиция кызматкери жаракат алганын Украинанын Улуттук полициясы билдирген эле.
Днепр шаарында болжол менен саат 20:30да полициянын административдик имаратында жардыруу болгон. Жабыркагандар жок, бирок жардыруунун толкуну терезелерге, эмеректерге жана компьютердик техникага зыян келтирген.
Николаевдеги жардырууну украин бийлиги теракт катары баалаган. Орус бул жардыруулар боюнча комментарий берген эмес. Украина да Москвадагы жардыруу боюнча расмий комментарий жасаган жок.
































