Евробиримдик Венгриянын позициясына карабастан, Киевге 90 млрд евро насыя берет

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Украинанын президенти Владимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Украинанын президенти Владимир Зеленский
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик Украинага 90 млрд евро өлчөмүндө насыя берүүгө жана Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин киргизүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Бул чечимге Венгрия вето койгонуна карабастан ишке ашырылмакчы.

Венгрия Киев «Дружба» мунай кууру аркылуу карамайдын транзитин калыбына келтирмейинче, насыя бөлүүнү жана жаңы санкциялар пакетин макулдоону бөгөттөй турганын жарыялаган. Украина болсо өз аймагы аркылуу өтүп, Венгрия менен Словакияга орус мунайын ташыган бул куур 27-январда Орусиянын соккуларынан улам жабыркаганын билдирүүдө.

«Мага так айтууга уруксат бериңиздер... Насыя Еврокеңештеги 27 мамлекеттин жана өкмөттөрдүн башчылары тарабынан макулдашылган. Алар сөз беришкен. Бул сөз бузулбашы керек», — деп билдирди фон дер Ляйен Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта менен өткөн биргелешкен маалымат жыйынында.

«Биз насыяны кандай болбосун беребиз. Дагы бир ирет тактап коеюн: бизде ар кандай варианттар бар жана биз аларды колдонобуз», — деп айткан Еврокомиссиянын башчысынын сөзүн AFP агенттиги келтирет.

Зеленский куурдун жабыркашына Орусия гана жооптуу экенин жана ал оңдолгондон кийин деле орус аскерлери аны кайрадан бутага алышы мүмкүн экенин айтты. Словакиянын Экономика министрлиги шейшемби күнү «Дружба» кууру аркылуу орус мунайын жеткирүү бейшемби күнү калыбына келиши күтүлүп жатканын билдирди.

выа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Батыш лидерлерин Киевди колдоого жана Орусияга басымды күчөтүүгө чакырды

Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнүн төрт жылдыгында Киевде жыйын өткөргөн «каалоочулардын коалициясынын» лидерлери биргелешкен билдирүү таратты. Анда Украинаны колдоону улантуу жана Орусияга экономикалык басымды күчөтүү зарылчылыгы белгиленген.

Билдирүүдө айтылгандай, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин чакыруусу менен өткөн онлайн жолугушууга 30дан ашык лидер кошулган.

«Лидерлер БУУнун Уставынын принциптерине ылайык, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн биргелешип иштөөгө чектөөсүз берилгендигин дагы бир жолу ырасташты. Алар эл аралык чек аралар күч менен өзгөртүлбөшү керектигин кайталашты. Лидерлер АКШнын тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча аракеттерин кубатташты», — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун катышуучулары Орусияны сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга жана ок атышууну толук жана шартсыз токтотууга макул болууга чакырышты. Ошондой эле, алар 2026-жылдын январында Парижде макулдашылгандай, «каалоочулар коалициясы» Украина үчүн көп улуттуу күчтөр аркылуу коопсуздуктун көп деңгээлдүү кепилдигин камсыз кылууда ролун аткара турганын ырасташты.

Батыш лидерлери Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү, анын «көмүскө флотуна», мунай соода түйүндөрүнө, аскердик-өнөр жай комплексине жана финансылык тармактарына сокку уруу аркылуу экономикалык басымды күчөтүүнү убада кылышты. «Чоң жетинин» лидерлери өзүнчө билдирүү менен чыгып, Европа тынчтык жараянында башкы ролду ойношу керектигин белгилешти.