200 миң аскер каза болгон: согуш жүргөн төрт жыл ичиндеги Орусиянын жоготуулары

Журналисттердин эсептөөсүндө, соңку айда эле каза тапкан жарандардын саны 35 миңге жеткен.

Сүрөттүн булагы, ANDREY BORODULIN/AFP via Getty Images

    • Author, Кабарчылар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украинага Орусия бастырып киргенден берки төрт жыл ичинде кеминде 200 186 орус аскер кызматкери каза тапкан. Би-би-си "Медиазона" басылмасы менен бирдикте, ыктыярчылар тобунун жардамы менен ачык булактарга таянып ушундай эсептөөлөрдү келтирет.

Бул Би-би-си Орус кызматынын материалы, анын толук мазмунда бул жактан таап окуй аласыздар.

Каза тапкандардын 57% бул - ыктыярчылар, мобилизацияланган жарандар жана согушка түзөтүү колонияларынан жөнөтүлгөндөр.

Журналисттердин эсептөөсүндө, соңку айда эле каза тапкан жарандардын саны 35 миңге жеткен. Бул фронттогу азыркы кырдаалга байланыштуу эмес рекорддук көрсөткүч.

Соңку 12 айда каза тапкандар тууралуу жарыялар дагы деле келип жатат, былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарууга дагы бир нече айлар талап кылынат. Бирок тенденция дааналанып калды.

Ушу тапка журналисттерге былтыр каза тапкан 49 миң 935 орус аскеринин аты-жөнү белгилүү болду. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөргө караганда аз, анда кеминде 83 миң 706 орус аскери жана офицери каза тапты делген. Бирок 2025-жыл үчүн иштелип чыга элек кабат-кабат некрологдор бар.

Журналисттер былтыр каза тапкан орус аскерлеринин саны 90 миңден ашып түшөт деп баалап жатышат.

2025-жылы 2024-жылга караганда 40% көп некрологдор жарыяланган. Ошону менен тынчтыкка келүү тууралуу дипломатиялык жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдүн көптүгүнө карабай, орус армиясы үчүн 2025-жыл, сыягы, эң кандуу болуп калчудай.

Ыктыярчылар орус армиясын толукточу негизги булак.

Согушту изилдөөчү Америкалык институт (ISW) орус армиясы билимдүү, жакшы даярдыктагы офицерлерди талап кылган оор маневрларды азыраак колдоно баштады деп эсептейт. Орус армиясы барган сайын артиллериялык сокку жана толкундуу штурм чабуулуна басым жасоодо.

ISW жана британ аскердик чалгындын маалыматы боюнча согуштун алдыңкы саптарындагы чарчаган бөлүктөрдү толуктоонун негизги булагы бул - ыктыярчылар болууда.

2024-жылдын февралына карата каза тапкандардын 40% - бул орус армиясы менен согуш башталганы келишимге кол койгон жарандар. 2023-жылы, мындай категориядагы аскерлерге өлүмдөрдүн 20% гана туура келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эскперттер Москва армияга ыктыярчылардын керектүү агымын камсыздай бере алат деген пикирде.

"Орус экономикасы жайлап, эмгек акылары төмөндөгөн сайын келишимге кол коюп, согушка барууну мүмкүнчүлүк катары караган жарандардын саны өсүштө боло берет", - дейт Европалык саясатты анализдөө борборунун кызматкери Александр Коляндр.

Орусияны толук ала турган болсок, Москвада жоготуулар деңгээли өтө аз: 10 миң эркек кишиге бештен каза тапкан адам туура келет. Экономикалык жактан анчейин региондордо, мисалы, Бурятияда жана Тувада бул көрсөткүчтөр 27 жана 33 эсе ашып түшөт.

"Согушта чоң жоготууларды орус коомунун башынан эле, билим каржы жана саясий ресурсу аз бөлүгү башынан өткөрүп жатат. Сыягы, Кремл башынан эле коомдун ресурстуу бөлүгү үчүн бул согуш болушунча байкалбас болгонуна эсеп кылса керек", - деп Би-би-сиге түшүндүрдү Лондондогу Королдук коллеждин Орусияны иликтөө институтунун директору Гульназ Шарафутдинова.

Журналисттер ачык булактар аркылуу аныктаган орус тараптын жоготуулары, чынында, мындан да көп болушу толук мүмкүн. Аскерий серепчилер, журналисттер күмбөз, мемориал жана некрологдор аркылуу санакка алган каза тапкандардын саны жалпы каза тапкандардын 45%дан 65% чейинкисин гана камтырын айтып жатышат.

Себеби, соңку айларда каза тапкан аскерлердин сөөктөрүнүн көбү талаада калган, алардын денесин чыгарып кетүү тирүү аскерлерге коркунуч жаратат, себеби алар дрондордун аткылоосуна бута болуп калышы мүмкүн.

Ошону менен алганда, орус тараптан каза тапкандардын чыныгы саны 308 миңден 445 миңге чейин барышы мүмкүн.