Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөй турганы айтылды

Сүрөттүн булагы, Official
Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат" деп жазды Аскат Алагөзов Фейсбукка.
Былтыр 3-сентябрда мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштаган. Эки күн өтпөй, 5-сентябрда мыйзам долбоору коомдук талкуунун бирдиктүү порталына илинген. Ал эми 10-сентябрда документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапкан.
Шаардык кеңештин депутаттары андан көп узабай, 27-сентябрды Манас шаарынын күнү деп белгилөө чечимин кабыл алышкан. Бул дата ошол кездеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин туулган күнүнө дал келери айтылган. Камчыбек Ташиев шаардын макамы өзгөрөрүн, болочокто борбор болуп калышы мүмкүн экенин да айткан:
"Саясатчылар буга чейин Манас шаары борбор болуп калышы мүмкүн деп айтып жатышпадыбы. Аны келечек көрсөтөт. Биз ошого татыктуу болсок, эмне үчүн болбойт? Кудай кааласа, болот. Ага татыктуу болушубуз керек. Бул үчүн шаарыбызды даярдашыбыз керек. Элибизди даярдашыбыз керек".
Мурдагы Жалал-Абад, азыркы Манас – Кыргызстандагы үчүнчү чоң шаар. 1877-жылдан бери шаар деген макамга ээ. Ал эми 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору катары аныкталган.
Бишкекке республикалык шаар деген макам 1994-жылы 14-декбарда, Ошко 2003-жылы 11-июнда ыйгарылган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Жапаров менен Ташиевдин саясий тандеми ыдырагандан кийин өлкөдө бир катар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып, кээ бирлери өз эрки менен отставкага кетти.
Өткөн аптада мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрнисбек Ормоков калаа башчылыгынан бошотулуп, анын ордуна Абдупата Маткаликов мэр болуп дайындалды.
































