Украинаны жактаган активист милицияга чакырылганын айтты

Сүрөттүн булагы, social media
Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата видео жарыялаган кыргызстандык активист Өндүруш Токтонасыров күч органдарында маекке чакырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.
24-февралда Өндүрүш Токтонасыров коомдук сайттардагы өз баракчасына Украинанын байрагы менен кыска видео жарыялаган.
"Дүйнөлүк коомчулук украин элине суктанат жана таазим этет. Анткени украин эли тынчтык эмне экенин, көз карандысыз үчүн күрөшө билүү эмне экенин иш жүзүндө каармандык менен көрсөтүп келе жатат. Мен чын жүрөктөн каалайм: украин жергесине, элине тынчтык келсин. Ар дайым тынчтык болсун. Украинага даңк!"- дейт ал видеодо активист.
Бул посттон кийин Өндүрүш Токтонасыров өзү аны Бишкек ШИИБине чакырышканын жазып чыккан. "Милиция ишемби күнү жолугушууга чакырды, адвокатым менен даярданып жатабыз"- деди активист Би-Би-Сиге.
Токтонасыров 2022-жылы декабрда Бишкектеги орус элчилигинин алдында согушка каршы акция уюштурганы үчүн кармалып, камалып да чыккан.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин кайталап келет. Бишкекте , ал тургай, 2022-жылы жергиликтүү бийлик чечимдеринин негизинде орус-украин конфликтиси боюнча тынч чогулуш, митинг жана акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө да киргизилген.
Быйыл Орусиянын Украинага бастырып киргенине беш жылга ооду. АКШ ортомчулук кылып жаткан согушту токтотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр соңку жолу Женевада, ага чейин Абу-Дабиде өтүп, бирок азырынча мунасалар табыла элек.
Украинага Орусия бастырып киргенден берки төрт жыл ичинде кеминде 200 186 орус аскер кызматкери каза тапты. Би-Би-Синин Орус Кызматы "Медиазона" басылмасы менен бирдикте, ыктыярчылар тобунун жардамы менен ачык булактарга таянып ушундай эсептөөлөрдү келтирет. Аскерий серепчилер орус тараптан каза тапкандардын чыныгы саны 308 миңден 445 миңге чейин барышы мүмкүн экенин белгилешет.
Зеленскийдин февралдагы соңку билдирүүсү боюнча Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөштө 55 миңдей аскер каза тапты.
































