"Кордук көрдүк". УКМКнын ишмердигине нааразы ишкерлер арызданууда

Сүрөттүн булагы, courtesy
Саипжамал Абдукаимова Кыргызстандагы белгилүү ишкер, тогуз жылга соттолуп кеткен Имамидин Ташовдун апасы. Ал уулу ак жерден темир тор артында отурганын айтып, ишти кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арызданганы турат.
"Мамлекетке зыян келтирген жок, бирөөнү урган жок, тепкен жок, өлтүргөн жок. Анан тогуз жылга камап койгону мен үчүн өтө өкүнүчтүү. Мен соттун бардык отурумдарына катыштым, бир да далил жок. Бирөө дагы, ооба, ушул бала начар, мамлекетти басып алам деген деп айткан жок. Анан кайсы айыбы үчүн күнөө коюшту, эч түшүнбөдүм. Азыр эми чоң үмүт менен арыз жазганы жатабыз. Акыйкат чечим чыгарып, соттор баламды боштондукка чыгарсын деп арыз жазганы жатабыз", - деди Саипжамал Абдукаймова.
Ишкердин апасы Имамидин Ташов кармалган учурда да, тергөө маалында да кыйноого кабылганын, күнөөсү жоктугун, бизнесин тартып алуу максатында жасалма иш козгошконун айтууда.
"Айдай баламды камап коюшту. Жер төлөөгө алып барышып, тээп, ток менен кыйнашкан. Тепкилегенден кийин балам кан сийип калыптыр. Мен ошолорду угуп, эки жылдан бери дендароо болуп жүрөм, стрессте жүрөм. Кантип басып жүргөнүмдү, кантип чай ичип жатканымды да билбейм".
Kg Group курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов 2024-жылы 9-январда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, белгисиз жерде сегиз күн кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан.
Эртеси эле ага "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Парламент жыйынында УКМКнын ал кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлери андан пара талап кылганын четке каккан.
"Бизге төгүп жаткан же УКМКга төгүп жаткан акчалардын баары атайын эсепке түшөт. Мамлекеттин бюджетине кетет. Аны бир дагы кызматкер, мен же башкабыз көрбөйбүз. Имамидин Ташов калп сүйлөп, видеокайрылуу жасаганга өтүп алды. Ойноп жүрүп бир күнү бели сынат", - деген Ташиев.
УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын кабарлаган. Атка минер Бишкекте KG Group компаниясы курган тогуз объект бар экенин, үч үй пайдаланууга берилгенин, калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына электигин айткан.
Имамидин Ташов 2024-жылы апрелде кармалган. Ал кыйноого кабылганын айтып, бир нече жолу өзүнө кол салган. Ал гана эмес сот отуруму учурунда каршылык иретинде мойнун учтуу нерсе менен тилип жиберүүгө чейин барган.
Курулуш тармагында ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого ат салышкан болчу.
"Стресстен ашказанды жара басты"

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
УКМКга каршы арызданууга камданып жаткан дагы бир ишкер Исабек Абдыгазиев. Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Чар Тревел" эс алуу жайын иштетип келген. Эки жыл мурун ал жер мамлекеттин карамагына өткөн. Ишкер бул жерде УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин кызыкчылыгы болгонун айтууда:
"Бизнесимди УКМКнын жооптуу кызматкери, азыр Жакыпбеков Эду деп жатышпайбы, ошолор талкалашты. Ошонун атасы жаныбыздан сарай сатып алып, анан бизди ал жактан мыйзамсыз сүрүп чыгарышты".
Би-Би-Си ишкердин дооматы боюнча экинчи тараптын пикирин угуу үчүн УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакындары менен байланышууга аракет жасады. Бирок сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Апасы кыскача гана "сүйлөп бергенге шайым жок" деген жооп кайтарды.
Редакция "Коррупцияга" айыпталып эки айга камалган Элдар Жакыпбековдун жактоочуларын пикирин угууга даяр.
Убагында "Чар Тревел" эс алуу жайынын иши боюнча УКМК маалымат таратып, ишкер мамлекетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөй келгенин кабарлаган:
"2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ат-Башы районундагы "Чар" токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес".
Исабек Абдыгазиев бир жарым ай камакта жатканын, кысымга туш болгонун, жерди өткөрүп бергенден кийин бошотулганын айтат. Ат-Башыдагы эс алуу жайын сегиз жыл иштетип, 58 миллион сом сарптаганын, алган насыясын алигиче төлөп жатканын билдирүүдө:
"Ал жерди мамлекетке өткөрүп бергениме эки жыл болсо дагы, банкка кредитти өзүм төлөп отурам. Өкмөткө кайрылсам, өзүңүз төгөсүз деп макул болбой койду".
Эми ишкер иши убагында адилеттүү тергелбей калганына даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазууга камданууда. Бир кезде жергиликтүү элдин жана туристтердин сүйүктүү жайына айланган жай азыр каралбай калганын, бизнесинен ажырап, ден соолугу начарлаганын айтып кейийт:
"УКМК десе эле прокуратура да, соттору да сөзүмдү тыңдаган жок. УКМКнын жүйөсүн эле туура деп туруп алышты. Түрмөдөн чыккандан кийин ооруп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Стресстен ашказанымды жара басып, бир айдан ашык ооруканага жатып чыктым".
Арызданууларды Аскердик прокуратура териштирүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлеринин кысымына туш болгон ишкерлер Башкы прокуратурага арызданып жатканы айтылууда. Жергиликтүү басылмалардын бири өз булактарына таянуу менен арыздангандардын саны 500гө жеткенин кабарлады. Бирок көзөмөл орган бул санды ырастаган жок, ошол эле маалда атайын кызматтын өкүлдөрүнө каршы арыздангандардын ишин Аскердик прокуратура карап жатканын билдирди. Би-Би-Си УКМКнын мурдагы кызматкерлеринен "кордук көргөнүн" айткан айрым ишкерлер жана алардын жакындары менен баарлашты.
Имамидин Ташовдун апасы менен Исабек Абдыгазиев УКМКнын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанууга бел байлаган жалгыз кишилер эмес.
Акыркы күндөрү УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн ишкерлерден жана жарандардан арыздар түшө баштаганы айтылууда. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, 500дөй арыз түшкөнүн билдирген. Бирок Башкы прокуратура бул санды ырастаган жок. Анткен менен Аскердик прокуратура тарабынан УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:
"Азыркы учурда Аскердик прокуратура тарабынан УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата бир катар иштер боюнча иликтөө жүрүп жатат, ошондой эле жарандардан арыз жана кайрылуулар түшүүдө. Материалдардын саны жана алардын мазмуну тууралуу маалыматтар тергөө амалдары аяктаганга чейин айтылбайт", - деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.
Мурдараак президент ишкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотууну тапшырган. Садыр Жапаров УКМК реформа болорун, ал чалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизмге каршы күрөш сыяктуу иштер менен гана алектенерин билдирген. Жапаров Тергөө комитети түзүлүп, бул орган преидентке түздөн-түз баш иерин жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Аны менен кошо бир катар орун басарлар да алмашкан. Атайын кызматтын айрым башкармалыктарынын жетекчилерине жана тергөөчүлөрүнө кылмыш иштери козголуп, камалды.
Алар криминалга аралашып, ишкерлерди опузалап жүргөнү тууралуу кабарлар тарады. "Эду жана анын кырк чоросу" деген топ бар экени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жайылтылды.
Бул окуя парламент депутаттары арасында да кызуу талкуу жаратып, УКМК соңку беш жылда тергеген кылмыш иштери кайра каралышы керек деген талаптар да айтылды.
Көп өтпөй УКМК соңку беш жыл ичинде атайын кызмат тергеген бардык кылмыш иштерин кайра кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү сунушуна байланыштуу түшүндүрмө таратты.
Маалыматта кылмыш иштерин кайра кароо укугу сот жана прокуратура органдарына гана таандык экени белгиленген.
































