"Тынч жашоону каалайбыз". Кыргызстанда жынысты өзгөртүүгө тыюу салуу сунушталууда

Жыныс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Венера Осмокеева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстанда жынысын өзгөртүүгө байланышкан мыйзам долбоору коомдун талкуусунда. Анда жынысын алмаштыруу гана эмес, паспорттогу маалыматты өзгөртүүгө да тыюу салуу сунушталууда. Демилгечи жынысын өзгөртүү кыргыз коомунун салт-санаасына, баалуулуктарына туура келбейт деп эсептейт. Айтымында, мамлекет коомдогу калыптанган эрежелерди коргоого тийиш. Ошол эле учурда кабатыр болуп, долбоорго каршы пикирин билдиргендер да жок эмес.

Учурда Дамирди эң көп түйшөлткөн нерсе - документи. Анын мурдагы жана азыркы келбетин салыштырып болбойт. Алгач документ алганда мөлтүрөгөн сулуу кыз, учурда кадимки эркек.

"Документимде мурдагы аты-жөнүм жазылган. Жынысым аял деп турат. Мунун айынан жумуштан куулган учурларым да болгон. Азыркы жумушумда айласыздан өзүмдү кызмын деп иштеп жүрөм. Эң эле жөнөкөй барга киргенде, пиво сатып алганда айрым учурда паспорт сурашат. Аэропортко барганда кадимкидей дүрбөлөңгө түшөм. Чатак чыгып кетпесе экен, тийишпей өткөрүп жиберсе экен деген ой жеп салат. "Сенин паспортуң эмес" деп кармап алган учурлар көп болгон. Бул абдан коркунучтуу",- деди Дамир.

Дамир бала кезинен эле өзүнүн элестүү дүйнөсүндө жашап келген. Чоңойгон сайын анын жүрүм-туруму менен катар жан дүйнөсүндө да түшүнүксүз өзгөрүүлөр башталган. Курбу кыздары менен аралашып, тил табышууга аракет кылганы менен, толук камыр-жумур болуп кете алган эмес. Акыркы жынысын алмаштыруу тууралуу оңой эмес чечимди кабыл алган.

"Биз башкалар сыяктуу эле тынч жашоону каалайбыз. Коркпой-үркпөй, достор менен бирге күн кечирип, саякаттагыбыз келет. Бирок реалдуулук андай эмес",- деди Дамир.

Дамир (аты өзгөртүлдү)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дамир (аты өзгөртүлдү)

Учурда сунушталып жаткан мыйзам боюнча Алексей (аты өзгөрдү) да кабатыр болуп турат. Ал 2020-жылдан бери трансгендерлер үчүн документтеги гендердик маркерди же ПИНди алмаштыруу дээрлик мүмкүн болбой калганын айтат. Эгер жаңы мыйзамдын долбоору кабыл алынса, абал мындан да оорлошот деп эсептейт.

Айтымында, документ маселеси анын күнүмдүк жашоосуна абдан чоң көйгөй жаратууда. Алексей үчүн да жумуш табуу өтө чоң көйгөй. Азыр ал туруктуу ишке орношо албай, ар кайсы жерде убактылуу жалданып иштеп жүрөт.

"Кээде көмүскө, мыйзамсыз иштеп жаткан жерлерден жумуш чыгып калса, ошого да ыраазы болом. Анткени расмий ишке орношо албайм. Документиңди карап туруп эле шектенип башташат. Суроо үстүнө суроо беришип, жумушка албай коюшат". Мындай учурлар менин жашоомдо абдан эле көп болот",- деди ал.

Алексей 2020-жылга чейин айрым тааныштары документи менен бирге аты-жөнүн, гендердик маркерди өзгөртүүгө жетишип калганын айтат. Алардын айрымдары бүгүн 60 жашка чукулдап калган.

Алексей (аты өзгөрдү)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей (аты өзгөрдү)

Долбоордун маани-маңызы

Марлен Маматалиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат кезинде сунуштап чыккан мыйзам долбоору келечекте ар ким өзү каалагандай ПИНди алмаштырууга жол бербөөнү көздөйт.

Маматалиевдин айтымында, заман өзгөрүп, медицина өнүккөн сайын жынысты коррекциялоо процедуралары жеткиликтүү боло баштады. Бирок мыйзамдар бул технологияларга караганда жай өнүгүп, укуктук боштук жаралууда.

"Ошонун негизинде айрым жарандар документтерин алмаштырууга аракет кылып жатышат. Мурда мындай көрүнүш биздин тарыхта болбогондуктан, мыйзамдарда так жазылган эмес. Биз муну тактоо үчүн гана киргизип жатабыз. Эртең укуктук коллизия болбошу үчүн Баш мыйзамда жазылган норманы тактап койдук. Бул адам он жолу органын алмаштырса да, документи өзгөртүүсүз калат деген эле сөз",- деди депутат.

Кыргызстандын Баш мыйзамында үй-бүлө эркек менен аялдан куралары так жазылган. Ушул эле норма Үй-бүлө кодексинде жана башка мыйзамдарда да бар.

Бирок колдонуудагы мыйзамдарда жарандардын жынысын жана буга байланыштуу документин өзгөртүүгө тыюу салынат деп так жазылган эмес.

Жакында эле "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев парламентте сөз сүйлөп жатып, аларга жаран ПИН номерин өзгөртүүнү каалап кайрылганын айткан.

Бул билдирүү коомчулукта трансгендерлерге байланыштуу талкууну күчөткөн. Көп өтпөй мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, Досалиев парламентте туура эмес сүйлөп алганын, жакынкы жылдары мындай кайрылуулар болбогонун ырастаган.

Кыргызстанда медицина жол береби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Анткен менен Маматалиев ар бир мамлекет өзүнүн каада-салтына жараша жашашы керек деп эсептейт:

"Эгер биздин тарыхта мындай көрүнүш болбосо жана коом аны кабыл албаса, аны ачык айтыш керек. Коом кабыл албай турган нерсеге чекит коюу маанилүү. Алар мурдагы документи менен эле жүрө берсин, эч ким жектеген жок, тыюу салган жок. Бирок бизде аралаш көрүнүш болбошу керек. Бул менин принципиалдуу көз карашым. Эгер биз үчүн бул жат көрүнүш болсо, жат көрүнүш деп айтышыбыз керек. Мен эркек эркек бойдон, аял аял бойдон калышы керек деген көз карашты жактайм".

Маматалиев ошондой эле коопсуздук маселесин да көтөрдү. Ал юридикалык документтердеги жыныстык белгилердин өзгөрүүсү кылмыштуулук менен күрөшүүдө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн экени айтат.

Эгерде кылмыш ишине шектелген же соттолгон жаран жынысын жана өздүк маалыматтарын (атын, ПИН-номерин) алмаштырып алса, бул издөө жана идентификациялоо процесстерин татаалдаштырышы мүмкүн дейт эл өкүлү.

Ошондой эле, долбоордо жашы жете электерди тарбиялоо боюнча ата-энелердин укуктук милдеттери каралган. Анда ата-энелер балдарды туулганда берилген биологиялык жынысына ылайык тарбиялоого милдеттүү экени көрсөтүлөт.

"Алар өзгөрбөйт"

Нурбек Монолов, уролог

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Монолов, уролог

Адистер заманбап медицина жана илим трансгендердик абалды оору же патология катары карабай турганын айтышат.

Дарыгер Нурбек Монолов белгилегендей, бул оору эмес, тескерисинче, мамлекет тарабынан коргоону талап кылган адамдын өзгөчөлүгү.

Кээде стресс, зордук-зомбулук же травма менен коштолгон балалык да ушундай абалга алып келиши ыктымал.

"Алардын кандайдыр бир пайызы зордук-зомбулуктан чыккан. Мындайча айтканда, коом да күнөөлүү. Биз аларга психологиялык, физикалык зомбулук көрсөтүп, ушундай абалга алып келген болушубуз мүмкүн. Ошондуктан аларга түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек. Анткени алар өзгөрбөйт. Айрыкча биздин коомдо алар психологиялык жактан оор абалда жашашат. Көп учурда жакындары, ата-энеси да душманга айланып калат",- деди доктур.

Дүйнөлүк практика

Соңку жылдары дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жынысын өзгөртүү операцияларын жасоого жана ага байланыштуу документтерди алмаштырууга карата чектөөлөр күчөдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соңку жылдары дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жынысын өзгөртүү операцияларын жасоого жана ага байланыштуу документтерди алмаштырууга карата чектөөлөр күчөдү. Айрым өлкөлөр бул багытта толук тыюу салган мыйзамдарды кабыл алса, башкаларында маселе активдүү талкууланууда.

Мисалы, 2023-жылы Орусияда жынысты өзгөртүү операцияларын жасоого жана жынысын юридикалык түрдө өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Андан тышкары, жынысын өзгөрткөн адамдарга Орусиядан бала асырап алууга жол бербөө боюнча дагы бир катар мыйзамдык демилгелер көтөрүлгөн.

Коңшу Казакстанда да жынысты өзгөртүү багытында мыйзамдык чектөөлөрдү күчөтүү боюнча сунуштар байма-бай айтылып келет.

АКШда федералдык деңгээлде жалпы тыюу жок болгону менен, айрым штаттарда жынысты өзгөртүү боюнча медициналык жардамды жаш курагына жараша чектеген мыйзамдар кабыл алынган.

Бул негизинен гормоналдык терапияга жана хирургиялык кийлигишүүлөргө байланыштуу. Айрыкча өспүрүмдөргө көрсөтүлө турган медициналык жардам маселеси кызуу талкуу жаратып келет.

Өткөн жылы Массачусетс штатында паспорттогу жынысты өзгөртүү маселеси соттук териштирүүгө чейин жеткен.

Тагыраагы паспортто адамдын жынысы туулганда берилген, биологиялык жынысына жараша жазылышы керек деген талап күчөтүлгөн.

Европанын айрым өлкөлөрүндө да бул маселе боюнча чектөөлөр бар. Айрыкча Венгрия менен Болгарияда жынысты юридикалык жактан өзгөртүүгө, башкача айтканда паспорттогу гендердик белгини алмаштырууга мыйзам аркылуу тыюу салынган.

Деген менен Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган мамлекет. Өлкө бул конвенцияны колдоо менен бирге, анын нормаларын сактоого милдеттенген.