"Сегиз саат күттүрүштү". Султанбековдун адвокаты соттордун аракетине даттанды

Саясатчы, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтү 17-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн, 16-майда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун камактагы мөөнөтү да эки айга узартылган.
Күн мурун, 15-майда да Темирлан Султанбековду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн өтүнүчүн кароо боюнча сот отуруму болгон.
Саясатчынын адвокаты Асел Аргынбаеванын билдиришинче, айыпталуучу сотко алдын ала жеткирилген, жактоочулар өз убагында келген. Бирок алар сот жараянынын башталышын сегиз саат күтүшкөн.
"Белгиленген убакытка сот жараянына мониторинг жүргүзүү үчүн Европа Биримдигинин элчилигинин өкүлү келген. Бир нече саат күткөндөн кийин отурум башталбагандыктан, ал саат 17:00 чамасында сот имаратынан кетүүгө аргасыз болду. Бул окуя биздин сот системасынын чыныгы абалын ачык түрдө көрсөттү. Чет элдик дипломатка соттук көзөмөлдүн "деңгээли" гана эмес, судьялар корпусунун процесстик мөөнөттөргө, укуктук аныктуулукка, процесстин катышуучуларына жана сот процедурасынын өзүнүн баалуулугуна болгон кайдыгер мамилеси да иш жүзүндө көрсөтүлдү", - деп жазды Фейсбуктагы баракчасына Аргынбаева.
Маалыматка караганда, саат 13.30га белгиленген сот отуруму түнкү 22:00дө гана башталган. Бирок жараян 12 мүнөткө гана созулуп, иш маңызы боюнча каралбастан, кийинки күнгө жылдырылган.
Асел Аргынбаева судьялардын айыпталуучуга болгон мамилесине нааразы болгон:
"Күнөөсү азырынча далилдене элек адамды күндүн биринчи жарымында сотко алып келип, түшкү жана кечки тамак бербестен, түн бир оокумга чейин 12 мүнөттүк соттук формализм үчүн кармап турушту".
Кеп болуп жаткан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту адвокаттын бул билдирүүсүнө реакция жасай элек.
Быйыл 13-мартта Биринчи Май райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, аталган партиянын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узарткан.

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2025-жылдын 22-ноябрында күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров, саясатсы Урмат Барктабасов да бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" (278-беренеси) жана "Бийликти күч менен басып алуу" (326-берене), "Кылмышка даярдык көрүү" (36-берене) беренеси боюнча айып тагылган.
Кылмыш ишин козгоого саясатчы Темирлан Султанбековдун катышуусундагы видеожазуу себеп болгон, андан кийин ИИМ тергөө-ыкчам иш-чаралары башталганын кабарлаган.
Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ "белгисиз жаран" катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун билдирген.
Ошондой эле саясатчылардын жана журналисттердин үй-бүлөлөрүндө, анын ичинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаеванын, Темирлан Султанбековдун туугандарынын жана журналист Дмитрий Ложниковдун үй-бүлөсүндө тинтүүлөр жүргүзүлгөн.
Кийинчерээк алардын айрымдары — Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов жана дагы жети адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Сурактын башка катышуучулары, анын ичинде Адахан Мадумаров жана Сыймык Жапыкеев тергөөчүлөр менен сүйлөшкөндөн кийин коё берилген.
Көп өтпөй, Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкканы белгилүү.
































