Конгресстеги кайрылуу: Трамптын мактанычы, демократтардын каршылыгы

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Жогорку сот Дональд Трамптын тариф саясатына сокку ургандан бир нече күн өткөндөн кийин эле АКШнын президенти Конгресске өлкөдөгү абал тууралуу жылдык кайрылуусун жасады. Трамп эл арасындагы рейтинги төмөндөп, экономикалык курсуна нааразылык күчөп турган чакта демилгени колго алууга аракет жасады. Анын баамында, Америкада баалар улам төмөндөп, эл абдан жакшы жашоодо. Трамптын кайрылуусуна демократтардын реакциясы бир беткей болду. Ондогон демократтар катышкан жок, ал эми башкалары президент сүйлөп жаткан учурда залдан чыгып кетишти.
Трамп өзүнүн рекордун жаңылады
Дональд Трамп Конгресстин алдына адаттагыдай эле өз монологдорунан жана импровизациясынан ырахат алган оратордун ролунда чыкты. Эми ал АКШнын тарыхындагы Конгресске эки эң узун кайрылуунун автору болуп калды.
Трамптын алдында маанилүү милдет турат – ал ушул жылдын ноябрында Конгресске өтө турган орто мөөнөттүк шайлоонун алдында америкалыктардын маанайына таасир этүүгө аракет кылмакчы. Өткөн жылы демократтар шайлоодо бир нече маанилүү жеңишке жетише алышты. Америкалык саясаттын өзгөчөлүгүн эске алганда, аларда бул жолу ийгиликке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар – Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк үчүн кошумча беш гана мандат алса жетиштүү болот.
Маанилүү факторлордун бири – америкалыктардын Трамп жана анын администрациясы экономикадагы кыйынчылыктарды кантип чечип жатканы жөнүндө пикири. Акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда, 57% президентке нааразы.
Трамп үчүн бул кыйла олуттуу сыноо, себеби инфляция, жумуш орундары, экономика жана саламаттыкты сактоо америкалыктарды баарынан да көп тынчсыздандырган жана алардын тандоосуна таасир эткен темалар.
Ошондуктан Трамп Конгресске жолдогон кайрылуусунда өз жетишкендиктерин даңазалап, Жо Байдендин администрациясына караганда алда канча жакшы иштеп жатканына ынандырууга аракет кылды. Президент ага "кризиске баткан", "инфляциясы рекордду койгон", "кылмыштуулук күч алган" өлкө мураска калганын, бирок ошого карабастан "доорго тете масштабдагы бурулуш" жасай алганын ырастады.
Трамптын сөзүндө жүйө бар: Байдендин президенттигинин алгачкы эки жылында АКШда баалар кескин көтөрүлүп, 2022-жылдын июнь айында Орусия Украинага каршы согуш баштагандан көп өтпөй, инфляция 9,1% жеткен. Бирок бул тарыхый рекорд эмес: АКШда инфляция 23 пайыздан ашкан учурлар да болгон. Мындан тышкары, Дональд Трамп президенттик кызматка киришкен 2025-жылдын январына карата инфляция 3% чейин төмөндөп калган болчу.

Сүрөттүн булагы, Daniel Heuer/Bloomberg via Getty Images
Инфляция темасын жапкандан кийин Трамп инвестицияларга токтолду. "Төрт жылдын ичинде мурунку администрация АКШга 1 триллион долларга жетпеген жаңы инвестиция тарткан эле. Ал эми мен 12 айдын ичинде эле дүйнө жүзүнөн келе турган 18 триллион доллардан ашык суммага милдеттенмелерди камсыз кылдым", - деди Трамп.
Бул – талаштуу ырастоо. Биринчиден, бул сандар кайдан алынганы белгисиз: Ак үйдүн сайтында президенттик администрация жарыялаган маалыматтарды оңой эле табууга болот, ал жерде сумма дээрлик жарымына аз – 9,7 триллион доллар деп турат.
Экинчиден, бул сумманын жарымынан көбү – башка өлкөлөрдүн АКШга инвестиция салабыз деген расмий эмес убадалары. Вашингтондогу "Петерсон Эл аралык Экономика институту" аналитикалык борбордун отчетуна ылайык, Ак үй бул убадаларды финансылык ийгилик катары көрсөтүп жатканы менен, иш жүзүндө жагдай бшкача. Мисалы, Катар менен Бириккен Араб Эмираттары 1 триллион доллардан ашык инвестиция жасоого убада беришкен. Мындан тышкары, баяндамада айтылгандай, келишимдердин көбү АКШнын кысымынан улам, анын ичинде жаңы тарифтерди киргизүү тууралуу Трамптын коркутуусунан кийин түзүлгөн.
Түшпөгөн баалар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп ошондой эле коом үчүн дагы бир көйгөйлүү темага токтолду: "Менин президенттигим маалында түзүлгөн жумуш орундарынын 100% жеке сектордо болду". Бирок Трамп президенттигинин биринчи жылында жумуш орундарынын жалпы өсүшү начар болгонун тактаган жок: 2025-жылы америкалык иш берүүчүлөр болгону 181 миң жумуш ордун кошушкан жана жумушсуздуктун деңгээли 4% тегерегинде эле болду.
Өткөн жылы президенттик администрация фармацевтикалык компаниялар менен бүтүмдү ири жеңиш катары айтып чыккан: компаниялар америкалыктар үчүн рецепт боюнча берилүүчү айрым дарыларга бааны төмөндөтүүгө же абдан арзандатууга убада кылышкан. Сынчылар ошондо эле мындай макулдашуулар ачык-айкын болбостугун, дары өндүрүүчүлөрдүн юридикалык милдеттенмелери түшүнүксүз экенин, компаниялар башка дарыларга бааны көтөрө аларын айтышкан.
Иш жүзүндө Ак үй менен келишим түзгөн компаниялар да ракты, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана кант диабетин дарылоо үчүн дары-дармектердин, анын ичинде рецепт боюнча берилген дарылардын баасын көтөрүп жатат.

Сүрөттүн булагы, CHARLY TRIBALLEAU / AFP via Getty Images
Башында америкалыктар Трамптын экономикадагы жетишкендиктерин жалпысынан жогору баалап келген, бирок акыркы убакта бул чөйрөдө президентке ишеним кыйла азайды.
Инфляция расмий түрдө басаңдаса да, экономикадагы оң жыйынтыктар биринчи кезекте бакубат жашаган америкалыктарга гана таасирин тийгизди. Ал эми калгандары президенттин бул сөздөрүн көп деле түшүнгөн жок, себеби баалуу кагаздардын рыногундагы өсүш алардын кирешесине эч кандай таасирин эткен жок.
Шатдаундун фонунда
Трамп өзү үчүн оңой эмес учурда кайрылуу жасап жатат. Ушул тапта аны колдогондордун рейтинги 36%-42% деңгээлинде турат – бул Трамп Ак үйгө кайтып келгенден берки эң төмөнкү көрсөткүч.
Өткөн аптада АКШнын Жогорку соту президент АКШга товарлардын импортуна бажы төлөмдөрүн киргизүү менен ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп тапты. Бул Трампты өзгөчө ачууландырган чечим болду, себеби тарифтер анын экономикалык стратегиясынын өзөгүн түзөт.
Конгресстеги маанайга таасир эткен дагы бир олуттуу фактор иммиграция маселеси болду. Акыркы айларда президенттин администрациясы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча чараларды күчөтүп, муну мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу аракети деп атаган. Демократтар Миннеаполистеги өлүмгө алып келген ашкере жана башаламан аракеттерди сынга алышты.
Тирештин натыйжасында Ички коопсуздук министрлигин каржылоого жарым-жартылай бөгөт коюлган. Мекеменин бюджети Сенатта олуттуу пикир келишпестиктердин себеби болуп калды. Демократтар Иммиграция жана Бажы көзөмөл кызматына (ICE) катаал чектөөлөр киргизилиши керектигин талап кылышкан. Натыйжада мекеме жарым-жартылай шатдаун режиминде иштеп жатат.

Сүрөттүн булагы, Eva Marie Uzcategui/Bloomberg via Getty Images
Ушул тапта эл аралык саясат америкалыктарды көп кызыктырбаса да, Трамп өзүнүн негизги "жеңиштерин" санап өттү.
Бейшемби күнү Женевада өтө турган АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн алдында Трамп Иран дале коркунуч жаратып жатканын эске салды.
"Аларга өзөктүк курал программасын калыбына келтирүүгө аракет кылбаш керектиги эскертилген. Бирок, алар кулак салышкан жок. Мен бул маселени дипломатиялык жол менен чечким келет. Бирок бир нерсе анык: мен дүйнөдөгү терроризмдин башкы демөөрчүсү өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол бербейм", - деди Трамп.
АКШнын президенти Украинадагы согуш темасына кыскача гана токтолуп, "ошол маалда мен президент болгондо согуш эч качан башталмак эмес" деген сөзүн кайталады. Трамп анын администрациясы "согушту токтотуунун үстүнөн абдан катуу иштеп жатканын" кошумчалады.
Дональд Трамптын кайрылуусу өлкөдө саясий тиреш курчуганын ырастаган дагы бир көрүнүш болду. Демократиялык партиядан 50дөн ашуун мыйзам чыгаруучу президент сүйлөп жаткан маалда залга катышуудан баш тартышты.
Ар кайсы жылдары айрым мыйзам чыгаруучулар нааразылык иретинде президент кайрылып жатканда ага катышуудан баш тартып келишкен. Мисалы, айрым демократтар Трамп биринчи мөөнөткө шайланып, сөз сүйлөп жатканда катышкан эмес, айрым республикачылар Барак Обаманын кайрылууларына бойкот жарыялашкан. Бирок 2026-жылдагы протест акыркы ондогон жылдардан берки эң эсте каларлыгы болуп калды. (ZMa)
































