Баш прокурордун мурдагы орун басары 12 жылга кесилди

Сүрөттүн булагы, economist.kg
Шайлоо күнү бийликти басып алууга аракет кылган топ соттолду.
Арасында баш прокурордун мурдагы орун басары Адыл уулу Кубан бар тогуз кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук соту бүгүн маалымдады.
Ага ылайык, Аламүдүн райондук соту 2025-жылдын 31-декабрында Адыл уулу Кубанды массалык башмаламандык уюштурган, уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп таап, Кылмыш кодексинин 278, 263, 326-беренелери боюнча 12 жылга эркинен ажыратты.
Адыл уулу Кубан 50 жаштагы Юстициянын генерал-майору болуп, Жалал-Абадда туулгандыгы белгилүү.
Ал баш прокурордун орун басары кызматынан 2024-жылы апрелде бошотулган. Анын алдында президенттин администрациясы иликтөө жүргүзүп, прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги алдындагы лицензиялоо боюнча комиссиянын ишине кийлигишкенин аныктап чыкканы айтылган. Мындан кийин ал кездеги баш прокурор Курманкул Зулушевге жана министр Мелис Турганбаевге сөгүш берилип, мындан тышкары Зулушевге орун басары Адыл уулу Кубанды иштен алуу сунуштамасы чыккан.
Ошол эле жылы ноябрда баш прокурордун мурдагы орун басары оор беренелер менен кармалып, камалган.
Аталган кылмыштуу топ кармалганы тууралуу ИИМ 2024-жылдын 12-ноябрында маалымат тараткан. Анда шектүүлөр жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтүп жаткан кезде Бишкектин жака белинде улуттук спорт оюндарын уюштуруп, аны өткөрүп жатып бийликти басып алууга чакырык жасап, массалык баш аламандык уюштурганга даярданып жатканы айтылган.
Адыл уулу Кубан менен кошо соттолгон башка дагы сегиз кишиге жогорудагы беренелерден тышкары, мыйзамсыз ок-куралдарын сактоо, чет жердеги жаңжалга катышуу, маңзат айлантуу боюнча коюлган айыптар негиздүү деп табылып, ар бирине 13 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы чегирилди.
































