Женевадагы сүйлөшүү алдында Трамп менен Зеленский Украинадагы кырдаалды телефондон талкуулашты

Трамп, Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Владимир Зеленский менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, марттын башында боло турган орус-украин-америка үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун талкуулашты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул үч өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу эгер согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр "финалдык" чекке келсе гана мааниге ээ болорун айтты.

Зеленский менен Трамп соңку жолу Давосто январда жолуккан. Бул жолу телефондон сүйлөшүү 30 мүнөткө созулганын, Axios жеке булактарына таянып жазып чыкты. Анын маалыматына таянсак, сүйлөшүү жакшы манайда өткөн. Зеленский адатынча Трампка ыраазычылыгын билдирип, жалгыз гана ал орус президенти Владимир Путинди согушту токтотууга мажбурлай аларын айткан. АКШ президенти согуш өтө эле узакка созулуп кеткенин белгилеп, ок атышуу бир айдын ичинде бүтүп калышын кааларын билдирген.

"Женевада эртең биздин өкүлдөр эки тараптуу жолугушууда көтөрчү маселелерди сүйлөштүк. Ошондой эле мартта өтчү үч тараптуу форматтагы сүйлөшүү өткөрө турган командалардын жолугушуусуна даярдыкты талкууладык. Ал лидерлер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөргө мүмкүндүк берет деген ой бар. Президент Трамп ушундай ырааттагы кадамдарды колдойт. Ушундай жол менен гана татаал, сезимтал маселелерди чечип, согушту акыры токтото алабыз. Ырахмат!",- деп жазды Зеленский телеграмга.

Ал арада Bloomberg үч тараптуу кийинки сүйлөшүүлөр 4-5 мартта өтөрүн жазып чыкты.

26-февралда Украина жана АКШ өкүлдөрү Швейцарияда жолугуп, экономикалык документтерди талкуулашат. Женевадагы жолугушууларга Украинанын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин катчысы Рустем Умеров, Украинанын экономика министри Алексей Соболев жана АКШ тараптан Трамптын атайын чабарманы Стиф Уиткофф жана Жаред Кушнер катышат.

Орусиялык ТАСС басылмасы Женевага президенттин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев келерин жазды. Ал америкалык тарап менен жолугушулары айтылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул үч өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу эгер согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр "финалдык" чекке келсе гана мааниге ээ болорун айтты. Орус ЖМКлары Песковдун пропагандист Павел Зарубинге берген интервьюсун таратышууда.

"Үч президент, сүйлөшүүлөр же америкалыктардын тили менен айтканда бүтүм финалдашканда гана жолугушса болот",- деди Песков.

Бул аптада согуштун төрт жылдыгына карата көп сандаган маектер берилип, Зеленский анда Украина территориалдык чегинүүлөргө барбасын дайымкысындай эле кайталады. Ал эми Москва Донбасстан украин аскерлерин чыгарылышын талап кылып келет.

Путин украин президенти легитимдүү эмес деп, Зеленский менен жеке жолугушуунун маанисин көрбөй турганын айтат. Кремль ошондой эле Зеленский Путин менен жолугушам десе Москвага келсин деген турумда. Бул ойду Песков Зарубинге берген маегинде кайталады.