"Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар" Президенттин кезектеги маеги

Жапаров

Сүрөттүн булагы, kabar.kg

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук "Кабар" маалыматтык агенттиги президент Садыр Жапаров менен кезектеги маегин жарыялады. Анда журналист өлкө башчысына бир гана суроо берип, ага Жапаровдун жообу берилген.

"Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануусун билдирди.

"Мындай тынчсыздануу, санааркоо көпчүлүктө бар" деген да оюн айтты. Эми эмне болот деп санааркай суроо салгандарга комментарий бере аласызбы?

— Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.

Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет.

Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет", - деген президент.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү соңку окуялар жана Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу ушул эле "Кабар" улуттук маалымат агенттигине 16-февралда кезектеги маегин берип жатып, Ташиев менен дос бойдон кала берерин, бирок ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей турганын айткан эле.

Президент анда өлкөдө эч кандай төңкөрүш же башка мыйзамсыз аракеттер болбой турганын баса белгилеген. Анын айтымында, буга биринчиден мыйзамдар жол бербейт, экинчиден мындай кырдаал үчүн негиз жок.

Февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев күтүүсүз иштен алынып, андан кийин өлкөдө бир катар кызматтан алынуулар орун алып жатат.