Хаменеинин өлүмүнөн кийин Али Ларижани Иран саясатында лидерликке кантип чыкты?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшемби күнү аятолла Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин убактылуу лидерлер кеңеши түзүлөрүн жарыялаган ирандык ардагер саясатчы Али Ларижани режимдин коопсуздук иерархиясындагы эң таасирдүү фигуралардын бири катары кайрадан пайда болду. Ал өзөктүк сүйлөшүүлөрдөн тартып, Тегерандын аймактык байланыштарына жана ички толкундоолорду ырайымсыз басууга чейинки кеңири маселелерди көзөмөлдөйт.
Системанын ичинде өскөн инсайдер катары жана өлкөдөгү эң таасирдүү үй-бүлөлөрдүн биринен чыккан Ларижани Ирандын АКШ менен ядролук келишимге жетүү аракеттерин көзөмөлдөгөн. Бул Вашингтон январь айында аны өкмөткө каршы нааразылыктарды басууга катыштыгы үчүн санкцияга алганга бир айдан кийин болгон.
Ларижани 1958-жылы Ирактын Нажаф шаарында төрөлгөн. Анын атасы, белгилүү ирандык диний кызматкер аятолла Хашеми Мирза Амоли, шах Мохаммед Резанын тушунда Иракка сүргүнгө айдалган.
1979-жылдагы революциядан кийин үй-бүлө Иранга кайтып келип, Али Ларижани философия боюнча доктордук даража алган. Анын бир туугандары да сот системасы, тышкы иштер министрлиги сыяктуу мамлекеттик структураларда жогорку кызматтарды ээлешкен.
Ларижани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болгон. Кийинчерээк Ирандын ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрүн жетектеген. IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясын башкарып, Ирандын медиа саясатынын күн тартибин узак жылдар бою аныктап турган.
2005–2007-жылдары Ларижани Ирандын ядролук программасы боюнча эң негизги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Тегерандын уран байытуу боюнча укугун коргогон.
Ал бир жолу Европанын өзөктүк отун өндүрүүдөн баш тартууга түрткү берген сунушун "берметти шоколадга алмаштыруу" катары салыштырган.
Ошондо Иран боюнча эксперттер аны дипломатия аркылуу Батышты көндүрүүгө умтулган прагматик катары баалашкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2005-жылы ал президенттикке талапкер болуп, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Андан кийин 2021 жана 2024-жылдагы президенттик шайлоолорго да катышууга аракет кылган, бирок эки жолу тең Сакчылар кеңеши тарабынан четтетилген.
2008–2020-жылдары Ларижани парламенттин спикери болуп, революциядан кийинки доордо эң көрүнүктүү саясатчылардын бири катары таанылган.
Ал башкарган мезгилде Иран дээрлик эки жылдык татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2015-жылы алты дүйнөлүк держава менен өзөктүк келишимге жетишкен. Президент Дональд Трамп 2018-жылы биринчи мөөнөтүндө АКШны бул кыйынчылык менен жетишилген келишимден чыгарып салган.
2021-жылы Хаменеи Ларижанини Кытай менен 25 жылдык стратегикалык келишим боюнча сүйлөшүүчү катары дайындаган. Бул Ирандын узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ болгон миллиарддаган долларлык келишим болгон.
Ларижани өмүр бою жогорку кызматты ээлеп келген. Ал Хаменеиге берилгендиги жана системадагы көп учурда карама-каршы фракциялар менен болгон мамилелерде прагматик катары белгилүү болгон.
Жакында Оманга барып, АКШ менен ядролук программаны талкуулоого байланыштуу кыйыр сүйлөшүүлөр үчүн ортомчу болгону, анын Хаменеинин ишенимдүү стратеги экенин көрсөттү.
Ошондой эле Ларижани бир нече жолу Тегерандын негизги союздашы Москвага барып, коопсуздук маселелерин талкуулады, бул анын кайрадан жогорку дипломатиялык деңгээлге чыкканынын айкын далили.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
20 жыл мурун Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешин жетектеген Ларижани, Израил жана АКШ катышкан 12 күндүк аба согушунан кийин кайра ошол кызматка кайтып келген.
Ядролук маселелер боюнча айрым билдирүүлөрүндө прагматикалык көз карашын билдирген.
"Менин оюмча, бул чечиле турган маселе. Эгерде америкалыктар Иран өзөктүк куралга ээ болууга умтулбашы керек деп тынчсызданып жатса, анда бул көйгөйдү чечсе болот", - деген Ларижани февраль айында Омандын мамлекеттик телеканалына берген маегинде АКШ менен сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып жатып.
Ошол эле учурда Ларижани Ирандын өзөктүк программасы "эч качан жок кылынбайт" деп бир нече жолу айткан.
Бирок, январдагы нааразычылык акциялары коопсуздук күчтөрү тарабынан ырайымсыз басылгандан кийин, Ларижанинин бул иштеги ролу байкалбай калган жок.





























