"Жарылуулардан коркуп жатабыз". Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жарандарын эвакуациялоону караштырууда

сайт
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргыз жарандарын коопсуз жайга чыгаруу аракеттерин көрүүдө. Учурда Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман сыяктуу бир катар өлкөлөр менен атайын эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча активдүү сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалмдашынча, эвакуацияны уюштуруу иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүрүүдө.

"Министрлик бул маселени туруктуу көзөмөлүндө кармап турат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өзгөчө сак болуу, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактардан алыс болуу сунушталат. Коопсуздукту камсыздоо боюнча жергиликтүү бийликтердин талаптарын так аткаруу, жанында дайыма өздүгүн тастыктоочу документтерди жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн байланыш номерлерин алып жүрүү, ошондой эле расмий билдирүүлөргө көз салып туруу зарыл" деп айтылат ТИМдин маалыматында.

"Дубайда миңге жакын кыргызстандык мекенине кайталбай турат"

АКШ-Израил соккусунан кийин Иран Бириккен Араб Эмираттарындагы АКШнын аскер базаларына чабуул жасап баштаган. Мындан улам ал жактагы аба каттамдары толук токтотулуп, миндеген жарандар өз мекенине кайта албай турат. Би-Би-Си Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардан кабар алды.

Эмил Өмүрканов Дубайга 22-февралда барып, 1-мартта Кыргызстанга кайтмак. Бирок соңку кырдаалдан улам Дубайда аэропорттор жабылып, ал дагы мекенине кайта албай жаткандардын катарында.

"Биз 1-мартта учушубуз керек болчу. Ал күнү аэропорттун баары жабылган. Башында Дубайдын борборуна эле жайгаштырышкан. Кийин чекерээк жакка алып келишти. 28-февраль күнү жарылуунун үнү аябай катуу башталган, андан кийин тынчып калган. Ошол күнү кечинде телефондорго билдирүүлөр келе баштады, терезеден алыс болгула, бир нерсе болсо жер төлөлөргө киргенге даяр болгула деп. Азыр эми тынчып калды, эл кадимкидей эле иштеп, метролор каттай баштады. Кечээ түндө дагы бир жарылуунун үнү угулган. Бул жакта ракеталарды асмандан эле жок кылып жатышыптыр, ошол себептен эл көп топтолгон жакка барбагыла деп эскертип жатышат", -деди Эмил.

Эмил Өмүрканов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмил Өмүрканов

Эмилдин айтымында, атайын турлар менен келгендер отелдерге жайгаштырылган, бирок өз алдынча келгендердики маселе болуп жатат. Алардын арасында көчөдө калгандар да бар экен. Учурда алардын баарына консулдук жардам бергенге аракет кылынып жатканын кошумчалады Эмил.

"Группаларга жазып жатышкан, ачка калдык, кукси жеп баштадык деп. Аларга консулдуктун номерин берип койдук. Туристтер, өз алдынча келгендердин баарын кошкондо минге жакын адам болот окшойт ", - деди Эмилбек Өмүрканов.

"Ар бир кыргыз жаранынын коопсуздугу биринчи орунда болушу керек"

Дубайда бир нече жылдан бери иштеп келаткан Чынара Мамажакыпова кырдаал кооптуу экенин белгилеп, мындай учурда ар бир өлкө өзүнүн жарандарын мекенине алып кетиши керек деп эсептейт.

Чынара Мамажакыпова
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Дүйнө азыр кооптуу чекке келип калды. Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп, элдин баарынын жүрөгү түшүп жатат. Мындай учурда биринчи жабыркай турган согуш жүрүп жаткан өлкөлөр эмес, ошол аймактарда иштеп жүргөн жөнөкөй адамдар, мигранттар. Анын ичинде миңдеген биздин кыргыз жарандары жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жактагы кыргыздар кантип мекенибизге чыгып кетебиз, элчилик жардам береби деп, өз алдынча жолдорду издей башташты. Биздин Орто Азиядагы кошуна мамлекеттер өз жарандарын кандайдыр бир жол менен алып кетүүнү ойлонуп, элчиликтеринде сүйлөшүүлөр болуп жатканын угуп жатабыз. Биздин эл болсо Whatsapp, Telegramm-каналдарды түзүп, чогулуп, өзү аракет кылууда. Мамлекет дагы так аракет кылсын деп талап коюп жатабыз. Урматтуу президент Садыр Нургожоевичке дагы ушундай чыңалууда ар бир кыргыз жаранынын коопсуздугу биринчи орунда болушу керек деп, кайрылып жатабыз. Элчиликтер, консулдуктар, өкмөт - баары биригип, чет өлкөдөгү кыргыздарды коопсуз чыгаруу боюнча конкреттүү чара көрүлүшү керек",-деди Мамажакыпова.

"Кырдаал курчуй берсе, бүт кыргыздар Кувейттен чыгып кетебиз"

Кувейтте да кырдаал кооптуу. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 2-мартта билдиргендей, Кувейттин абадан коргонуу системалары АКШнын үч F-15E истребителин жаңылыштык менен атып түшүргөн. Экипаждын алты мүчөсүнүн тең коопсуз жерге эвакуацияланганы жана учурда алардын абалы туруктуу экени кабарланган.

Ал жактагы кыргыздар 1-марттан тарта утур-утур жарылуулар угулуп, сиренанын үнү жаңырып жатканын айтууда.

Акылай Танылбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылай Танылбекова

"Кечкисин жардыруулар угулуп, сиреналардын үнү жүрөгүбүздү түшүрүп жатат. Күндүз тынч эле. Үйдө отурабыз, азырынча жумушка чыккыла деген чакыруу келе элек. Үйдө эле болгула деп жатышат, анан жардыруудан коргонуучу жертөлөлөргө киргенге даяр болгула деп айтып жатышат. Кырдаал ушундай боло берсе, бүт эле кыргыздар Кувейттен чыгып кетет болушубуз керек", - деди Кувейттеги кыргызстандык Акылай Танылбекова.

Асел Самудинова

Кувейтте үч жылдан бери эмгектенип келаткан башка бир кыргызстандык Асел Самудинова 2-мартта күндүз абал туруктуу экенин, шаардын ичи тынч экенин айтты.

"Кувейтте абал тынч эле азыр. Мына өзүңүздөр көрүп тургандай эле. Биринчи күндөн баштап эле коркунуч сезимдери болуп жатты. Түндө да ошондой болду, саат экиден эртең мененки жети жарымга чейин улам жарылуунун үнү угулуп жатты. Американын базаларына дрондор түшкөн окшойт. Азыр элчилик бул жактагы кыргыздарды эвакуацияга даярдап, регистрация кылып жатышат",-деди Асел Самудинова.

"Жардыруунун үнүнөн корктук"

Катардагы кыргызстандыктар болсо, 28-февраль күндөн баштап эле жардыруунун үнүн угуп келатканын айтып, коркууларын жашырган жок.

Жаңыл Режевали кызы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңыл Режевали кызы

"Жардыруунун үнүн угуп коркуп кеттик. Баары бир бомбанын үнү башка экен, аябай корктук эмне болуп кетет деп. Биринчи эле Катар бийлигинен коопсуздукту сактап, үйдөн чыкпай тургула деген кабар алдык. Менин жанымда жашаган кыргыз кыздар дагы аябай коркуп, документтерин сумкаларына салып, жыйналып отуруп калышыптыр. Анан кыргыз бийлигинен да маалыматтар келди, тамак-аш камдап, байланышты үзбөгүлө деген өңдүү. Биринчи мартта таңга маал жарылуунун үндөрүн уктук, андан кийин бүгүн эртең менен болду. Бирок бул Катар элине эмес, Американын базаларына болуп жаткан чабуулдар экенин билебиз. Андыктан эл азыр тынч эле отурат", -деди Катардагы кыргызстандык Режевали кызы Жаңыл.

Жакынкы Чыгышта канча кыргызстандык бар?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги араб өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктарды тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, 800гө жакын кыргызстандык мейманкаларда жашоо мөөнөтү аяктап же чыгарылган.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери жерине барып, мейманканалардын администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын мейманканада калуусун узартуу маселесин чечүүгө аракет кылууда",-деди Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин башчысы Сейтек Жумакадыр уулу.

Сейтек Жумакадыр уулу

Сүрөттүн булагы, TIM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сейтек Жумакадыр уулу

Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык бар экени айтылды. Министрлик тактагандай, БАЭде 10 миңге жакын кыргыз жараны бар, ал эми Иран менен Израилде 100гө жакын мекендештер жашайт. Сауд Арабиясында зыярат кылып, 6 миңге жакын жаран жүрөт, алар элчилик менен байланышта экени кошумчаланды.

28-февралда Тегерандагы резиденциясына жасалган чабуулдан Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапты. Аны менен кошо 40тан ашык жогорку даражалуу чиновник набыт болгону кабарланды. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ирандын Минаб шаарындагы кыздар мектебине жасалган соккудан 165 окуучу кыз мерт кетти. Иран Кызыл жарым ай коомунун соңку маалыматына ылайык, өлкөдө аба соккуларынан кеминде 555 киши каза тапты.

Чабуулдарга жооп катары Тегеран АКШ менен Израилге "кыйратуучу сокку" урууну убадалап, аймактагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык 27 аскер базага жана "Авраам Линкольн" кемесине чабуул койду. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы Иран ракеталары кемеге жетпегенин жана анын операцияда катышуусу уланарын билдиришти.

Ирандык дрондор менен ракеталар Израилден сырткары БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Катар, Ирак жана Иорданиядагы бир катар стратегиялык объектилерге зыян келтирди. Бул кагылышууларда Израилде 9 киши, БАЭ жана Кувейтте 4 киши набыт болсо, Пентагон өзүнүн алты аскери каза болгонун тастыктады.