Боуэн: "Кооптуу учур, бирок АКШ менен Израил колдон чыгарбай турган мүмкүнчүлүктү көрүп жатат".

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, US President Trump Via Truth Social/Anadolu via Getty Images

    • Author, Жереми Боуэн
    • Role, Эл аралык мамилелер боюнча редактор
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Бул Би-Би-Си серепчисинин баяндамасынын котормосу. Түп нускасын англис тилинде бул жерден окусаңыздар болот

Америка Кошмо Штаттары менен Израилдин Иран менен кайрадан согушуу чечими күтүлбөгөн кесепеттерге алып келүүчү абдан кооптуу кырдаалды жаратат. Израил өзүнүн чабуулун актоо үчүн "алдын алуучу" деген сөздү колдонду.

Бирок бул "алдын алуучу" деген сөзгө дал келген, жакын арада болуп кете турган коркунучка жооп кайтаруу аракети эмес экенин фактылар көрсөтүп турат. Тескерисинче, бул "тандоого негизделген согуш".

Израил менен Америка Кошмо Штаттары Ирандагы ислам режиминин алсыз экенин эсептеп чыгышкан. Ал оор экономикалык кризиске дуушар болуп, ушул жылдын башындагы митингдердин ырайымсыз жол менен басылышынын кесепеттерин башынан өткөрүп жаткан жана анын коргонуусу былтыркы согушта катуу жабыркаган. Алар, кыязы, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек деген тыянака келишкен.

Бирок бул ошондой эле олку-солку болуп турган эл аралык укуктук системага да сокку урат.

АКШнын президенти Дональд Трамп да, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да өз билдирүүлөрүндө Иран алардын өлкөлөрүнө коркунуч келтирип жатканын айтышкан. Трамп аны глобалдык коркунуч деп атаган. Ислам режими алардын элдешкис душманы экени шексиз. Бирок, бир тарапта АКШ менен Израил, экинчи тарапта Иран турган бул кырдаалда эки тараптын ортосундагы күчтүн чоң айырмачылыгын эске ала турган болсок, өзүн-өзү коргоонун юридикалык негиздемеси бул жерде кандайча колдонулаарын түшүнүү кыйын.

Согуш - бул саясий аракет. Куралдуу чыр-чатак башталгандан кийин аны көзөмөлдөө кыйын. Лидерлерге так максаттар керек.

Биньямин Нетаньяху ондогон жылдар бою Иранды Израилдин эң кооптуу душманы деп эсептеп келген. Ал үчүн бул Тегерандагы режимге жана Ирандын аскердик потенциалына мүмкүн болушунча чоң зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле быйыл анын алдында шайлоо турат. Нетаньяху Израилдин согуш абалында болуусу анын саясий позициясын бекемдей тургандыгына ишенет. Муну ХАМАС менен болгон эки жылдык согуш далилдеди.

Дональд Трамптын максаттары тынымсыз өзгөрүп турду, бул ал үчүн мүнөздүү. Январь айында ал Ирандагы нааразычылык акцияларына жардам келе жатканын айткан. Бирок ошол учурда АКШнын деңиз флотунун көпчүлүк бөлүгү Венесуэланын лидерин алып чыгып кетүү менен алек болуп жаткан, ошондуктан Трампта зарыл болгон аскердик мүмкүнчүлүктөр жок болчу.

Жоолукчан аял жана бир эркек киши имараттын чатырынан асманды карап турушат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеранга чабуулдар уланып жаткан чакта, шаар тургундары асманды карап жатышат.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп курамында учак ташуучу кемеси бар эки сокку уруу тобун жана кургактагы олуттуу күчүн аймакка жайгаштырып жатып, Ирандын өзөктүк коркунучтары тууралуу көп жолу сөз кылды. Бирок, былтыркы согуштан кийин ал өзү Ирандын өзөктүк программасы "толугу менен жок кылынганын" жарыялаган.

Иран режими өзөктүк курал жасоону көздөп жатканын ар дайым четке кагып келген, бирок ал уранды өзүнүн атомдук энергетика программасында жарандык максатта колдонулбай турган деңгээлге чейин байыткан. Андыктан, эң аз дегенде Тегеран бомба жасоону каалап жаткандай туюлат. Азырынча Израил менен АКШ мунун жакын арада ишке ашуусу мүмкүн экендигине эч кандай далил келтире элек.

Трамп өзүнүн видео кайрылуусунда Иран элине "эркиндик сааты" жакындап калганын айтты. Нетаньяхунун да ушул сыяктуу, согуш Иран элине режимди кулатууга мүмкүнчүлүк берет деген билдирүүсү бар болчу. Бирок андай болору анык эмес.

Бир гана аба соккуларынын арты менен режимди өзгөрткөн учур эч качан болгон эмес. Саддам Хусейн 2003-жылы Иракта АКШ жетектеген ири кол салуучу күчтөр тарабынан кулатылган, ал эми Ливиядагы Муаммар Каддафини НАТОнун аба күчтөрү жана айрым араб өкмөттөрү колдогон козголоңчулар кулаткан. Эки учурда тең андай аракет мамлекеттин кулашына, жарандык согушка жана миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген. Ливия дале калыптанбай калган мамлекет бойдон калууда. Ал эми Ирак дагы эле кол салуунун жана андан кийинки кан төгүүнүн кесепеттери менен алпурушуп жатат.

Жадагалса бул аба күчтөрү режимди кулаткан биринчи учур болуп калган күндө да, ислам режиминин ордуна адам укуктарын жактаган либералдык демократиялык система келбейт. Анткени чет жакта өз учурун күтүп жаткан альтернатива болуп берчү ишенимдүү сүргүндөгү өкмөт жок.

Жарым кылымдан ашык убакыттан бери Иран режими идеологияга, коррупцияга жана аеосуз күч колдонууга негизделген татаал саясий системаны орнотту. Январь айында Тегеран режими демонстранттарды өлтүрүүгө даяр экенин көрсөттү. Анын карамагында системага каршы чыгып, көчөлөрдө эркиндикти талап кылган миңдеген мекендештерине ок атуу жана аларды өлтүрүү боюнча буйруктарды аткарган коопсуздук күчтөрү бар.

АКШ жана Израил жогорку лидер Аятолла Али Хаменеини өлтүрүүгө аракет кылып жаткан болушу мүмкүн. Израил мындай өлтүрүүлөрдүн күчүнө ишенет: акыркы эки жылда ал ХАМАС, "Хезболла" тобунун лидерлерин жана алардын көптөгөн орун басарларын жок кылды.

Бирок Ирандагы ислам режими таптакыр башка маселе. Аны куралдуу кыймыл эмес, өкмөт башкарат; бул бир адамдын оюну эмес. Эгерде Жогорку лидер өлтүрүлсө, анын ордуна башка дин кызматкери келет. Кыязы, салттуу куралдуу күчтөр менен катарлаш турган жана режимди өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү коркунучтардан коргоо боюнча так миссиясы бар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун колдоосу менен башка дин кызматкери келет.

Трамп аларга куралдарын таштаса кол тийбестикти сунуштады, болбосо өлүмгө дуушар болорун айтты. Сакчылар корпусу анын сунушуна азгырылышы күмөн. Шейит болуу - Ислам Республикасынын жана шиит мусулмандарынын идеологиясында өзгөрбөс умтулуу болуп саналат.

Трамп саясатта жана жашоодо негизги түрткү берүүчү күч – бул соодалашууга негизделген мамиле деп эсептейт, же болбосо анын китебинде айтылгандай, бул "келишим түзүү өнөрү". Бирок Иран менен иш алып барууда идеологиянын жана ишенимдин күчүн да эске алуу зарыл. Аны өлчөө алда канча татаал.

Имараттардын фонунда асманга чоң түтүн көтөрүлүүдө

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун базасына урган соккусунун кесепеттери

Жыл башынан бери бул кризис күчөп, Америка өз армиясын топтоп жаткан учурда Тегеран согуш сөзсүз болот деп эсептеген белгилер көбөйө баштады. Алар сүйлөшүүлөргө катышып жатышты, ошол эле учурда алар өткөн жайда сүйлөшүлөр жүрүп жаткан маалда Израил чабуул коюп, АКШ ага кошулганын да билишчү.

Тегеран АКШга же израилдиктерге ишенбейт. Трамп биринчи мөөнөтүндө Тегерандын өзөктүк программасын чектеген жана Обама администрациясынын тышкы саясаттагы эң чоң жетишкендиги болгон Ирандын өзөктүк келишиминен чыгып кеткен.

Иран, жок дегенде убакыттан утуу үчүн, ошол келишимдин экинчи вариантын кабыл алууга даяр болушу мүмкүн экендигинин белгилери бар болчу. Бирок АКШ ошондой эле Ирандын ракета программасына катуу чектөөлөрдү киргизүүнү жана аймактагы Израил менен АКШга каршы турган өнөктөш күчтөрдү колдоону азайтууну талап кылган болушу мүмкүн.

Иран жетекчилиги үчүн бул кабыл алынгыс жана багынып берүүгө барабар болгон. Жетекчиликтин пикиринде ракеталардан жана өнөктөштөрдөн баш тартуу режим үчүн учурда реалдуулукка айланган кол салуудан да алда канча кооптуу эле.

Иран жетекчилери эми согуштан кантип аман калууну жана анын кесепеттери менен кантип күрөшүүнү ойлонот. Алардын Сауд Арабия баш болгон коңшулары кечеги окуялардан кийинки чоң белгисиздиктен жана ыктымалдуу кесепеттерден коркуп турушат.

Жакынкы Чыгыштын туруксуздукту жайылтуу мүмкүнчүлүгүн эске алганда жаңыдан тутанган жана айыгышкан согуш аймактагы жана ансыз да тынчы жок, каардуу жана кооптуу дүйнөнүн калган бөлүгүндөгү туруксуздукту күчөтөт.