Трамп Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапканын билдирди

Аятолла Али Хаменеи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аятолла Али Хаменеи
    • Author, Би-Би-Синин жаңылыктар бөлүмү
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Президент Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШ менен Израилдин Тегерандагы чабуулдарынын натыйжасында каза тапканын билдирди. Ал мындай маалыматты Truth Social социалдык тармагындагы барагы аркылуу жарыялады.

"Тарыхтагы эң карөзгөй адамдардын бири Хаменеи өлдү. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор уурулар тобунун колунан өлгөн жана майып болуп калган бардык улуу америкалыктар жана дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик", - деп жазды Трамп.

Ал Хаменеи АКШнын чалгын кызматтарынан кутула албаганын, Израил менен чогуу иш алып баруунун натыйжасында ал жана аны менен кошо каза болгон башка жетекчилер эч нерсе кыла албаганын белгиледи.

Трамп Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу, коопсуздук жана полиция кызматтары күрөшкүсү келбей турганын, алар АКШдан кепилдик сурап жатышканын да кошумчалады.

"Бул - ирандыктарга өз өлкөсүн кайтарып алышы үчүн жападан жалгыз улуу мүмкүнчүлүк", - деди Трамп.

Ошондой эле ал Иранды бутага алган соккулар улана турганын ишарат кылды.

Трамптын билдирүүсү боюнча азырынча Ирандын жогорку жетекчилери комментарий бере элек.

28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга каршы аскерий операцияны башташкан. Ага жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШга байланышы бар жайларга сокку урган.

Адеп Израилдин коргоо министри Исраэль Кац "алдын алуучу сокку урганын" жарыялагандан көп өтпөй операцияга АКШ да катышып жатканын президент Дональд Трамп тастыктаган.

Кацтын айтымында, сокку "Израиль мамлекетине коркунучтарды жок кылуу максатында" урулган.

Ишембинин кечинде Ирандын бир катар аймактарында жарылуулар болгону кабарланды. Израил Ирандагы "операциясы уланып жатканын" билдирди. Кызыл жарым ай уюмунун маалыматы боюнча, Ирандын аймактарында 200дөн ашуун адам каза тапты.

Акыркы жумаларда Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттеринин фонунда АКШ Иранга сокку урушу ыктымал деген божомолдор ортодогу чыңалууну күчөтүп жаткан. Мунун алдында Трамп Иранга байланыштуу "татаал чечимди" кабыл алышы мүмкүн экенин эскерткен.

Би-Би-Си бир күн ичинде орун алган урунттуу окуяларды тизмектеди.

Иранда кырдаал кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тегерандагы жарылуулар тууралуу кабарлар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30 чамасында пайда болду. Шаардан тартылган сүрөттөрдөн борбор калаанын үстүнөн калың көк түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле Исфахан, Кум, Кереж жана Керманшах сыяктуу дагы бир катар шаарларда да жарыруулар болгону кабарланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Иран аба мейкиндигин жапканын кабарлашууда.

Мындан тышкары Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кеңсесине жана Тегерандагы президенттик администрацияга да сокку урулганы кабарланды.

Хаменеинин өкүлү буга чейин Reuters агенттигине жогорку лидер коопсуз жерде экенин айткан.

NetBlock мониторинг агенттигинин маалыматы боюнча, Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлдү.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши мектептер жана университеттер жабылганын, банктар ишин улантып жатканын, ал эми мамлекеттик мекемелер толук эмес иш күнүнө өткөнүн билдирди.

Кеңеш ошондой эле Израил менен АКШнын чабуулдарына Иран "кыйратуучу жооп" кайтарарын билдирди.

Улуттук коопсуздук кеңеши жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга жана мүмкүн болушунча коопсуз жерде жүрүүгө чакырды.

Ирандагы жарылуулар болгон аймактар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы жарылуулар болгон аймактар

АКШ менен Израилдин жүйөсү

Президент Трамп Truth Social соцтармагына сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, анда АКШ "Иранда ири аскердик операцияны" баштаганын билдирди.

"Биздин максатыбыз – Ирандын режими жараткан тикелей коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоп калуу", - деди Трамп.

Трамп Ирандын өзөктүк программасын улантуусун жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жасап жатканын АКШга үчүн коркунуч деп атады.

"Биз алардын ракеталарын жок кылып, ракеталык өнөр жайын жер менен жексен кылабыз", - деп билдирди Трамп. Мындан тышкары, Трамп Ирандын алдыңкы аскердик-саясий түзүмү болгон Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусун куралдарын таштоого чакырып, багынып бергендерге толук кол тийбестик кепилденерин айтты.

Аятолла Али Хаменеинин резиденциясына урулган соккунун спутниктен тартылган сүрөтү.

Сүрөттүн булагы, Pleiades Neo (c) Airbus DS 2026/Handout via REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аятолла Али Хаменеинин резиденциясына урулган соккунун спутниктен тартылган сүрөтү.

Израилдин коргонуу күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) билдирүүсүндө ондогон аскерий объектилерге сокку урулганы айтылат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Трампка "тарыхый лидерлиги" жана чогуу операция баштаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал элди сабырдуу болуп, бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.

Нетаньяху ошондой эле Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбеши керектигин айтып, Иран элин режимге каршы көтөрүлүүгө үндөдү.

Reuters агенттигинин Израилдин Коргоо министрлигиндеги булагы операция көп ай мурун пландалганын, ал эми кайсы күнү башталары бир нече апта мурда чечилгенин айтты.

Иран кантип жооп кайтарды?

Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалыктарга таандык буталарга сокку урду. Дубайда, Дохада, Бахрейнде жарылуулар болгону кабарланды.

Израилдин бардык жеринде өзгөчө кырдаал жарыяланып, өлкөнүн жашоочуларына бомбадан коргонуучу жайларга жакын болуу көрсөтмөсү берилди. Израилдин аскер жетекчилери Иран жооп иретинде учурган ракеталарды атып түшүрүп жатканын билдирди.

Израилдиктерге эл көп чогулган жерлерден алыс жүрүү жана мүмкүн болсо жумушка же мектепке барбоо сунушталды. Медиа каражаттарынын маалымдашынча, аба мейкиндиги жарандык учактар үчүн жабылды.

Ошол эле маалда Бахрейндин мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аймагында жайгашкан АКШнын деңиз-аскер күчтөрүнүн Бешинчи флотунун базасына сокку урулганын билдирди.

Катардын Коргоо министрлиги "өлкө боюнча бир нече чабуулду ийгиликтүү токтотуу мүмкүн болгонун" билдирди. Борбор калаа Дохада жарылуулардын үнү чыгып жатат.

Катарда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ири аскерий базасы – Ал-Удейд аскер-аба күчтөрүнүн базасы орун алган.

БАЭнин Коргоо министрлиги Ирандын соккусунун натыйжасында баллистикалык ракетанын сыныктары Абу-Дабидеги райондордун бирине түшүп, бир адам каза болгонун билдирди.

Иранга урулган соккуларга жана Тегерандын жооп чабуулдарына байланыштуу көптөгөн авиакомпаниялар бул чөлкөмгө аба каттамдарын токтотконун жарыялашты.

Израилге жооп иретинде ракеталар учурулду. Израилдин түндүгүндөгү Хайфадан көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилге жооп иретинде ракеталар учурулду. Израилдин түндүгүндөгү Хайфадан көрүнүш
Израилдиктер Ирандын жооп чабуулун күтүп, бомбадан коргонуучу жайда отурушат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдиктер Ирандын жооп чабуулун күтүп, бомбадан коргонуучу жайда отурушат

Биринчи соккунун мааниси. Би-Би-Синин Орус кызматынын аскерий серепчиси Павел Аксеновдун талдоосу:

Ар кандай согушта биринчи аба соккусунун маанилүү бир артыкчылыгы бар – ага алдын ала даярдануу өтө оор. Бул чөлкөмдө жайгаштырылган кайсы америкалык күчтөр сокку урууга тартылары, ага Израилдин авиациясы катышары белгилүү болгон күндө да, биринчи сокку эң натыйжалуу. Биринчи соккуну урган тарап алдын ала даярдана алат, ал эми коргонууга аргасыз болгон тарап чарчап-чаалыгып, кыраакылыгын жоготуп, бир нече жуманы уттуруп коет.

Ошондуктан биринчи сокку адатта абадан коргоо системаларына урулат, бул аракеттер авиациянын андан аркы ишин жеңилдетет. Ошондой эле башкаруу чынжырын талкалаш үчүн да штабдарга жана байланыш түйүндөрүнө сокку урулат.

Баллистикалык ракеталарга тиешеси бардын баарына сокку урулат – Израил менен АКШ Ирандын жооп соккусунан кооптонушууда. Өлкөнүн ракеталык программасы бул өлкөлөрдү өзөктүк программага караганда көбүрөөк тынчсыздандырып жатат – Ирандын ракеталары Израилдин шаарларына жана АКШнын аскерий базаларына коркунуч жаратууда. Буга Иран алдын ала даярданып алган, атүгүл жооп иретинде Израилди аткылай баштаган, бирок АКШ менен Израилдин биринчи соккусунан улам Ирандын мүмкүнчүлүктөрү көп жакшы болгон жок.

Кабарларга караганда, саясий жана аскердик жетекчилик жүргөн болушу мүмкүн деген жерлердин баары бутага алынып, соккунун алдында калды. Ушундай жол менен америкалыктар жана израилдиктер өлкөнүн башкаруусун бузуп, ирандыктарды демилгеден ажыратып, ката кетирип алууга мажбурлагысы келүүдө.

Биринчи соккунун ийгилиги чалгын кызматтарынын маалыматтарына жана ошол маалыматты иштетүүгө көз каранды болот. Бирок кандай болгон күндө да даярдыкка көбүрөөк убакыт кетти. Мындан аркы соккулардын натыйжалуулугу союздаштар Ирандагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты канчалык тез жана так аларына жараша болот. (ZMa)