Ырчы Аскат Жетиген айып изоляторунда кармалып жатканы айтылууда

Аскат Жетиген
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ырчы Аскат Жетиген учурда айып изоляторунда кармалып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымында, акын ал жерде канча мөөнөткө кармалары азырынча белгисиз.

"Кечээ бардым. Айып изоляторуна камап коюшуптур. Администрациясына кайрылып себебин айткыла, мөөнөтүн тактагыла дедим. Алар эки аптадан кийин жооп беребиз деп койду. Бирок алар дароо түшүндүрүшү керек болчу. Азыр себептери деле белгисиз. Бирок Аскаттын айтканы боюнча, төрт күн мурун Акыйкатчы келип кетиптир. Ага кайрылган экен. Колонияда кармалып тургандардын укугу сакталбай, ырайымсыз мамиле болуп жатканы жөнүндө билдириптир. Ошого өч алабыз деп айып изоляторуна камап коюшкан",- деди жактоочу.

Бул арада эркин журналист Семетей Аманбеков акындын катын өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Катта Аскат Жетиген №27 колониянын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанган.

"2026-жылдын 2-мартында колониянын оперативдик бөлүмүнүн башчысы эч кандай негизсиз мени айып изоляторуна киргизди. Себебин сурасам, "мурунку оор шарттарды кайтарам" деп жооп берди жана "соттолгондорду үгүттөп жатат" деген жалган айып такты",- деп жазылган катта.

Аскат Жетиген мунун бары жалган доомат экенин билдирген. Катта ал өзүнө карата кысымдын чыныгы себеби колония администрациясынын мыйзам бузуулары тууралуу маалыматты ачык айтканы менен байланыштырган.

Ал 2025-жылдын апрелинен тартып соттолгондор кармалган жайларды жылытуу үчүн бөлүнгөн көмүр кызматкерлер тарабынан өз максатында пайдаланылып жатканын айткан.

"Жумасына төрт жолу кеч киргенден таң атканча мончону өздөрү үчүн жагышат",- деп жазылган катта.

Спортзалга кирүү үчүн 2000 сом төлөм алына турганын, муну менен соттолгондордун спорт менен машыгуу укугун чектелип жатканы кошумчалаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан тышкары, отряд башчыларынын кабинеттерин, ашкананын, мончонун, мечиттин жана спортзалдын айрым бөлүктөрүн оңдоо иштери соттолгондордон чогултулган каражаттын эсебинен жүргүзүлгөнү айтылат.

Өткөн аптада аталган жайга Акыйкатчынын өкүлдөрү текшерүү менен барган. Аскат Жетиген аларга жогорудагы мыйзам бузууларды ачык айтканын катында жазган.

"Маектешүү учурунда оперативдик кызматтын башчысы тоскоолдук кылып, мыйзам бузууларды жашырууга аракет кылды. Экөөбүз талашып-тартыша кеттик. Акыйкатчынын өкүлү анын ошол жердеги мыйзамсыз аракеттерин токтотту"- деп айтылат катта.

Кат соңунда ал жактоочусунан бул фактыларды коомчулукка жеткирүүнү жана укук коргоо органдары тарабынан ыкчам чара көрүлүшүн суранган.

Бул дооматтар боюнча расмий органдардын жообу азырынча айтыла элек. Би-Би-Си Аскат Жетигенге байланыштуу маалымат сурап, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кайрылды. Мекеме маалымат даяр болгондо, жооп беришерин айтты.

Кыргыз соту Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыраткан. Ага бийликти басып алууга чакырык жасады деп айып тагылган. Бирок Жетиген сотто өзүнө коюлган бир дагы күнөөнү мойнуна алган эмес.