Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды.
Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасында жүргөн Кыргызстан жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу, зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.
"Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.
























