Иран жана БАЭ соккулардан улам бир нече адам өлгөнү кабарлады

тегеран

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги X социалдык тармагында билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн иран ракетасынын сыныктары кулап, «азиялык улуттагы» бир жаран каза болду.

Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздар мектебинин беш окуучусу набыт болгону тууралуу IRNA мамлекеттик агенттиги кабарлады. Ал эми Tehran Times жергиликтүү бийликке таянып, 24 адам каза болгонун жазды. Бул маалыматтар башка булактар тарабынан азырынча тастыктала элек.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Минабда (Хормозган провинциясы) базасы бар деп билдирет AP.

"Катаиб Хезболланын" өкүлү AFP агенттигине Ирактагы "Катаиб Хезболланын" базасына жасалган чабуулда эки адам каза болгонун билдирди.

Израилдин улуттук медициналык кызматы Маген Давид Адом соккулардын натыйжасында кеминде бир адам жаракат алганын маалымдады.

Ал эми Катардын Ички иштер министрлиги чабуул жоготууларга же кыйроолорго алып келбегенин билдирди.

28-февралдын таңында Израиль Иранга алдын алуучу сокку урганын өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдирди. Анын айтымында, бул соккулар Израилге карата коркунучтун алдын алуу максатында жасалды. Андан соң АКШнын операцияга катышканын президент Дональд Трамп да тастыктады.

«Израиль мамлекети мамлекетке болгон коркунучтарды жок кылуу үчүн Иранга алдын ала сокку урду», — деди Исраэль Кац.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.

«Америкалык аскерлер Иранда ири аскерий операция баштады. Биздин максат — Американын элин коргоо жана Иран режиминен келип жаткан түздөн-түз коркунучтарды жоюу», — деди Трамп.

Ал коркунуч - Ирандын өзөктүк программасынын уланышы жана Ирандын АКШга түздөн-түз коркунуч туудурган алыскы аралыкка атуучу ракеталарды иштеп чыгуусу экенин тактады. «Биз алардын ракеталарын жок кылабыз жана ракеталык өнөр жайын жер менен теңдейбиз», — деп билдирди Трамп.

Израилдин коргонуу күчтөрү - ЦАХАЛ билдиргендей, Израилге Иран тараптан да ракеталар атылганы аныкталды.

Иран жооп иретинде Дубай жана Дохадагы АКШга тиешелүү жайларга да сокку урганы кабарланууда.

Ирандын жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ жана Израилдин соккуларына «кыйратуучу жооп» берерин убадалап, иран эли «душманга» моюн сунбай турганын биллдирген.