Сауд Арабиясынан Кыргызстанга аба каттамдары жанданары айтылды

Сүрөттүн булагы, Official
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жарандарды Кыргызстанга кайтаруу максатында, 4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча авиакаттамдар кайра иштей баштайт. Ага ылайык, Сауд Арабиясынын "Flynas" авиакомпаниясы менен тийиштүү макулдашууларга жетишилди. Эми аталган багыт боюнча учактар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттап турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ошондой эле жакын арада Жидда – Бишкек каттамын да жумасына үч ирет каттамды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президенттин тапшырмасы боюнча Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргыз жарандарын коопсуз жайга чыгаруу аракеттери көрүлүп жатканын кабарлаган.
Андан кийин президент Садыр Жапаров өзү да бул маселе тууралуу маалымат берген. Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөдө кармалып калган кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштерине токтолгон.
Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине кайта албай жаткан жарандарды алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ал белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттары аймагында учуп-конууга киргизилген чектөөлөргө байланыштуу альтернативдүү жолдор каралууда.
Бул максатта Оман менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки учак жалдоо боюнча макулдашууга жетишилген.
Президенттин маалыматына ылайык, жалпысынан 300 жаранды алып келүү пландалууда. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар жана аялдар эвакуацияланат.
Ошондой эле мамлекет башчысы эгер Бириккен Араб Эмираттарынан учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандардын баарын бир күндүн ичинде алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык бар экени айтылган. Министрлик тактагандай, БАЭде 10 миңге жакын кыргыз жараны бар, ал эми Иран менен Израилде 100гө жакын мекендештер жашайт. Сауд Арабиясында зыярат кылып, 6 миңге жакын жаран жүрөт, алар элчилик менен байланышта экени кошумчаланды.
28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.





























