Жапаров Жакынкы Чыгыштагы жарандар Оман аркылуу эвакуациялана турганын айтты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөдө кармалып калган кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине кайта албай жаткан жарандарды алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ал белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттары аймагында учуп-конууга киргизилген чектөөлөргө байланыштуу альтернативдүү жолдор каралууда.
Бул максатта Оман менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки учак жалдоо боюнча макулдашууга жетишилген.
Президенттин маалыматына ылайык, жалпысынан 300 жаранды алып келүү пландалууда. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар жана аялдар эвакуацияланат.
Ошондой эле мамлекет башчысы эгер Бириккен Араб Эмираттарынан учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандардын баарын бир күндүн ичинде алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
2-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлиги Дубай болжол менен 800гө жакын кыргызстандыктын мейманканада убактылуу жашоо мөөнөтү аяктап, же чыгарылганы тууралуу маалымдаган эле.
Расмий маалыматка караганда, учурда Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында 10 миңге жакын Кыргызстан жараны бар.




























