Акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды

Интернеттен

Сүрөттүн булагы, Интернеттен алынган сүрөт

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскат Жетиген
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды. Ал эки күн мурда абактагы тартипти бузганы үчүн деп 15 суткага айып изоляторуна киргизилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 4-мартта акын айып изоляторунан чыгарылганын маалымдады. Маалыматта ал ЖАМКнын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен чыкканы айтылат. Укук коргоочулар Аскат Жетиген абактагы шарттар боюнча арызданганы үчүн басым-кысымга кабылып, айып изоляторуна камалганын билдиришкен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын №27 мекемеде жазасын өтөп жаткан Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу социалдык тармактарда жарыялаган маалыматына карата 3-марттын кечинде расмий билдирүү тараткан.

"Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына соттолгон А. Жетиген уулунун укуктарын кысымга алуу жана мекеме кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар тууралуу жарыялаган маалымат чындыкка дал келбейт" деп айтылат анда.

Мекеме билдиргендей, 2-мартта Аскат Жетиген ички тартиптин эрежелерин бузган. Кызматкерлер менен жасалма чыр-чатак жаратууга аракет кылып, башка соттолгондорду администрациянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырган. Мындан улам, Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинин негизинде ал 15 суткага айып изоляторуна (ШИЗО) камалган.

ЖАМК №27 мекемеси такай көзөмөлдө экенин белгилеп, 2025-жылдан бери Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү 6 жолу, ал эми Прокуратура кызматкерлери 11 жолу текшерүү жүргүзүшкөнүн билдирген.

Маалыматка ылайык, учурда №27 мекемеде 1102 соттолгон жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө. 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилине 556 тоннадан ашык көмүр бөлүнүп берилген. Учурда 146 тонна көмүр калдыгы бар, бул жылытуу мезгилинин аягына чейин жетиштүү. Ошондой эле, мончо бекитилген график менен иштеп жатканы, кызматкерлердин ал жерди колдонуусуна тыюу салынганы белгиленген.

Соттолгондордон акча чогултулат деген дооматтарды төгүндөгөн ЖАМК капиталдык оңдоп-түзөө иштерине бюджеттен 2 миллион 243 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.

"Өч алабыз деп айып изоляторуна камап коюшкан"

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 3-мартта Фейсбукка абакта Аскат Жетиген басым-кысымга кабылып жатканын жазган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Акын Аскат Жетиген №27 колонияда Улан аттуу кызматкер тарабынан катаал мамилеге жана коркутууларга дуушар болууда. Мунун баары Аскат колонияга келген КР Акыйкатчысынын комиссиясына түрмөдөгү мыйзам бузуулар жана кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция тууралуу айтып бергенден кийин башталган. Ал бул катты жактоочусу Нурбек Токтакуновго жазып, анда өзүнө карата болуп жаткан коркутуулардан коргоону жана адам укуктарынын бузулушун коомчулукка жарыялоону суранган" деп билдирген Абдирасулова.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун 3-мартта Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, акын колониядагылардын укугу боюнча маселе көтөргөндөн кийин айып изоляторуна киргизилген.

"Кечээ бардым. Айып изоляторуна камап коюшуптур. Администрациясына кайрылып себебин айткыла, мөөнөтүн тактагыла дедим. Алар эки аптадан кийин жооп беребиз деп койду. Бирок алар дароо түшүндүрүшү керек болчу. Азыр себептери деле белгисиз. Бирок Аскаттын айтканы боюнча, төрт күн мурун Акыйкатчы келип кетиптир. Ага кайрылган экен. Колонияда кармалып тургандардын укугу сакталбай, ырайымсыз мамиле болуп жатканы жөнүндө билдириптир. Ошого өч алабыз деп айып изоляторуна камап коюшкан",- деди жактоочу.

Журналисттер жана укук коргоочулар социалдык тармактарга жарыялаган катта Аскат Жетиген №27 колониянын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанган.

"2026-жылдын 2-мартында колониянын оперативдик бөлүмүнүн башчысы эч кандай негизсиз мени айып изоляторуна киргизди. Себебин сурасам, "мурунку оор шарттарды кайтарам" деп жооп берди жана "соттолгондорду үгүттөп жатат" деген жалган айып такты",- деп жазылган катта.

Аскат Жетиген мунун баары жалган доомат экенин билдирген. Катта ал өзүнө карата кысымдын чыныгы себеби колония администрациясынын мыйзам бузуулары тууралуу маалыматты ачык айтканы менен байланыштырган.

Ал 2025-жылдын апрелинен тартып соттолгондор кармалган жайларды жылытуу үчүн бөлүнгөн көмүр кызматкерлер тарабынан өз максатында пайдаланылып жатканын айткан.

"Жумасына төрт жолу кеч киргенден таң атканча мончону өздөрү үчүн жагышат",- деп жазылган катта.

Спортзалга кирүү үчүн 2000 сом төлөм алына турганын, муну менен соттолгондордун спорт менен машыгуу укугун чектелип жатканы кошумчалаган.

Мындан тышкары, отряд башчыларынын кабинеттерин, ашкананын, мончонун, мечиттин жана спортзалдын айрым бөлүктөрүн оңдоо иштери соттолгондордон чогултулган каражаттын эсебинен жүргүзүлгөнү айтылат.

Өткөн аптада аталган жайга Акыйкатчынын өкүлдөрү текшерүү менен барган. Аскат Жетиген аларга жогорудагы мыйзам бузууларды ачык айтканын катында жазган.

"Маектешүү учурунда оперативдик кызматтын башчысы тоскоолдук кылып, мыйзам бузууларды жашырууга аракет кылды. Экөөбүз талашып-тартыша кеттик. Акыйкатчынын өкүлү анын ошол жердеги мыйзамсыз аракеттерин токтотту"- деп айтылат катта.

Кат соңунда ал жактоочусунан бул фактыларды коомчулукка жеткирүүнү жана укук коргоо органдары тарабынан ыкчам чара көрүлүшүн суранган.

Кыргыз соту Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыраткан. Ага бийликти басып алууга чакырык жасады деп айып тагылган. Бирок Жетиген сотто өзүнө коюлган бир дагы күнөөнү мойнуна алган эмес.

Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон.