Афганистан: Талибан, Ислам мамлекети жана ал-Каида - кандай айырмасы бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Хосе Карлос Куето
- Role, BBC News Mundo
Дүйнө жүзүндөгү жихадчылар Талибандын Афганистанда бийликке келишин майрамдашты. Йеменде жана башка мамлекеттерде салют атылды.
Сомалиде момпосуй таратылды. Түштүк Азияда исламчыл топтор интернетте Афганистандан Батыштын аскердик күчтөрүнүн чыгарылышын жакшы кабыл алышты.
Эксперттер Борбор Азия менен Жакынкы Чыгышта жихадчылардын жаңы доору башталып кетеби деп тынчсызданышууда.
Эң чоң коркунуч ал-Каида жана "Ислам мамлекети" (ИМ) топторунан жаралууда. Аталган топтор соңку жылдары алсызданып кеткен менен учурда активдүү иш алып барышууда.
АКШ менен түзүлгөн келишимдин бир бөлүгү катары, Талибан Батышка каршы иштеген экстремисттик топторго башпаанек бербөөнү убада кылган. Бирок Талибан ал-Каида менен байланышын үзө элек.
ИМ менен байланыштуу Ислам мамлекети Корасан аймагы (ИМКА) тобу көп күтпөстөн, 26-августта Кабул аэропортунда теракт уюштурган. Натыйжада, 170 адам, анын ичинде АКШнын 13 жараны да каза болгон.
Фундаменталисттик идеологиядан тышкары аталган топтордун арасында кандай айырмачылыктар бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нью Йорктогу Суфан борборунун изилдөөчүсү жана коопсуздук боюнча аналитиги Колин Кларк төмөнкүдөй корутундулайт:
"Талибан Афганистандагы эң башкы оюнчу. Ал-Каида өз тармагын кайра түптөгүсү келген эл аралык жихадчы топ. Ислам мамлекети дагы ошондой, бирок анын алдында оор салгылашуу турат. Анткени, ал ал-Каиданын да, Талибандын да элдешкис душманы болуп эсептелет", - деди ал Би-Би-Сиге.
Таржымалы
Ал-Каида менен Талибан 1980-жылдары советтик баскынчылыкка жана 1990-жылдары Афганистандагы ички күрөштөргө каршылык көрсөтүү катары пайда болгон.
"Ислам мамлекети тобу" кийичерээк ал-Каиданын Ирактагы (АКИ) калдыктарынан чыккан. Бул АКШнын 2003-жылы Иракка басып киргенине каршы пайда болгон ал-Каиданын жергиликтүү бутагы.
Аталган топ АКШнын аскерлери 2007-жылы Иракка киргенден кийин бир нече жылга чейин жок болуп кеткен. 2011-жылдан тарта ал кайра пайда боло баштаган.
Ал-Каида саудиялык миллионер Усама бин Ладен тарабынан 1980-жылдары негизделген. Кыргызча мааниси "кор" же "тармак" дегенди билдирет. Уюм Советтер Союзуна каршы согушкан мусулмандарга курал-жарак жана логистикалык жактан колдоо көрсөткөн тармак катары кызмат кылган.
Бин Ладен ал-Каидага бүт ислам дүйнөсүнөн адамдарды тарткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пушту тилинде "окуучулар" деген маанини билдирген Талибан 1990-жылдардын башында Афганистандан советтик аскерлердин кетишинин артынан түндүк Пакистанда пайда болгон.
Талибан башында өзөгүн пушту кыймылы түзгөн, суннит багытындагы ислам дининин катаал жолун окуткан медреселерде чыкканы айтылат. Аталган медреселер көбүнесе Сауд Аравиядан келген акчага каржыланып турган.
Пакистан менен Афганистандагы пушту аймактарындагы Талибандын убадасы бийликке келгенде тынчтык менен коопсуздукту калыбына келтирүү жана өздөрүнө таандык болгон шарияттын катаал версиясын ишке киргизүү болгон.
Афганистандын түштүк батышындагы талибдер тез арада өз таасирин кеңейтишти. 1996-жылы алар Кабулду басып алып, президент Бурхануддин Раббанини бийликтен кулатышкан.
1998-жылга чейин Талибан Афганистандын дээрлик 90% көзөмөлдөп турду.
Ага чейин ал-Каида логистикалык эле колдоо көрсөткөн тармак болбой, өсүп кетти. Ал дүйнөлүк амбицияларга ээ болгон жихадчы уюмга айланган. Ал эми Талибандын бийлиги каржылоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал-Каиданы Афганистанда жакшы кабыл алган.
Бирок Ирактагы чет элдик баскынчылыкка каршылык көрсөткөн башкы оюнчу - Ал-Каиданын Ирак бутагы дагы дүйнөлүк мүдөөлөрдү көздөп, ал-Каиданын түпкү принциптеринен айырмаланган көз караштарды карманып калган.
2006-жылы алар башка экстремисттик топторду өз катарына кошуп, Ирактын ислам мамлекети аттуу аталышты алышкан.
2011-жылдан кийин, Сириядагы согуштарда өз кулачын жайып Ислам мамлекети аталышын Ирак менен Леванттын ислам мамлекети деп өзгөрткөн. Муну менен алар өз алдынча халифат жарыялашып, өздөрүн ал-Каидадан заматта оолактатып кетишкен.
Исламды чечмелөө
Талибан, ал-Каида жана Ислам мамлекетинин (ИМ) ортосундагы окшоштук исламдын катаал суннит багытын кармангандыгында.
"Үч топ тең коомдук жана саясий жашоону диний жашоодон бөлүп карабаш керектигине ишенишет", - дейт Лондондогу Королдук коллеждин мугалими Мишел Гроппи.
"Алар ишенимдин атынан зордук-зомбулукка барса болот деп эсептешет. Ошондой эле бул - милдет деп билишет. Согушпаса анда ал жаман мусулман болуп калат", - деди ал Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гроппинин айтымында, бул көз караш такыр башка коркунуч шарттарында жазылган ыйык жазмаларды сөзмө-сөз чечмелөөдөн келип чыгат.
"Библия сыяктуу Куранда да катаал, аябай күчтүү аяттар бар. Бирок жалпысынан мусулмандардын көпчүлүгү ошол зордукчул принциптерди четке кагат. Алар ошол эрежелер диндин башатында, коркунучка кирептер болгон кезде өтүмдүү болгонун айтышат. Ошол кезде жихаддын, ыйык согуштун, өз мааниси болгон".
Мындай окшош көз караштары бар экенине карабастан, Талибан, ал-Каида жана ИМ өз максаттарына ылайык экстремисттик иш-аракеттеринин даражасы боюнча айырмаланып турат. Айрым эксперттердин айтымында, мына ушул өзгчөлүк аларды бири-биринен айырмалап турат.
Максаттары
Талибандын кызыкчылыгы Афганистан менен эле чектелсе, ал-Каида менен ИМдин дүйнөлүк деңгээлдеги амбициялары бар.
Талибан акыркы жолу 1990-жылдары бийликте турган кезде шарият мыйзамдарын ишке ашырып, аялдарга карата катуу мыйзамдарды жана катаал жазалоо ыкмаларын колдонушкан. Мисалы, эл алдында өлүм жазасына тартуу, таяк менен уруу жана манжаларды кесүү өңдүү жазаларды айтсак болот.
Талибдер 2021-жылдын августунда жаңыдан бийликке келгени ошол тарых кайра кайталанбайбы деп чочулаган афгандар өлкөдөн чыгып кетүүнүн айласын издешкен.
Жоржтаун университетинин терроризм жана Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Даниел Баймандын айтымында, ал-Каида менен ИМдин окуулары радикалдуураак.
"Талибан Афганистанда идеалдуу мусулман өтмүшүн кайра кургусу келет жана башка мамлекеттерди өзгөртүүнү көздөбөйт", - деди ал Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баймандын айтымында, ал-Каида менен ИМ дүйнөлүк деңгээлдеги мүдөөлөрдү көздөп, халифат курууну эңсейт. Ушул маанилүү жагдай боюнча алар айырмаланат.
"ИМ халифатты азыр кургусу келсе, ал-Каида азыр өтө эле эрте деп ойлойт. Алар жихадчы топтор менен мусулман коому даяр эмес деп ишенишет. Алар буга азыр өзгөчө маани беришпейт".
Душмандары
Талибан, ал-Каида жана ИМдин алыскы жана жакынкы жалпы душмандары бар.
АКШ менен Батыш башкы душмандарга кирет. Ал эми калгандары мамлекет менен динди бөлүүнү кабыл алган мамлекеттер жана алардын шериктери.
"ИМ башынан бери эле ал-Каидага караганда зордук-зомбулукка жакыныраак. Андан тышкары, Батышка каршы согуш жарыялоо менен катар, алардын идеологиясын кабыл албаган башка мусулмандарга каршы дагы күрөш жүргүзүп келет", - дейт Байман.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы бир башкы айырмачылык, АКШ ал-Каиданын негизи душманы болсо, ИМ Жакынкы Чыгыштагы шиит коомчулугуна жана башка диний азчылыктарга кол салуусун улантып жатат.
"Ал-Каида дагы шииттерди адашкандар деп эсептеген менен аларды өлтүрүү өтө ашыкча, ресурстарды жөн эле абага коротуу жана жихад долбооруна залакасы тиет деп ишенет", - дейт Байман.
Гроппинин айтымында, Талибандын бийликке келиши бул ажырымды ого бетер тереңдетти жана ИМ талибдерди АКШ менен чыгып кетүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн "саткын" катары көрүп калды.
Бирок алар үчүнчү топтор аркылуу Талибан менен кыйыр байланышта.
Эксперттердин айтымында, Афганистандагы ИМдин бутагы менен Хаккани тобунун ортосунда бекем байланыш бар. Ал эми Хаккани тобу болсо өз кезегинде Талибан менен тыгыз байланышта.
Ыкмалары
Ал-Каида 2001-жылы 11-сентябрда Нью Йорктогу эгиз мунараларга кол салганы менен белгилүү. Окуя 9/11 кол салуусу катары эл оозуна алынып калды.
Мындай чоң таасирге ээ болгон ыкмалары менен аталган топ дүйнөдөгү мусулман жоокерлерди активдештирип, Жакынкы Чыгыштан, айрыкча Сауд Аравиясынан жана ыйык жерлерден АКШны чыгарууну көздөйт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардын пропагандасы жихад - бул ар бир мусулмандын милдети деген ойдун айланасында жүрөт. Бирок ал-Каиданын максаты жергиликтүү маселелерден өйдө турат.
Баймандын айтымында, ИМ дагы ушундай эле пикирде, "бирок алар зордук-зомбулукка жакыныраак".
"ИМ үчүн терроризм революциялык согуштун бир бөлүгү. Өз карамагындагы аймактарда алар массалык түрдө киши өлтүрүшүп, эл алдында адамдардын башын алышкан жана зордукташкан. Алар жергиликтүү калкты коркутуп, баш ийүүгө мажбурлашкан. Ал-Каида кандайдыр бир жумшагыраак мамиле кылат, - эгерде мындай сөздү бул жерде колдонуу орунду болсо".
2014-2017-жылдары ИМ Сирия жана Ирак аймактарына чейин жеткен. Андан бери алар аймактарын Батыш жана курд күчтөрү менен Орусия аркасында турган сириялык күчтөргө алдырып жиберишкен.
2019-жылдын март айында алар Сириядагы акыркы аймагынан кол жууп калганда халифат жарыялап, бирок ал жашыруун тармакка айланган жана коркунуч жаратып турат.
ИМдин афган бутагы делген "Ислам мамлекети Корасан аймагы" 26-августта Кабул аэропортунун сыртында жардыруу уюштуруп, натыйжада 170 киши курман болгон. Аталган топ өлкөдөгү азчылыктарга дагы кол салып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибан болсо өткөн апталарда ири шаарларды жана акырында борбор Кабулду басып алуу үчүн афган өкмөтүнө жана коопсуздук күчтөрүнө каршы согуштук тактикаларды колдонгон жана кол салган.
Ал жактарда талибдер афган аскерлерин өлтүргөнү, айрыкча аялдарга каршы аёосуз жазалоо жана чектөөлөрдү киргизгени боюнча көптөгөн маалыматтар тараган.
Бирок, Гроппинин айтымында, аталган топ "айрыкча элет жерлеринде, алар гана өлкөдөгү көптөгөн көйгөйлөрдү, айрыкча коррупция маселесин чечерин айтып" жергиликтүү калкты ишендирип өз кулачын жаюуга жетишкен.
Адамдарды кантип тартышат?
Талибан, ал-Каида жана ИМ жергиликтүү калктын эле ичинен өз максаттары үчүн согуша турган адамдарды тарта алышкан.
Алар жихад динди сактап "аруулантат" деп убада беришет.
Дүйнөлүк чоң амбициялары болгон ал-Каида менен ИМ Жакынкы Чыгыштан башка жайлардан дагы өз катарына адамдарды тартууга жетишкен.
"Бул жагынан алып караганда ИМ аябай ийгиликтүү болгон. Интернеттин күчү менен алар Ирактагы жана Сириядагы аймактарына адамдарды тартышкан", - дейт Гроппи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"ИМдин коомдук желедеги аракеттери таасирдүү болду. Алар уюм менен байланышы болбогон же аз эле байланышы болгон жана Сирияга же Иракка бара албаган Батыштагы адамдарды мобилизациялап, өз өлкөлөрүндө кол салууларды пландашкан", - деп макул болду Байман.
Алардын ичинен 2015-жылы Париждеги чуулгандуу терактты айтууга болот. Анда Ислам мамлекетинин жоокерлери - алардын арасында согуш жүргөн аймакта болуп келгендер да бар - 130 кишини өлтүрүп, соңку он жылдагы Франциядагы тынчтыкка бүлгүн салган эң чоң зомбулук болуп калган. (EA)












