Талибандын 5 лидеринин таржымалы

Мавлави Хибатулла Ахунзада саясий жана диний лидер. Ал Талибандын башкы командири

Сүрөттүн булагы, Афган ислам прессасы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мавлави Хибатулла Ахунзада саясий жана диний лидер. Ал Талибандын башкы командири

Учурда Талибан жаңы өкмөт түзүп жатканы кабарланууда. Жаңы өкмөттү ким башкарары азырынча белгисиз. Бирок Талибанды башкарып жаткан лидерлердин таржымалын айтып беребиз.

1. Хибатулла Ахунзада

Хибатулла Ахунзада 2016-жылдын май айында Талибандын башкы командири болгон.

1980-жылы ал Афганистандагы Совет аскерлеринин баскынына каршылык көрсөткөн исламчылардын кыймылына катышкан. Бирок ал аскер башчы эмес, диний лидер катары белгилүү.

Ахунзада 1990-жылдары Шариат сотторунун башчысы катары иштеген.

1990-жылдары бийликке биринчи жолу келгенден кийин Талибан ислам укугун өз алдынча чечмелеп, ошого жараша жазаларды киргизген жана колдогон. Алар адам өлтүргөндөр менен ойноштук кылгандарды эл алдында өлүм жазасына тартышып, уурулардын манжаларын кесишкен.

Элден обочолонуп жашаган Молдо Мухаммед Умар (2013-жылы каза болгон делет) жетектеп турганда талибдер телекөрсөтүүгө, музыкага, киного, боёнууга тыюу салып, жашы 10дон өткөн кыздардын мектепке баруусун токтоткон.

2013-жылы каза болгон Талибандын мурдагы лидери Молдо Мухаммед Умардын сүрөттөрү өтө аз

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2013-жылы каза болгон Талибандын мурдагы лидери Молдо Мухаммед Умардын сүрөттөрү өтө аз

Ахунзада 60 жаштарда экени айтылат жана өмүрүнүн көбүн Афганистанда жашап өткөргөн.

Бирок, адистердин оюнча, ал “Кветта шура” (Кветта кеңеши) аттуу уюму менен тыгыз байланышта. Афганистандык Талибандын лидерлери Пакистандын Кветта шаарында жайгашкан аталган кеңеште турары айтылат.

Топтун башкы командири катары Ахунзада саясий, аскердик жана диний иштер боюнча жооптуу.

Талибандын башкаруу түзүмү

2. Абдул Гани Барадар

Молдо Абдул Гани Барадар 1994-жылы Афганистанда Талибанды негиздеген төрт кишинин бири.

2001-жылы АКШ Талибанды бийликтен кулаткандан кийин ал козголоңчулардын атасына айланган.

Бирок ал Пакистан менен АКШ биргелешкен операцияда түштүк Пакистандагы Карачи шаарында 2010-жылдын февралында колго түшкөн.

Молдо Абдул Гани Барада (ортодо) Афганистандагы Талибанды түптөгөн төрт кишинин бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдо Абдул Гани Барада (ортодо) Афганистандагы Талибанды түптөгөн төрт кишинин бири

Ал абакта сегиз жыл отуруп, акыры тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүү планынын бир бөлүгү катары эркиндикке чыгарылган. Ал 2019-жылдын январынан бери талибдердин Катардагы саясий штабында жетекчилик кылып келе жатат.

2020-жылы Барадар Доналд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошону менен ал Талибандын АКШнын президенти менен байланышкан алгачкы лидери болгон. Ага чейин Барадар АКШ күчтөрүн чыгаруу боюнча Доха макулдашуусуна Талибандын атынан кол койгон.

Бүгүнкү күндө Барадар согушкер топтун башкы саясий лидери болуп саналат жана ал Афганистанга кайтып келди.

Өз билдирүүсүндө ал “Биз күтүлбөгөн жеңишке жеттик… алдыбызда элибизге кантип кызмат кылып, аларды коргойбуз деген милдет турат” деген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Абдул Гани Барадар 2020-жылдын сентябрында Дохада жолуккан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Абдул Гани Барадар 2020-жылдын сентябрында Дохада жолуккан

3. Мухаммед Якуб

Мухаммед Якуб Талибанды түптөгөн Молдо Мухаммед Умардын уулу.

Анын жашы 30дан бир аз ашкан болушу мүмкүн жана ал талибдердин аскердик операцияларын жетектейт.

Талибандын лидери Ахтар Мансурдун 2016-жылы каза болушунун артынан айрым согушкерлер Якубду аталган топтун башкы командирлигине дайындоону каалашкан. Бирок башкалары анын жаш жана тажрыйбасы аз экенин айтышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Якуб Афганистанда жашайт.

Талибандын кулачы өлкө аймагында тез жайылган кезде, Якуб талибдерди ооган аскерлерине же бийлик өкүлдөрүнө зыян келтирбөөгө чакырган. Associated Press маалымат агенттигине ылайык, ал өз кол алдындагыларга өкмөткө жана коопсуздук кызматтарына таандык болгон имараттарга да жакындашпоону айткан.

4. Сиражуддин Хаккани

Сиражуддин Хаккани талибдерди жетектегендердин орун басарларынын бири.

Атасы Жалалуддин Хаккани каза болгондон кийин ал Хаккани тобунун жаңы лидерине айланган. Аталган топ Афганистандагы соңку жылдарда ооган күчтөрүнө жана Батыштан келген шериктештерине каршы ырайымсыз түрдө кол салганы менен белгилүү.

Хаккани тобу учурда аймактагы эң күчтүү жана үрөй учурган аскердик топтордун бири. Айрымдарынын айтымында, Афганистанда бул топ “Ислам мамлекети тобунан” дагы таасирдүүрөөк.

Хаккани тобу учурда Афганистандагы эң күчтүү жана үрөй учурган аскердик топтордун бири

Сүрөттүн булагы, FBI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хаккани тобу учурда Афганистандагы эң күчтүү жана үрөй учурган аскердик топтордун бири

Хаккани тобу АКШ тарабынан террористтик уюм деп таанылган жана талибдердин Пакистан-Афганистан чек арасындагы каржылык жана аскердик активдерин көзөмөлдөйт.

Хаккани болжолдуу 45 жаштарда экени айтылат жана анын кайда турганы белгисиз.

Доха макулдашуусуна кол койгондон бир жыл мурда New York Times гезитине жазган пикир-макаласында Хаккани төмөнкүдөй жазган:

“40 жылдан ашуун убакыттан бери афгандар асыл өмүрүн күн сайын жоготуп келди. Баары жакшы көргөн адамдарын жоготту. Баары согуштан чарчады. Адамдарды өлтүрүү жана майып кылуу токтошу керек экенине бекем ишенем”.

5. Абдул Хаким

2020-жылдын сентябрында Талибан Абдул Хакимди талибдердин Дохадагы сүйлөшүү жүргүзүү тобунунун жетекчиси кылып дайындаган.

Анын жашы 60тарда экени айтылат. Пакистандын Кветта жергесинде медресе иштеткени жана ошол жерде ал Талибандын юридикалык иштерин көзөмөлдөгөнү жөнүндө да маалыматтар бар.

Талибандын көптөгөн лидерлери Кветтага качып баргандыктан, ал жердеги кеңешти жетектеген делет.

Бирок Пакистандын бийлиги “Кветта кеңешинин” бар экенин четке кагып келет.

Ошондой эле, Хаким Талибандын күчтүү аалымдар кеңешин жетектеп, башкы командир Ахунзадага жакын кишилердин бири экени айтылат. (EA)