Россия Талибан бийлиги менен жаңы доор пландаштырууда
Петр Козлов жана Анна Ринда
Би-Би-Си Орус кызматы, Москва

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул аптада АКШ менен Европа өлкөлөрү өз жарандарын жана ооган кесиптештерин Кабулдан чыгарып кетүүгө шашылып жатканда, Оруссия талибдердин жеңишинен коркконун көрсөтпөгөн аз өлкөлөрдүн бири болду.
Орус дипломаттары шаарга жаңы келгендерди "жакшы эле кишилер" деп сыпаттап, баш калаа азыр мурункудан коопсуз экенин айтышты. Жума күнү президент Владимир Путин Талибан бийликке келгендиктен, эми алар менен иштешүүгө туура келерин билдирди.
Мунун баары оруссиялыктардын көбүнүн эсиндеги, 1980-жылдары Кабулдун коммунисттик бийлигин колдоп катышкан, Ооганстандагы тогуз жылга созулган каргашалуу согуштан көп жылдан кийин болууда.
Талибанга жылуу пикир
Көпчүлүк чет өлкөлүк элчиликтерден айырмаланып, Оруссиянын дипломатиялык миссиясы иштеп жатканын жана жаңы бийликке пикири жылуу экенин билдирди. Элчи Дмитрий Жирнов Талибандын өкүлү менен 48 сааттын ичинде жолугуп, эч кандай репрессияларды же зомбулукту көрбөгөнүн белгиледи.
Москванын БУУдагы өкүлү Василий Небензия улуттук жарашуунун жаркын келечеги, мыйзам менен тартиптин көчөлөргө кайтып келиши жана "көп жылдык кан төгүүнүн аякташы" жөнүндө кеп кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Путиндин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов, ал тургай талибдер менен сүйлөшүү бозгундагы президент Ашраф Ганинин эски "куурчак өкмөтү" менен сүйлөшкөнгө караганда оңой болгонун билдирди.
Москванын дипломаттары Гани мырзанын төрт машине жана бир тик учак толо акча менен качканын айтып чыгышкан, бирок кийин ал бул айыптоолорду жалган деп, четке каккан.
Орусия менен мамилелердин жакшырышы
Орусия Талибанды Ооганстандын бийлиги катары таанууга ашыккан жок, бирок риторикасын кыйла жумшартты. ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги бул аптада "Талибан" жөнүндөгү репортаждарында "террорчу" терминин "радикал" деп алмаштырды.
Москва бир канча убакыттан бери талибдер менен байланыш түзүп келе жатат. "Талибан" кыймылы 2003-жылдан бери Орусиянын террордук жана тыюу салынган уюмдарынын тизмесине киргенине карабастан, 2018-жылдан тарта уюмдун өкүлдөрү сүйлөшүүлөр үчүн Москвага келип жүрүшөт.

Сүрөттүн булагы, LOS ANGELES TIMES/GETTY
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Батыш өлкөлөрү колдогон мурдагы ооган өкмөтү, Орусиянын президентинин өкүлүн талибдердин ачык жактоочусу деп атап жана өлкөнүн ырасмий өкмөттүн үч жыл бою Москвадагы сүйлөшүүлөргө катыштырыбай койгону үчүн айыптап чыккан.
Кабулов мырза муну четке кагып, алар жакшылыкты түшүнүшпөйт деген. Бирок 2015 -жылы ал "Ислам мамлекети" (ИМ) жихадчыларына каршы күрөшүүдө Орусиянын кызыкчылыктары Таалибан менен дал келерин айткан.
Бул Уошингтондун көз жаздымында калган эмес. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 2017-жылдын августунда Орусияны талибдерге курал-жарак берип жатат деп айыптаган, Москва муну четке кагып, "адашуу" деп мүнөздөгөн.
Москванын Тышкы иштер министрлиги: "америкалык кесиптештерибизден далилдерди сурадык, бирок майнап чыккан жок... биз Талибанга эч кандай колдоо көрсөтпөйбүз", - деп билдирген.
Ушул жылдын февраль айында Кабулов мырза Ооган өкмөтүнүн кыжырына тийип, талибдерди Доха келишимдерин "кынтыксыз" аткаргандыгы үчүн мактап, Кабулду бут тосууда деп айыптаган.
Фокуста аймактык коопсуздук
Талибан менен тыгыз байланышта болгонуна карабастан, Москва азырынча прагматик бойдон калууда. Ал окуяларга көз салып турат жана Талибанды террорчулардын тизмесинен чыгара элек. Президент Путин талибдер тартипти калыбына келтирүү убадасын аткарат деп үмүттөнөрүн айтты. “Террористтердин коңшу өлкөлөргө кирип кетишине жол бербөө маанилүү”, - деди ал.
Россиянын саясатын калыптандыруучу негизги факторлор - регионалдык стабилдүүлүк жана анын өзүнүн Афганистан менен байланыштуу талылуу тарыхы. Ал терроризмден жана баңгизаттарды ташуудан коргонуу үчүн Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнүн чек аранын коопсуздугун бекемдөөнү каалайт.
АКШ 11 -сентябрдагы чабуулдан кийин талибдерге каршы согушуп ачып, региондогу мурдагы советтик өлкөлөрүндө база түзгөндө, Россия алгач бул кадамды кубаттаган. Бирок көп өтпөй мамилелер чыңала баштаган.
Ушул айдын башында Орусия Өзбекстан менен Тажикстанда аскердик машыгууларды өткөрдү, алардын максаты Москванын аскердик өнөктөрү болгон Борбор Азия өлкөлөрүн тынчтандыруу болду.
Өткөн айда Орусия талибидерден Афганистанды толук көзөмөлгө алышы анын аймактык өнөктөштөрүнө коркунуч туудурбайт жана алар “Ислам мамлекети” согушкерлери менен күрөшүүнү уланта берет деп кепилдик алган.
Россиянын согуштан калган ачуу эстутуму
Оруссия Ооганстанга аскер жиберүүгө кызыкдар эместигин баса белгилейт жана анын себебин түшүнүү кыйын эмес. Анткени Советтер Союзу өзүнүн акыркы жылдары болгон 1980-жылдары, ал жакта кандуу жана мааниси жок согушту башынан кечирген.
1979-жылы башталган согуш тогуз жылга созулуп, 15000 советтик кишинин өмүрүн алган.
Бул үчүн СССР эл аралык аренада жолбунга айланып, көптөгөн өлкөлөр 1980-жылы Москва Олимпиадасына келүүдөн баш тартышкан. Бул кыйрап турган советтик экономика үчүн оор жүк болгон.
Советтер Союзу Кабулда Бабрак Кармаль башкарган өкмөттү орноткондо, АКШ, Пакистан, Кытай, Иран жана Сауд Арабиясы советтик аскерлерге жана алардын афган союздаштарына каршы согушкан моджахеддерге акча жана курал-жарак берип турушкан.
Курман болгондордун көбү советтик армияга чакырылган өспүрүмдөр болгон жана бул согуш совет бийлиги өз элине канчалык кам көрөрүн көрсөтүп койгон. Согуш Советтер Союзунун башкаруучуларынан элдин көңүлүн калтырып, өлкөнүн урашына кай бир деңгээлде түрткү берген деген пикир кеңири тараган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Келечек үчүн кооптонот
Орусия талибдердин бийликке келүүсүнө даяр болушкандай таасир жаралышы мүмкүн, бирок айрым эксперттер бул Москва үчүн дагы күтүүсүз болду деп эсептешет.
"Биз эч кандай Москванын стратегиясы жөнүндө сөз кыла албайбыз", - дейт чечимдердин шашылыш кабыл алынганын белгилеген “Орусиянын заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун” өкүлү Андрей Серенко. "Москва аймактык архитектуранын кайра түзүлүшүнө кечигип калуудан кооптонуп жатат."
Москвада талибдердин башкаруусу эмне алып келет деп чочулагандар дагы бар.
Россиянын "Эл аралык иштер боюнча кеңешинин" аналитикалык борборунун башчысы Андрей Кортунов алар бүт өлкөнү, айрыкча түндүктү көзөмөлдөө үчүн күрөшө турганына ишенет жана бул Орусияга жана анын коңшуларына коркунуч келтириши мүмкүн деп эсептейт.
“Балким, Ооганстанда жайгашкан Аль-Каиданын, балким, Ислам мамлекетинин” айрым уюктары Борбор Азиядагы кандайдыр бир аракеттерге түрткү бериши мүмкүн.
Ал ошондой эле ооган экономикасынын кескин начарлап кетишинен чочулайт, анткен бул дагы өз кезегинде туруксуздукту жаратышы мүмкүн. (ChS)











