Афганистан: АКШ аскерин кайтарышы мүмкүнбү?

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Бишкек бюросунун редактору,

Руфат Эргешов, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Президент Жо Байден Афганистандан чегинүүнү туура эмес уюштургандыгы үчүн ачуу сынга кабылууда. Кечээ Байден мырза АКШ аскери Афганистанда белгиленген мөөнөтүнөн узак калышы мүмкүн экенин айтты. Биз кандай шарттарда АКШ аскери Афганистанга кайтып келиши мүмкүн экенин билүү максатында Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Маратка кайрылдык.

Эрика Марат, Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору

Сүрөттүн булагы, Erica Marat

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрика Марат, Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору

Эрика Марат: Талибан кыймылы Борбор Азияга түздөн-түз аскердик коркунуч туудурбайт. Талибан бүтүндөй Ооганстанды жана көп улуттуу өлкөдөгү коомчулукту башкаргысы келген козголоңчулар. Алар өздөрүнүн топторун башка өлкөлөрдө, анын ичинде Борбор Азияда кеңейтүүгө кызыкдар эмес. Бул Ооганстанга гана тиешелүү.

Борбор Азия үчүн коркунуч эмнеде? Талибан 1990 -жылдардагыдай эле, эми Ооганстанда террордук топтордун өнүгүшүнө жол ачат. Алар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ, “Аль-Каида” сыяктуу дагы бир нече чакан топтор. Бирок бул дагы бүдөмүк маселе. Анткени Талибандын алгачкы билдирүүлөрүнөн улам алар саясатты мурдагыдан башкача жүргүзүүнү каалап жатканын байкасак болот. Алар эл аралык коомчулуктун алдында дагы бир жолу куугунтук жеп калбаганга аракет кылышат. Талибан кыймылы Ооганстанда террордук топтордун жайылышына тыюу салат деген сөз чындыкка дал келбеши мүмкүн. Муну убакыт көрсөтөт. Бирок Талибан кыймылы Борбор Азияга түздөн-түз аскердик коркунуч туудурбайт.

Би-Би-Си: Президент Жо Байден Афганистандан аскерлерин чыгарганына өкүнбөй турганын билдирди. Азыр ага ачуу сындар айтылууда. Бирок Акүй өз пландарын өзгөртпөй турганын тастыктады. АКШда кырдаал кандай өнүгүп жатат?

Эрика Марат: АКШ президенти Жо Байден Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгарылып жатканына өкүнбөй турганын айткан эле. Ошол эле учурда Байден бийликке келгенге чейин АКШ жетекчилери тарабынан көптөгөн каталар кетирилгенин белгилеген. Байденге жана башка жетекчилерге карата айтылган сын-пикирлер жөндүү деп ойлойм. Анткени эл аралык коомчулукта жана оогандыктардын арасында Ооганстан АКШ жана башка коалициялык күчтөрдүн туруктуу жайгашкан жери болбошу керек деген пикир бар.

Бирок ошол эле учурда, аскерлерди алып чыгып кетүү процесси туура эмес уюштурулганы дагы айтылып жатат. Ооганстандын дээрлик бардык аймагын Талибан кыймылы тездик менен басып албашы үчүн башка чаралар колдонулушу керек эле. Америкалыктар жана башка өлкөлөр өздөрүнүн дипломаттарын алып чыгып кетүүгө үлгүрбөй калды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Америкалыктардын басымдуу бөлүгү өз өлкөсүнүн Ооганстандагы аскердик аракеттерин колдобой турганын дагы айта кетүү керек. Кошмо Штаттар согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдөн өз аскерлерин тез аранын ичинде чыгарып кеткен окуя биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Ошондуктан, азыркы кризис бир нече жылдан кийин АКШ саясатында азыркыдай курч маселе болбой калат деп ишенем. Президент Жо Байденге карата учурда демократтар менен республикачылар тарабынан көп сын-пикирлер айтылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Кабул аэропортунда болгон окуяларга жана дипломаттарга байланыштуу.

Би-Би-Си: Кандай учурда АКШ өз позициясын өзгөртүп, аскерлерин Афганистанга кайтарышы мүмкүн?

Эрика Марат: Америка Кошмо Штаттары позициясын өзгөртүп, кандай шартта Ооганстанга аскерлерин кайтарарын элестетүү мен үчүн кыйын. Ооган аймактарында "Аль-Каиданын", өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтордун жана башка майда террористтик уюмдардын мындан ары күч алып, бул өз кезегинде АКШ же Батыш өлкөлөрүнө түздөн-түз террордук коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептелген учурда гана АКШ аскерлерин артка кайтарса керек деп ойлойм. Бирок Талибан Ооганстандын аймагын террордук уюмдан коргосо, мындай көзөмөл адам укуктарынын одоно бузулушу менен коштолсо дагы АКШ өз аскерлерин Ооганстанга кайтарбайт.

Би-Би-Си: Талибандын тез жеңишинин себеби – элдин аларга көрсөткөн колдоосу болду жана салтуу Батыш күчтөрүнүн өлкөдөн чыгып кетүүсү салттуу мусулман коомунда либералдык коом куруу аракетинин жеңилиши деген пикирлер болууда. Ошол эле учурда, Батышта аскерий кызматташуудагы коррупция көбүрөөк сындалууда. Бул жеңилүүгө эмне көбүрөөк салым кошту – жогорку бийликтеги коррупция же салттуу коомдун каршылыгы?

Эрика Марат: Талибандын Кабулду тез аранын ичинде ээлеп алуусуна конкреттүү бир кадам себеп болду деп айтуу туура эмес. Буга себеп болгон бир нече жагдай бар. Ооган борборун тез арада басып алабыз деп талибдер өздөрү дагы күтпөсө керек. АКШ же Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстанда мамлекетти же мамлекеттүүлүктү курууга болгон бардык аракеттери толугу менен ийгиликсиз болуп чыкты. Мунун себеби Ооганстанда коом күчтүү этникалык иденттүүлүккө бөлүнгөн. Ооганстан үчүн балким Батыш тибиндеги борборлоштурулган башкаруу ылайыктуу эмес. Атүгүл ооган армиясын күчтүү кылып түзүү да кыйын болду, себеби калктын көп бөлүгү окуганды жана жазганды билбейт. Бытыранды коомдо АКШ армиясы сыяктуу армия куруу өтө кыйын. Эл аралык коалициянын аракети менен Ооганстанда күчтүү коом, мамлекет түзүү аракеттери ишке ашкан жок, бирок акыркы жыйырма жыл ичинде бул өлкөдө күчтүү жарандык активисттер чыга келди. Аларды башкаруу Талибан үчүн олуттуу кыйынчылыктарды туудурат. Тышкы күчтөрдүн инвестициясы, колдоосу менен Ооганстанда борборлоштурулган башкаруу системасы жакшы түзүлбөсө дагы, күчтүү коом курууга мүмкүн болду.

Би-Би-Си: Региондогу абал кандай өнүгөт деп ойлойсуз? Кытай АКШнын ордуна башкы оюнча болуп калабы жана Оруссинын оюну кандай болот?

Эрика Марат: Кытай менен Орусия тууралуу айта турган болсок, бул эки өлкө тең Талибан менен кызматташууга даяр экенин көрсөтүүдө. Бирок азырынча, албетте, алар Талибан кыймылынын легитимдүүлүгүн тааныбайт жана Орусия БУУдан реакция күтөт. Бирок бул Орусия жана Кытайдын Талибан менен кызматташуусуна тоскоол болбойт, өзгөчө Кытай экономикалык алакаларды түзө башташы мүмкүн. Бул аягында эмнеге алпара турганын болжоо кыйын, бирок Кытай Ооганстандын экономикасынын негизги инвестору болушу толук мүмкүн. Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кытайда инвестициялар мамлекеттин жардамы менен салынат. Бирок Кытай үчүн дагы толгон-токой маселе бар, айрыкча Ооганстандагы уйгурлар жана талибдер менен мамилеси кандай өнүгөт, бул Кытай үчүн кыйын иш. Биз бул тема тууралуу кийинчерээк сүйлөшкөнүбүз туура болот.

Би-Би-Си: Региондо өз таасирин сактап калуу үчүн АКШ региондо жаңы аскердик база ачышы мүмкүн деген пикир талкууга алынып калууда. КРдин мындай базаны кабыл алуучусу болуп калуу шансы барбы?

Эрика Марат: Борбор Азияда аскердик база түзүү маселеси азыр күн тартибинде турган жок, муну Байдендин администрациясынын билдирүүлөрүнөн байкаса болот. Кыргызстанда мурдагыдай АКШ аскердик базасы курулат деп айткандан алысмын. Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Тажикстанда аскердик база түзүү ыктымалдуулугу жогору. АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер улана берет, бул Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүнө жараша да болот. Бирок бул мамилелер сөзсүз түрдө аскердик база түзүүгө гана багытталбайт.