Афгандарды Кабул аэропортунан эвакуациялоо машакаты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- БУУнун документинде Талибан НАТО жана АКШнын күчтөрү менен иштешкен адамдардын изине түшүп алганы айтылат
- Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Немис Толкунунда (Deutsche Welle) иштеген журналисттин бир тууганы дагы бар
- Батыш мамлекеттери өз жарандарын жана кызматташкан афгандарды эвакуациялап жатканда Кабул аэропортунда башаламандыктар көпкө чейин созулду
- Жекшембиден бери 7 миңдей америкалык менен башка адамдар, анын ичинде афган шериктештер да, эвакуацияланды
Талибан эвакуацияны колдоп жатканын айтат
21:06
Талибан чет элдик күчтөргө жарандарын Кабул аэропортунан эвакуациялоого көмөк көрсөтүү менен “өз сөзүндө туруп жатканын” кыймылдын расмий өкүлү Рейтер агенттигине айтты.
“Биз жалгыз эле чет элдиктерге эмес, афгандарга дагы коопсуздукта чыгып кетүүгө жардам берип жатабыз”, - деген алар.
“Биз аэропортто афгандардын, чет элдиктердин жана талибдердин ортосундагы катаал айтышуулардын кандай гана түрү болбосун баарын алдын алып жатабыз”, - деди расмий өкүл.
Бирок адамдардын колунда визалары болсо да Кабул аэропортунда өткөрбөй жатканы боюнча кабарланган. Би-Би-Си көргөн БУУнун конфиденциалдык документинде согушкерлер НАТО жана АКШ күчтөрү менен иштешкен адамдардын изине түшкөнү жазылган.
“Талибан АКШ жана НАТО аскерлери менен кызматташкандардын изине түштү”
18:45
Бириккен Улуттар Уюмунун документинде Талибан НАТО жана АКШнын күчтөрү менен кызматташкан бардык адамдардын артынан түшүп алганы айтылат.
Конфиденциалдык документти Норвегиянын Глобалдык анализ борбору даярдаган. Аталган борбор БУУну чалгындоого байланыштуу маалыматтар менен камсыздайт.
“Бутага алынган адамдар Талибанга өздөрү багынып бербесе, Талибан алардын үй-бүлө мүчөлөрүн камап жана/же өлтүрүү же камоо менен коркутуп жатат”, - деп жазылат Би-Би-Си тарабынан алынган документте.
Анда айтылгандай, коркунучка кептелген адамдар аскердик, полиция жана иликтөө бөлүмдөрүндө кызматта тургандар болуп саналат.
“Негизги шаарларды каратып алганга чейин эле Талибан тиешелүү адамдардын тизмесин даярдап жүргөн”, - делет документте.
Анда кошумчалангандай, согушкерлер Кабул аэропортунан чет элдиктерди эвакуациялоо учурунда белгилүү бир адамдарды текшерүүгө алышкан, бирок ал жердеги абал “башаламан” болгон.
Баяндамага ылайык, Талибан жаңы бийлик менен кызматташуу үчүн маалымат топтоочулардын жаңы тармагын түптөп жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Түркия Кабул аэропортун коргогусу келет
17:15
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ аскерлерин чыгарып кеткенден кийин деле Талибандын башкаруусу учурунда Кабул аэропортун коргоого даяр экенин айтты.
Түркия аэропортту көзөмөлдөө жана иштетүүнү сунуштады. Бул башка мамлекеттерге Афганистан менен дипломатиялык алаканы сактоодо орчундуу мааниге ээ.
Бирок Талибандын ыкчам аракетке өтүшү аталган планга шек жаратты. Ал АКШнын коргоо өкүлдөрү менен сүйлөшүлгөн болчу.
Шаршемби күнү телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган Түркия аэропортту иштетүү ниетинен кайта элек экенин билдирди.
“Талибандын бийликке келиши менен алдыбызда жаңы жагдай пайда болду. Эми биз жаңы жагдайларга ылайык план түзүп жатабыз”, - деди ал.
Эрдоган Талибандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.
“Биз кандай гана кызматташуу болбосун баарына даярбыз. Алар [Талибан] Түркия менен мамилелер боюнча аябай сезимтал болушат”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Афганистандан канча киши эвакуацияланды?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
16:55
Талибан жекшемби күнү бийликти басып алгандан бери көптөгөн мамлекеттер өз жарандарын жана жардамга муктаж афгандарды өлкөдөн чыгарууга ашыгып жатат.
Азырынча өлкөдөн качкан афганистандыктардын көпчүлүгүн АКШ кабыл алды.
Бүгүнкү күнгө карата эвакуация кылган өлкөлөр:
АКШ: 5,200дөн ашуун киши эвакуацияланды. Вашингтон 22 миң ооганстандык менен өзүнүн 15 миң жаранын өлкөдөн чыгарып кетүүгө убада берди. Президент Жо Байден 31-августта аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүнөн өтүп кетсе да ошондой кыларын айтты
Британия: Жекшембиден бери 1200дөй кишини, анын ичинде оогандарды да чыгарып кетти. Күнүнө миңдей кишини эвакуациялоону көздөөдө
Германия: Жекшембиден бери 900, анын 100 афгандар
Түркия: 552 жаран
Швейцария: 230 афган кызматкерин эвакуацияламакчы
Франция: 209, анын 184 афгандар
Индия: 170 киши
Дания: 84 киши
Испания: 53 киши
Польша: 50 киши
Чехия: 46 киши, анын ичинде афган кызматкерлер да бар
Нидерланддар: 35 жаранын алып кетти. Алар миң афган кызматкери менен алардын үй-бүлөсүн чыгарып кетишмекчи
Венгрия: 26 жаран
Австралия: афгандарды кошкондо 26 киши. Бардык афган кызматкерлерине жардам бере албасын айтты
Кыргызстан: 24 жаран
Жапония: элчиликтин 12 кызматкери
Булагы: Рейтер

Сүрөттүн булагы, Түркиянын коргоо министрлиги Getty Images
Талибандын түзүлүшү кандай?
15:10
Талибандын лидерлери, түзүлүшү, таржымалы жөнүндө толук маалыматты бул материалдан алсаңыз болот.


Кабул аэропортунда 12 киши өлдү
12:29
Кабул аэропортунун ичинде жана айланасында жекшемби күндөн бери жалпы 12 киши өлгөнүн Талибандын расмий өкүлү маалымдады.
Рейтер агенттигине анонимдүү түрдө маалымат берген расмий өкүлдүн айтымында, адамдар октон же дүрбөлөң түшүп качуудан өлгөн.
Ал дарбазанын жанына топтолгондорду эгерде саякаттоого укугу жок болсо, анда үйлөрүнө кайтууга чакырды. Ал Талибан аэропортто “эч кимге жамандык кылгысы келбегенин” айтты.
Аталган аэропортто миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы тартылган видеолор пайда болгон эле.
Кабул аэропортун АКШ көзөмөлдөп жатат, бирок айланадагы жолдор Талибандын көзөмөлүндө. Күбөлөр кабарлагандай, куралчан талибдер документтери болгон адамдарды да аэропортко киргизбей жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Амрулла Салих каршылык көрсөтүүдө
12:13
Эл аралык коомчулук Талибандын болочоктогу өкмөтүн мыйзамдуу деп таанып-тааныбоо жөнүндө ойлонуп жаткан чакта Афганистандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих өзүн өлкөнүн “мыйзамдуу түрдө убактылуу президенти” деп атап, талибдердин бийлигин тааныбасын билдирди.
Ал өлкө конституциясына таянууда. Афганистандын баш мыйзамына ылайык, мамлекет башчысы кызматтан кетсе, каза тапса, качып кетсе же жөндөмсүз болсо, анда анын милдеттери биринчи вице-президентке убактылуу өтөт.
France24 кабарлагандай, шейшемби күндөн бери аны колдогон күчтөр Панжшер облусундагы райондордун бирин алган. Бул ага таяныч болуп берген.
Салих аталган облуста отурукташып, бардык дүйнөлүк лидерлерди ага колдоо көрсөтүүгө чакырууда.
Афганистандын Тажикстандагы элчиси Захир Акбар шаршемби күнү билдиргендей, Панжшер талибдерге каршы туруу чекитине айланмакчы.
“Вице-президент Амрулла Салихтин жетекчилигинде Панжшер гана каршы турууда”, - деди ал.
Ал эми Орусиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов орус телеканалында сүйлөп жатып, Салихти Панжшердин сыртында колдогондор жок экенин билдирди.
“Кабулда вице-президент Салих үчүн эч ким турган жок. Ал өзү улуту тажик, ошондуктан ал Панжшерге качып кеткени түшүнүктүү эле. Анткени ал тажик анклавы”, - деди Жирнов Биринчи каналдын эфиринде.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибандын башкаруусундагы жашоо сүрөттөрдө
11:54
Бүгүн тартылган сүрөттөрдөн Талибан башкарып жаткан Афганистандагы жашоонун бир четин көрүүгө болот.
Кабулда аял моделдер тартылган жарнактардын бети өчүрүлгөн. Аэропорттун сыртында күзөттө турган Талибан согушкерлер жакта абал чыңалган бойдон. Аскерлер болсо өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандарды эвакуациялап жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гани: Коопсуздук кызматым мени кетүүгө мажбурлады
11:01
Бийликтен кулаган ооган президенти Ашраф Гани Фейсбукта түз эфирге чыгып, кайрылуу жолдоду. Ал жекшеби күнү өлкөдөн чыгып кеткен бойдон Афганистандын элине биринчи жолу кайрылып жатат.
Өз сөзүндө Гани коопсуздук кызматы тарабынан Афганистандан чыгып кетүүгө мажбурланганын айтты. Анткени, “Мени кармап алышып өлтүрүп коюуга толук мүмкүн болчу”, - деди ал.
Анын айтымында, кийинчерээк Талибан Кабулдагы президенттик сарайга барып, “ар бир бөлмөгө кирип, аны издей башташкан”.
БАЭге кетерде 169 млн АКШ долларын чыгарып кеткени боюнча сөздөрдү төгүндөп, “ал тургай сандалын чечип, бут кийимин кийгенге да уруксат берилбегенин” айткан.
Муну ал Талибандын өтө тездик менен аракетке өткөнү жана өлкөдөгү кырдаал “начарлап баратканы” менен түшүндүрдү.
Гани: “Афганистандан качкан жокмун”
10:40
Афганистандын бийликтен кулаган президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткенин четке какты. Ал Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) жүргөнү ырасталды.
Гани Фейсбукта түз эфирге чыгып, кан төгүүнүн алдын алдын алуу жана “чоң кырсыкты” болтурбоо үчүн Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун кайталады.
“Афганистандыктарга адилеттүүлүк аракеттерин улантуу үчүн” ал мамлекеттик кызматкерлер менен байланшта болгонун айтты. Бирок кандайча болгонун чечмелеп берген жок.
Ошондой эле, ал өлкөдөн ири суммадагы акчаны чыгарып кетти деген ушактарды төгүндөп, бул маалымат негизсиз экенин айтты.
Тажикстандагы ооган элчиси Гани 169 млн АКШ долларын алып чыгып кеткенин айткан болчу.
БАЭде Гани менен анын үй-бүлөсүн гуманитардык негизде кабыл алганын билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Ashraf Ghani/Facebook
19-августка карата соңку окуялардын кыскача мазмуну
Азиядагы окурмандарга кутман таң, ал эми АКШдагыларга кутман кеч каалайбыз. Би-Би-Синин Афганистандагы кырдаал боюнча баяндоосуна куш келиңиз.
Бизге жаңы эле кошулуп жаткан болсоңуз, соңку окуялардын кыскача мазмуну:
- АКШнын президенти Жо Байден Афганистандан аскерлерди чыгаруу боюнча чечимин эки эселеп колдоду
- ABC News телеканалына берген интервьюсунда ал “Талибандын бийликти ыкчам басып алышын эч ким күткөн эмес” деп айтты. “Башаламандык баары бир болмок”, - деп кошумчалады ал.
- Эл аралык валюта фонду Афганистан эми насыячы каражатын ала албасын билдирди
- Талибан бийликке келгенден кийин Кабулдан качып кеткен өлкө президенти Ашраф Гани БАЭде жүргөнү маалым болду
- Өзүнүн видео кайрылуусунда Гани өлкөдөн качып кеткенин четке кагып, “чоң кырсыктын” алдын алуу үчүн чыгып кеткенин айтты
- Гани Афганистанга мүмкүнчүлүк жаралары менен кайтып келерин айтты жана баштыктагы акчалар менен качып кетти деген маалыматтарды төгүндөдү
- АКШ менен башка мамлекеттер өз жарандары менен коркунучка кептелген оогандарды эвакуациялоону улантууда
- Аэропортко чейинки жолдорду көзөмөлдөгөн Талибан чет өлкөлүктөргө гана чыгып кетүүгө уруксат берип жатканы айтылууда
Мурдагы күндөрдөгү баяндамалар:












