АКШ аскери Афганистанда мөөнөтүнөн кийин дагы калышы ыктымал

аскерий күрмөнү жамынып уктап жаткан кичинекей кыз

Сүрөттүн булагы, US AIR FORCE/1ST LT. MARK LAWSON VIA REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым оогандыктар эвакуациялык учактар түгүл аэропортко кире албай жатышат.

Президент Жо Байден, талибдер өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылгандарды Кабул аэропортуна киргизбей жаткандыктан, АКШнын аскерлери чыгуу мөөнөтүнөн кийин дагы Афганистанда калышы мүмкүн экенин билдирди.

Байден мырза АКШ күчтөрүн бул айдын аягына чейин Афганистандан чыгарып кеткиси келет, бирок өлкөдө 15000ге жакын АКШ жараны кыйын абалда калды.

АКШ президенти ABC News каналына берген маегинде Кабулдагы тополоң болбой коймок эмес деди.

Чет өлкөлөрдүн бийликтери батыш өлкөлөрдүн жарандарын жана иштешкен оогандарды учактар менен чыгарып кетишүүдө.

Уошингтон бардык америка жарандарын жана АКШ армиясынын котормочулары сыяктуу алар менен иштешкен 50-65 миң оогандыкты чыгарып кетүүгө убада берген.

Жалпысынан Америка бүгүнкү күнгө 5200 кишини, анын ичинде акыркы 24 сатта 2000 кишини эвакуация кылды. Булардын арасында 9 кыргызстандык дагы бар.

Пентагон репортерлорго күнүнө 9000 кишиге чейин алып чыгууну көздөп жатканын билдирди.

4500 жакын АКШ аскери Карзай атындагы Кабул эл аралык аэропортунда убактылуу көзөмөл жүргүзүүдө. Бирок аэропортту талибдер сыртынан курчап жана өткөөлдөрдү кайтарып турушат.

Талибандын өкүлү Reuters агенттигине жекшембиден бери аба майданда жана анын чет жакасында 12 киши өлтүрүлгөнүн билдирген.

Талибан визасы жокторду аэропортко киргизбей жатат. Уруксаты барлар дагы кыйынчылыктарга кабылып жатышканы белгилүү. Бир ооган тилмечи түндөсү Австралиянын эвакуациялоочу блогуна жеткенге аракет кылганда бутка атылганы айтылган. Би-Би-Синин АКШдагы өнөгү CBS News каналына эвакуациялык каттамга жетпей калышканын билдирген америкалыктар болгон.

АКШ убактысы боюнча шаршембиде, АКШнын федералдык авиа администрациясы эвакуциялык жана куткаруучу учууларды аткаруу жүрүп жаткандыктан, АКШнын коргоо департаменти атайын уруксат бермейин, жарандык авиатранспортко Кабулга киргенге жол берилбей турганын билдирген.

Кабул аэропортунун сыртындагы котологон эл

Сүрөттүн булагы, KHAIRULLAH HOTAK/EVN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаршембиде Кабул аэропортунун сыртындагы тыгылышта 17 адам жабыркаганы кабарланды.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ABC каналынын “тополоң тоз түшкөн чегинүү ката болгонун моюндайсызбы?” деген суроосуна Байден мырза - “жок”, - деп жооп берди.

“Балким тополоң-тоз кылбай чыгып кетүүнүн кандайдыр бир жолу бардыр, бирок мен аны билбейм”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Байден мырзадан бул аптада вируска айланып кеткен американын учактары Кабулдан көтөрүлүп баратканда кулаган оогандыктардын сүрөттөрү тууралуу дагы сурашты.

АКШы президенти: “Ал төрт күн, беш күн мурда болгон окуя!”, - деп актанды.

Өткөн айда эле президент Байден журналисттерди Талибандын бүт өлкөнү басып алышы “дээрлик мүмкүн эмес“ деп ишендирген.

Ал чалгын кызматтарынын билдирүүлөрүнө ылайык, мындай сценарий жылдын аягында орун алышы мүмкүн деп эсептелгенин билдирди.

“Сиз “дээрлик мүмкүн эмес“, - деп айтканда, анын убактысын тактаган эмессиз". “Сиз болгону Талибандын бүт өлкөнү басып алышы “дээрлик мүмкүн эмес“, - деп эле айткансыз”. - деди корреспондент Жорж Стефанополус.

АКШ президенти Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Жо Байден

Президент Байден: “Ооба”, - деп жооп берди. Ал апрелде америкалыктарды АКШнын чегинүүсү коопсуз жана тартип менен өтөт деп ишендирген.

Шаршембидеги маегинде, АКШнын президенти Талибандын өлкөнү чагылгандай тез басып алышына кайрадан афган бийлигин жана анын армиясын күнөөлөдү.

Чалгын булактары Би-Би-Сиге Байден мырза чегинүүнүн тобокелдерин жакшы эле түшүнгөн, бирок быйыл чыгып кетүү чечимин өзгөрткүсү келген эместигин айтышты.

Акыр аягы, ал “өзүнүн принципиалдуу аналитиги катары иштеди”, - дейт Борбордук чалгын агенттигинин мурдагы кызматкери Пол Пиллар.

“Акыры Талибан жеңишке жетмек”, - дейт Пиллар мырза. “Бирок анын ылдамдыгы же жүрүшү... же бирдеме болордо, аны алдын ала айтуу мүмкүн эмес”.

“Бул чалгындын катасыбы? Андай эмес го дейм”, - деп кошумчалады ал.

Шаршембиде АКШнын Казынасынын басымы менен, фонддорду Талибандын колуна тийгизбөө максатында, Эл аралык Валюта фонду Афганистандын акча резервдеринде сакталган $440 млн долларлык активдерин тоңдурду.

Ал ортодо бийликтен кулаары менен Афганистандан чыгып кеткен президент Ашраф Гани, ал болгону өкмөттүк ырасмийлердин кеңештерин укканын айтып чыкты.

Шаршембиде Талибанга каршы митингде Кабулдан 150 км. чыгышта жайгашкан Жалалабад шаарында бир киши өлтүрүлдү. (ChS)

Граната атуучу көтөрүп жүргөн Талибан жоокери

Сүрөттүн булагы, Reuters