Байден Афганистандан кетүүнү “чечкиндүү түрдө” колдойт

Президент Жо Байден Талибандын өлкөнү тез каратып алышынан улам кабылган катуу сынга жооп кылып, АКШнын Афганистандан чыгып кетүүсүн “чечкиндүү түрдө” колдой турганын билдирди.
“Бул дагы канча америкалыктын өмүрүнө татыктуу?” - деп суроо салды президент.
Аскерди чыгаруу тополоңго айланып кеткенине карабастан, “АКШ күчтөрүн чыгарып кетүүгө ылайыктуу убакыт эч качан болгон эмес”, - деди ал.
Жекшембиде президент Ашраф Ганинин бийлиги кулап, ал сарайын таштап качкандан кийин Талибан жеңишке жеткенин жар салган.
Туура чечим
Президент Байден дүйшөмбүдө Афганистан боюнча билдирүү жасоо үчүн эс алып жүргөн жеринен Акүйгө кайтып келди.
“Өткөн аптадагы окуялар АКШнын Ооганстандагы аскерий миссиясын токтотуу чечими туура болгонун тастыктап турат", - деди ал.
“Афган коргонуу күчтөрү өздөрү үчүн согушкусу келбеген согушка америка аскерлери катыша албайт жана катышпашы керек”.
Байден 11-сентябрга чейин АКШнын бардык аскерлерин Афганистандан чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин Кабулда башаламандык чыкканы үчүн катуу саясий сынга кабылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ Сенатындагы республикачыл азчылыктын башчысы Митч МакКонэл Твиттерде: “Биз Ооганстандагы чыныгы апаатка күбө болуудабыз. Байдендин администрациясынын чегинүүсү АКШнын аброюна шек келтирет”, - деп жазган.
Байден өз сөзүндө АКШнын Афганистандагы миссиясы эч качан “мамлекет куруу болбогондугун” айткан.
Ал экс-президент Барак Обама 2009-жылы миңдеген жоокерди бул өлкөгө жайгаштырганда вице-президент катары каршы чыккан белгиледи.
Ошондой эле, бул жылдын май айында аскердик күчтөрдү чыгаруу тууралуу Талибан менен түзүлгөн келишим ага мурдагы президент Доналд Трамптан мураска калганын дагы айтты.
Ал “Американын узак согушун жүргүзгөн төртүнчү президенти болуп калганын жана жоопкерчиликти бешинчиге жүктөбөсүн” билдирди.
“Мен Афганистанда дагы бир аз турсак, башкача болмок деп америкалыктарды адаштыргым келбейт”, - деди Байден.
Байден тышкы саясат боюнча тажрыйбалуу эксперт катары иш жүргүзүп, быйыл кызматка киришкенде “Америка кайтып келди” деп жар салган.
Өткөн айда ал журналисттерди Талибандын бүт өлкөнү басып алышы “дээрлик мүмкүн эмес” деп ишендирген. Бирок дүйшөмбүдөгү сөзүндө “бул ал болжогондон кыйла ылдам” болгонун мойнуна алды.
Коомдук пикирди сурамжылоолор америкалыктар АКШнын Афганистандан кетишин колдой турганын көрсөтөт.
Бирок президент Байден күчтөрдү чыгаруунун жүрүшү, чыккан АКШ аскерлеринин эвакуацияга жардам берүү үчүн кайта кайтарылганы үчүн катуу сынга кабылды.
Жекшембиде пайда болгон сүрөттөрдөн тик учактар АКШнын элчилигин айланып жүргөнүн көрсө болот. Бул сүрөттөр Байден жаш сенатор кезиндеги Американын 1975-жылы Вьетнамдагы Сайгон жергесинен жеңишсиз чыгып кетүүгө аргасыз болгон уяттуу учурларын көптөгөн америкалыктардын эсине салды. (ChS)












