АКШнын мамкатчысы: Кытайдын Афганистанга кийлигишкени оң болушу мүмкүн

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын Афганистанга кийлигишүүсү "оң болушу" мүмкүн деп билдирди.

Анын айтымында, Кытай "жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну" жана "ар тарапты камтыган" өкмөттүн түзүлүшүн көздөсө жакшы болот.

Анын билдирүүсү Талибандын өкүлдөрү Кытайга барган соң айтылды.

“Кытай Талибан менен тынчтыкка жетишүүдө жана Афганистанды калыбына келтирүүдө маанилүү иш алып барып жатканын көрдүк”, - деп билдирди. 

"Талибандын өлкөнү аскердик жол менен басып алышына, исламдык эмиратты калыбына келтирүүсүнө эч ким кызыкдар эмес" - деди Блинкен мырза. Бул тууралуу аны Индияга болгон иш сапары учурунда суроо менен кайрылышкан.

Ал Талибанды "сүйлөшүүлөргө... тынчтык жолу менен" келүүгө үндөдү.

Шаршемби күнү Талибандын тогуз өкүлү сүйлөшүү үчүн Тянжинге келишкен.

Твиттерде Талибандын өкүлү: "Кытай Афганистанга жардамын улантууга даяр экенин дагы бир жолу билдирди жана алар өлкөнүн маселелерине кийлигишпейт, тескерисинче, көйгөйлөрдү чечүүгө жана өлкөдө тынчтыкты калыбына келтирүүгө жардам берет" - деп билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Афганистандын ички иштерине "кийлигишпөө" саясатын жүргүзөрүн белгилеген.

"Кошмо Штаттар жана НАТО аскерлерин Афганистандан шашылыш чыгарып кеткени, чындыгында, АКШнын Афганистанга карата саясатынын ишке ашпай калганын көрсөттү жана афган эли өз өлкөсүн турукташтыруу жана өнүктүрүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүккө ээ болду”, - деп кошумчалаган министрлик.

АКШ сентябрь айына чейин өз аскерлерин чыгарып кетип жатканда, Афганистанда зордук-зомбулук көбөйүп, талибдер өлкөнүн ири аймактарын көзөмөлгө алышты.

Афганистан боюнча дагы окуңуз