Афганистан: АКШ кеткенден кийинки жашоо. Цифралар менен
Би-Би-Синин визуалдык журналистика командасы
АКШ менен НАТО аскерлери 20 жылдык согуштан кийин Афганистандан чыгып жатышат. Алар жок кылабыз деп келген “Талибан” кыймылы өлкө аймактарын тездик менен кайтарып алууда.
Согуш Афганистанды кандайча өзгөрттү, эми эмне болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибан кайтып келдиби?

2001-жылы АКШ баштаган күчтөр басып киргенде, фундаменталисттик исламчыл куралдуу күч болгон Талибан бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. Демократиялык президенттик шайлоо өтүп, жаңы конституция негизделген, бирок Талибан узакка созулган козголоңчул согуш баштап, бара-бара күч алып, АКШ жана НАТО күчтөрү менен тирешип турган.
Эми, АКШ акыркы аскерлерин чыгарып жатканда, топ көптөгөн райондорду кайтарып алып, шариат мыйзамдарынын катаал формасын калыбына келтирүүдө.
Би-Би-Си Афган кызматы 12-июлда өлкө боюнча кырдаалды ырастады - кайсы аймактар Талибандын же өкмөттүн көзөмөлүндө экендигин тактады.
Жер-жерлерде кырдаал курч, ал эми өлкөнүн айрым аймактарына кирүүгө мүмкүн болбогондон улам кабарларды текшерүү кыйын. Бирок Талибан олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканы айдан ачык. Алар учурда өлкөнүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2001-жылдан бери канча адам курман болду?
Жыйырма жылдык салгылашуулар Афганистанда жана коңшу Пакистанда миңдеген согушкерлеринин өмүрүн алып кетти. Жарандар дагы жаңжалга кабылып, коалициянын аба соккуларынан жана Талибандын чабуулунан жабыркашты.

2021-жылдын алгачкы үч айында каза болгон жарандардын саны андан мурдагы жылга караганда "кыйла жогору" болгон, бул колго жасалган жардыргыч заттарды колдонууга жана максаттуу түрдө өлтүрүүлөргө байланыштуу болгон дейт Бириккен Улуттар Уюму.
2020-жылы Афганистанда жарандык жоготуулардын 43% аялдар жана балдар түзгөн.
Согуштан качкандар канча?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Көп жылдык кагылышуулар миллиондогон адамдарды үйлөрүн таштап качууга мажбур кылды, айрымдары коңшу мамлекеттерге баш калкаласа, башкалары алыс жактарга башпаанек издеп кетишкен. Көбү Афганистандагы миллиондогон адамдар сыяктуу эле ачкачылыктан кыйналып, жер которуп, үй-жайсыз кала берген.
Өткөн жылы жаңжалдардан улам 400 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болгон. 2012-жылдан бери беш миллиондой адам качып кетип, үйлөрүнө кайта албай калышты. БУУнун адам укуктары боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Афганистан жер которгон калктын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Коронавирус пандемиясы Афганистандын жалпы улуттук ресурстарына кошумча күч келтирди, ал эми карантин жана жана кыймылдын чектелиши көпчүлүк адамдардын акча табуу мүмкүнчүлүгүнө айрыкча айыл жерине көп таасирин тийгизди. БУУнун гуманитардык жардамдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, калктын 30%дан ашыгы азык-түлүк коопсуздугунун кризистик деңгээлине туш болушкан.
Эми кыздар мектепке бара алабы?

Талибан бийлигинин кулашы аялдардын укуктары жана билим алуу жаатында олуттуу өзгөрүүлөргө жана жылыштарга жол берди. 1999-жылы орто мектепке барган бир дагы кыз катталган эмес, болгону 9 миң кыз башталгыч мектептерде окуган.
2003-жылы 2,4 миллион кыз орто мектепте окуган. Бул көрсөткүч учурда 3,5 миллионго жакын, ал эми мамлекеттик жана жеке университеттердин студенттеринин үчтөн бир бөлүгү аялдар.
Балдардын Unicef кайрымдуулук уюмунун маалыматы боюнча, дагы деле болсо 3,7 миллиондон ашык бала мектепте окубайт жана алардын 60% кыздар түзөт, бул негизинен чыр-чатактын уланышы жана жетиштүү окуу базасынын, аял мугалимдердин жетишсиздигинен улам болууда.
Талибдер мындан ары кыздардын билим алуусуна каршы эмеспиз деп айтышат, бирок Хьюман Райтс Уотчтун маалыматы боюнча, Талибан көзөмөлдөгөн аймактарда өтө аз сандагы кызматкерлер жетилген кыздардын мектепке баруусуна уруксат беришет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аялдар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр
Аялдар коомдук турмушка да катышып, саясий кызматтарды аркалап, ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатышат. 1000ден ашуун афган аялдары 2019-жылга чейин өз бизнестерин ачышкан - Талибандын тушунда мындайга тыюу салынган.
Эми конституция аялдардын парламенттин төмөнкү палатасында кеминде 27% орун ээлеши керектигин белгилеп, учурда алар 249 орундун 69н ээлеп, бир аз ашып кеткен.

Жашоо дагы кандай өзгөрдү?
Бүткүл өлкө боюнча көптөгөн инфраструктуралык көйгөйлөргө карабастан, уюлдук телефон жана интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү өсүүдө. 2021-жылдын январь айында 8,6 миллиондон ашуун адам - калктын болжол менен 22% Интернетке кире алышкан жана учурда миллиондогон адамдар социалдык тармактарды колдонушат.
Уюлдук телефонду колдонуу дагы өсүүдө - адамдардын 68% га жакыны уюлдук телефонго ээ болушту. Бирок БУУнун маалыматы боюнча, мобилдик байланыштын маал-маалы менен өчүрүлүшү байланышка залакасын тийгизип жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистанда чоңдордун 80% га жакыны банк эсебин колдонбойт, бул төмөн кирешелүү өлкөлөр үчүн орточо көрсөткүчтөн жогору. Коопсуздук маселелери сыяктуу эле, Дүйнөлүк Банк буга негизинен диний жана маданий ишенимдер, каржы тармагына ишенимдин жоктугу жана каржылык сабаттуулуктун төмөндүгү себеп болгонун айтууда.
Бирок банк жаңы долбоорлор жакынкы беш жылда Афганистанда банк эсептерине ээ болгон чоңдордун пайызын эки эсе көбөйтүүгө жардам берет деп күтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тоо боорунда кадимки ылай үйлөр жайгашкан баш калаа Кабулда акыркы 20 жылда шаардын көрүнүшү өзгөрүлүп, улам өсүп бараткан калкты жайгаштыруу үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп келе жатат.
Талибан кулагандан кийинки жылдары Кабул тез урбанизация болуп, элдер согуш жүрүп жаткан элет аймактарынан келсе, 1990-жылдары Талибандан качкан афгандар да Пакистан менен Ирандан үйлөрүнө кайтышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апийим айылдын экономикасы үчүн маанилүү

Афганистан дүйнөдөгү эң ири апийим өндүрүүчү бойдон кала берүүдө жана британиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Улуу Британияга келген героиндин 95% ы Афганистандан чыгат.
БУУнун көрсөткүчтөрүнө ылайык, Афганистанда акыркы 20 жылда апийим өстүрүү кыйла кеңейди жана өлкөнүн 34 провинциясынын 12си гана апийим эгүүдөн алыс.
Бул фермерлерди анар же шафран сыяктуу өсүмдүктөргө өтүүгө шыктандырып, апийимди жок кылууга багытталган программаларды киргизгенге карабастан түзулгөн абал.
2001-жылы талиптер апийим өндүрүшүнө тыюу салган, бирок бара-бара апийим өстүрүү алардын өзүлөрү жана башкалар үчүн көп миллион долларлык киреше булагы болуп калды. Апийим өстүргөндөр көбүнчө согушкерлерге тапкан кирешесинен салык төлөөгө аргасыз болушат.
Саясий туруксуздук, кооптуу абал жана жумуш орундарынын аздыгы апийим өндүрүшүн көбөйткөн негизги себеп болуп эсептелет. (А.К.)











