Мандат чыры: Жогорку Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировду актады

ап

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Сот 18-майда экс-депутат Өмүрбек Бакировго карата чыккан Ноокат райондук сотунун 2023-жылдын 26-декабрындагы жана Ош облустук сотунун 2024-жылдын 7-мартындагы өкүмдөрүн жокко чыгарды. Буга анын аракетинде кылмыштын курамы жок экени негиз болгон.

"Эртеби-кечпи, бул чындык чыгышы керек эле, акыйкаттык орношу керек эле. Мен ушул чечимди күтүп жаткам. Эми жок нерсе жок эле болот да. Болбогон нерсени кантип болтурат. Райондук сот менен облустук сот өз чечимдерин чыгаргандан кийин Жогорку Сотко арыз бербей күтүп жаткам. Убагы келгенде анан берем деп күткөм", деп комментарийледи Бакиров сот чечимин.

2023-жылы мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакиров "2020-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган" деген айыпталып, Ноокат райондук соту 200 миң сом айып пул салган. Бул чечимди облустук сот күчүндө калтырган.

Өмүрбек Бакиров 2021-жылы №4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бирок 2023-жылы августта мандатынан ажыратылган. Буга анын атаандашы Равшан Рысбаевдин Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылганы жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазганы негиз болгон.

Бул Бакировдун парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийинки учурга туш келген.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Бакиров Ташиев менен урушуп кеткен жана Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш берген.

Өмүрбек Бакировдун ордуна атаандашы Равшанбек Рысбаев келип депутаттык мандат алган.