Талибан Борбор Азияга аскердик коркунуч келтирбейт, бирок...
Акчолпон Койчиева, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюссери
Талибандын Ооганстандагы жеңиштери жана Тажикстан менен болгон чек ара бекеттерин басып алышы коңшу өлкөлөрдө кооптонуу маанайын жаратууда. Би-Би-Си Кыргыз кызматы мунун Борбор Азия өлкөлөрүнө жана бул күндөрү болуп өткөн кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнө кандай таасир берерин билүү максатында Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат менен маектешти.

Сүрөттүн булагы, Wilsoncenter.org
Акчолпон Койчиева: Cоңку апталарда талибдер Ооганстан боюнча, өзгөчө өлкө түндүгүндө ондогон аймактарды өз көзөмөлүнө алды. Ал тургай өткөн аптада ооган өкмөтүнүн аскерлери Тажикстанга кире качкан учурлар болду. Ооганстандагы соңку кырдаал Борбор Азия үчүн эмнени билдирет?
Эрика Марат: Ооган аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасынан биринчи жолу өтүп жаткан жок. Буга көп көңүл бурулбай келген, бирок көрүнүш мындан ары деле кайталанышы мүмкүн, анткени талибдер улам көп аймактарды, анын ичинде ооган өкмөтү көзөмөлдөгөн туруктуу аймактарды басып алып жатат. Ооганстанга көз салгандар ал жакта болуп жаткан окуяларга таң калышкан жок, мындай болушу мүмкүн экенин айтып келишкен. Борбор Азияга эч кандай аскердик коркунуч жок деп ойлойм. Бирок наркотрафиктин күчөшү, анын айынан коопсуздук кызматы, аскер кызматкерлери арасында коррупциянын күчөшү жана, албетте, уюшкан кылмыштуулук күчөшү мүмкүн.
Акчолпон Койчиева: Ооганстандагы учурда курчуп жаткан абал Борбор Азия өлкөлөрүн чыйралтып, гео-саясий аймак катары бирдиктүү позицияда турушуна өбөлгө болобу же алар жалпысы менен Орусиядан демилге күтөбү?
Эрика Марат: Албетте, жалпы коркунучка каршы туруу үчүн Борбор Азия мамлекеттери кызматташуусу керек. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын Ооганстан менен чектеш аймактарында биргелешип иштешүү, ошондой эле жалгыз Орусия эмес, Европа Биримдиги, АКШ, Түштүк Азия, жалпы эле эл аралык коомчулук менен иш алып баруусу керек. Ошону менен катар аймактагы мамлекеттер укук коргоо органдарынын, аскер тармагынын ишиндеги ачыктыкты камсыздоого, коррупцияны жоюуга умтулса, алардын үстүнөн болгон атуулдук коомдук көзөмөлү күчтүү болсо, демократия күч алса өздөрүнө жакшы болмок. Анткени саясий плюрализм бар мамлекеттин сырткы коркунучка каршы турууга жол табуу мүмкүнчүлүгү да кеңири болот.
Акчолпон Койчиева: Талибдердин бул жылыштары Америка баш болгон НАТО аскерлери өлкөдөн чыгып жаткан маалда жасалууда. Бирок Американын Ооганстандан чыгышы анын жалпы Борбор Азиядагы кызыкчылыгынан баш тартуусу эмес да, туурабы?
Эрика Марат: Ооба, АКШ мамлекеттик департаменти жана коргоону күчтөрү Ооганстандан кетип жатып, аны толук калтырып койбойбуз деп белгилешкен. Алар талибдер менен күрөшүп жаткан ооган өкмөтүн колдоону улантат. Бирок бул кандай колдоо болорун азырынча айтуу кыйын. Кырдаал улам алмашып жатат. Талибдер улам Кабулга жакындап жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акчолпон Койчиева: Талибдер ошентип тажик чек арасына жакын келди. Ооганстандагы абал Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесине кандайдыр таасир тийгизиши мүмкүнбү?
Эрика Марат: Бул Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлерине жараша, алар азыркы кырдаалды кандай анализдеп, кандай тыянак жасарына жараша болот. Мамлекет аралык деңгээлде таасир болбосо керек, бирок чек ара аймактарында наркотрафиктин күчөшүнөн улам аскерлер эмес, уюшкан куралчан топтор ортосунда кагылышуулар болуп, туруксуздукка алып келиши ыктымал.















